(Башы өткөн сандарда)
Түнү менен «эмне кылсам?» деп ойлондум. Качпай эле койсомбу деп кайра ойлоном, биртке алтын тыйын үчүн мени жок кылып салышка чейин барышпаса керек. Коркконго кош көрүнөт болдубу дейм кайра. Булар деле болбогон акча үчүн адам өлтүрмөк беле, жооп бериши да бар да. Жок эле нерсеге коркуп жатат окшойм. Азырынча жүрө турайын, бир нерсенин шегин билсем качып кетиш оңой эле да.
Муслим ошол бойдон көрүнгөн жок, мен да жүрө бердим, күндөгү жумуш. Сыр бербей жүрөм. Акимыч да күндөгүдөй эле, сыр алдырбайт, мени эч нерсени түшүнбөдү деп калган окшойт. Ар кимден кененирээк маалымат сурагым келет. Керимден да бир-эки жолу сурап жиберейин деп токтоп калдым. Күндө кечинде телефондон интернетке кирип алтын тыйындар, келемиштер жөнүндө ар кандай маалыматтарды окуй баштадым.
Окугандарыма караганда, көр келемиштер жыландар сыяктуу эле алтынга өч болушат экен. Алтын үчүн адамдарга кол салып, тытып жеп салган окуялар болуптур деп жүрөт, чынбы-жалганбы билбейм. Эми адамдын оюна келгис окуялар бар экен. Армениялык бирөө жазыптыр, болгон окуя имиш. Бир киши тоолуу айылда жашаптыр, күндө бир чакан тоонун капталынан бир нерсе жылтырайт экен. Эмне болду экен деп атайын чыгып издеп, бирок эч нерсе таппаптыр. Эртеси дагы деле баягы көрүнүш, күнгө чагылышып бирдеме жылтырайт. Бир күнү күчтүү дүрбү таап келип карап отурса, бир көр келемиш ийининен чыгып көпкө чейин эки жакты тыңшап туруптур да, акыры айланада эч ким жоктугуна көзү жеткенде ийининен беш-алты метр алысыраак, күн жакшы тийген, таштын үстүнө ондон ашык алтын теңгелерди алып чыгып күнгө кактап жайып коюп, ийинине кирип кетиптир. Баягы киши шаша-буша тоого чыгып барса баягы алтын теңгелер жок, көр келемиш адамды дабышынан эле сезип, алтындарды ийинине ташып кирип кетиптир. Ошол бойдон үч-төрт күн алтынын алып чыкпаптыр келемиш. Баягы киши күндө дүрбү менен карап коёт. Дагы бир күнү караса алтындар күнгө жайылып калыптыр. Ал күнү барбаптыр да, эртеси эрте алтын жайган жерге жакын барып, келемиш жытымдан билип койбосун деп, шамал тескери айдаган жакка отуруп алып күтүптүр. Күндөгү маалда көр келемиш алтындарды алып чыгып жайып коюп ийинине кирип кеткенде тиги киши алтындарды алып кетип калыптыр. Тээ алысыраак барып, эми келемиш эмне кылар экен деп дүрбү салып отурса ийинден чыгып алтындарын ордунан таппай калып, чыйылдап ар жак, бер жакты издеп, ары чуркап, бери чуркап акыры алтындарын жоготконуна көзү жеткенде жүрөгү жарылып өлүп калыптыр.
Бул эми эл оозунда айтылып жүргөн уламыш, чынбы-жалганбы, ким билет?..
Ар кандай маалыматтарды, окуяларды окудум, кыскасы.
Бир күнү туристтер тоого чыкмакчы болуп, баштоочу адам менен тоого жөнөдүк, туристтерди бир кооз жерге алып барып коюп, алар сүрөткө, видеого түшүп, ар кандай оюндарды ойноп, айтор, тынышпайт. А мен көлөкөдө эле отурам.
Топтун башчысы жашы кырктын тегерегиндеги, көздөрү тостойгон, орто бойлуу, курсак салган, бакылдап сүйлөгөн, ичинде кири жок Абыш деген адам. Бекерчиликте деп ар нерсени сүйлөп берет. Ошол билиши мүмкүн деп сөздү мазарлардан баштадым, ар мазарлар жөнүндө айтып отуруп акыры баягы биз барган шаркыратмадагы мазарга келди.
– Ал жер Жылан мазар деп аталат. Улуу Ата Мекендик согуш башталардан төрт-беш жыл мурун ушул тоону, тиги шаркыратма чыккан асканы бир согуштук учак сүзүп кыйраган экен. Ошондон кийин ошол мазардын айлана-тегерегин абдан көп жылан байырлап, ал жерге адамдар бара албай калган имиш. Кийин жыландар менен көр келемиштер ошол жерди талашышканбы, айтор, ал жерден агып чыккан дарыяга жыландар менен келемиштердин өлүгү толуп, акыры жыландар жеңилген окшойт, кийинчерээк ал жерде жылан калбаптыр. Ошондон кийин асканы көр келемиштер ээлеп жашап калышыптыр. Ал жерди ыйык дешип, ар жылы эрте жазда жергиликтүүлөр барып сыйынышып, бара-бара мазарга айланып кетиптир. Ошол асканы сүзүп кыйраган учактын ичинде алтын болгон. Бирок кийин аскерлер келип издешип, эч нерсе таба алышкан эмес дешет ошол жерде жашаган тургундар. Согуштук чакан учакта каяктан алтын болмок эле, бекерчилердин сөзү да,- дейт Абыш.
– Былтыр ошол шаркыратма түшкөн аскага чыгам деп Германиядан келген эки бир туугандар өлүшкөн. Бири асылып түшкөн жиби үзүлүп кетип ооруканага жетпей жолдо өлгөн. Экинчиси болсо ошол түнү дайынсыз жоголгон. Бир күндө эле экөө тынчыган да. Дайынсыз жоголгону ошол боюнча табылбады. Милиция бир ай издеген. Германиядан туугандары келип, «тапкан адамга он миң доллар беребиз» дешип, үч айылдын эли түрө кыдырып издешкенбиз. Табылбай кетти ошол бойдон. Акимычты милиция суракка ала берип, акча берип жатып араң кутулду окшойт,- деп калды. Ичимден кымыңдай түштүм. Жиптин учу чыга баштады.
– Акимычты эмнеге суракка алат, ошондон көрүштүбү?
– Жок, эй, алар Акимычтыкына келгендер да, Акимыч келген туристтерди карап, коопсуздугуна жооп берет. А тигилер күндө эле тоого чыга беришсе, күндө артынан карап жүрө албайт да. Алар өздөрү да эч кимге айтпай эле эрте туруп кетишчү экен.
Ойлонуп калдым. Кой эми, ушунчасы болор азырынча, ушул жагын деле "аш кылып алайын" деп сөздү башкага бурдум. Айтып болбойт эле, Акимыч мындан мени менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн сурап калса... Кыскасы, этият боло берейин. Бул адамды деле жакшы тааныбагандан кийин, ичинде эмнеси бар, ким билет.
Кечинде үйдө жатып алып ойлондум, демек, кыркынчы жылдарга чейин ал жер мазар болгон эмес. Анан кокусунан эле жыландар пайда болсо, артынан келемиштер келсе. Бири-бири менен кырылышса. Алтынды талашып кырылышканы түшүнүктүү эле да. Жанагы туристтин ошол аскадан кулап өлгөнү да таң калыштуу. Айтор, дагы сураштырыш керек, ал жерде көп алтын болушу мүмкүн. Мен көргөн алтындар келемиштер күнгө жайганы алып чыгышкан бир бөлүгү эле болушу ыктымал. Анан дагы ал жерде алтын бар деген имишти бул айылдыктардын баары билет экен.
Керим менен эле сүйлөшпөсөм, дээрлик эч ким менен деле мамиле кылбайм. Өзүмдүн ишимди кылып коюп, көлгө түшөм, уктайм же телефон тиктеп жатмай. Мени менен сүйлөшкөнгө деле эч кимдин убактысы жок, жумуш таңкы саат алтыда башталып, түнкү он бир, он экиде бүтөт. Дем алыш күн жок. Акимыч акчасын жакшы төлөгөндүктөн, сезондо иштеп алалы дешеби, баары чуркап иштешет. Конок үзүлбөйт, чет өлкөлүк туристтерден тышкары ички саякатчылар да келишет экен.
Акимычка болсо көбүнчө кеч киргенде көп кишилер келип кетишет. Көпчүлүгү спорттук дене түзүлүштөгү, кебетеси суук адамдар. Көпкө чейин отуруп кетишет. Муслим да кээде пайда болуп калат.
Аманды болсо бул жерге жаңы келгенимде көргөн бойдон жолуга элекмин, анда-санда гана телефондон сүйлөшпөсөк, байланыш деле жок.
Эч ким жокто баяга аскага чыгып көрсөмбү деп да ойлоном. Эгер Акимыч артымдан аңдып жүргөн болсочу, бир нерсеси бар үчүн мени чакырган да. Дароо эле оюнан кайтпайт, Акимычка окшогон адамдар күткөндү билишет, керек убакка чейин такыр сыр алдырбай күтө алышат. Мен да ыңгайлуу учурду күтөйүн деп чечтим.
Негедир Гулини көп ойлочу болдум. Башында жакпаган кылык-жоруктары деле билинбей, аны көргөндө көңүлүм ачыла түшөт. Анын дагы мага мамилеси өзгөрө баштады. Чынында сулуу деп айта турган кыз эле, апасы уйгур, атасы кыргыз экен. Бою узун, ак саргыл, көздөрү корей кыздарыныкына окшош. Ар дайым өзүнө жарашыктуу, тыкан, таза кийинип жүрөт. Чачын такай "хвостик" кылып байлап алат.
Мага жакканы эч жасалмалуулугу жок, ачык-айрым, оюндагысын тарс-тарс айтып салат...
(Уландысы кийинки санда)