ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН ЭҢ БАЙ АКТРИСАСЫ ЧОН ЖИ ХЁН

Аны “Корей сериалдарынын ханышасы” дешет. Сулуулугу, экранда жасалмалуулугу жок таланты менен көпчүлүктү багындырган Чон Жи Хён бир нече жылдык тыныгуудан кийин кайрадан экранга кайтканы турат. Эгер актриса, модель Чон Жи Хёндун жашоосуна кызыксаңыз, төмөнкү макала сиз үчүн.

Толук аты-жөнү: Ван Жи Хён

Псевдоними: Чон Жи Хён (англисче аты Жианна Чон)

Туулган жылы: 1981-жыл, 30-октябрь

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою: 172 сантиметр

Жылдыз белгиси: Чаян

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, 2 уулдун энеси

Лейбл: J&Co. Entertainment

Сериалдары: «Жүрөгүмдү багындыр», «Бирге бактылуубуз», «Жылдыздан келген адам», «Көк деңиз уламышы»

Тасмалары: «Тентек кыз», «Деңиз жээгиндеги үй», «Кан. Акыркы вампир», «Уурулар», «Кол салуу» жана башка

КЕСИП ТАНДОО

Кинолордон көргөн стюардессалар ага укмуш сулуу сезилчү. Жарашыктуу форма кийип, чачын тыпырайтып түйүп алып дайыма жылмайып жүргөн кыздарды жактырып, келечекте ким болорун да чечип койгон. Бирок биринчи жолу өзү чыныгы учакка отуруп учканда эле ал оюнан кайтты. Анткени учакта өзүн жаман сезип, стюардессаларга суктанганга да алы келген эмес.

Кичинесинен бою узун, татынакай Ван Жи Хёнго балдар эле эмес, кыздар да суктана турган. Достору "модель же актриса бол" деп кеңеш беришчү. Бир ирет курбулары менен сейилдеп жүргөн Жи Хёнду «Ecole» журналынын редактору көрүп, кастингге чакырат. Анын эң алгачкы модель катары сүрөтү 1997-жылы дал ушул журналдын биринчи бетине басылып чыккан. Кийинки эле чакыруу дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу бренддердин бири болгон «Samsung» компаниясынан түшүп, жаш сулуу аталган компания чыгарган принтерлердин жарнамасына тартылган. Ошондон бери актриса «Samsung» компаниясы менен иштешип келе жатат.

ДҮЙНӨГӨ ТААНЫЛГАН АКТРИСА

Актрисалык карьерасы 1998-жылы «Жүрөгүмдү багындыр» сериалына тартылуу менен башталган. Анын атын бир гана Кореяга эмес, Азия өлкөлөрүнө тааныткан тасма 2001-жылы «Шок кыз» аталышында чыгып, тасмадагы ролу үчүн Жи Хён «Эң мыкты актриса» наамын утуп алган. Дал ушул шок кыздын образында тартылып берүүсүн өтүнгөн жарнама берүүчүлөр быжырап, актрисанын капчыгы калыңдаган. Андан кийинки бир нече жыл аралыгында тартылган тасмалары анчалык ийгилик жараткан жок. 2009-жылы бир нече өлкөнүн катышуусунда тартылган «Кан. Акыркы вампир» тасмасы Жи Хёнго кайрадан ийгилик алып келди. Ал биринчи жолу англис тилдүү тасмага тартылды, чет элдик актёр-актрисалар менен иштешти, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө Жианна аты менен таанымал болду. Жианна үчүн жакшы тажрыйба болгону менен, 30 миллион доллар сарпталып тартылган тасма дүйнөлүк прокатта жалпысынан 8-9 миллион доллар эле чогулта алган.

Андан кийинки чет элдик тасмасы «Кар гүлү» (2011-жыл) деп аталып, анда анын өнөктөшүн айтылуу «Х адамдар» тасмасынын жылдызы Хью Жекман ойногон.

АЛ ТАРТЫЛГАН СЕРИАЛДАР АЗ, БИРОК САЗ

Жи Хён күткөндөй Кореядагы кассалуу тасмалардын бири 2012-жылы чыкты. «Уурулар» тасмасында Жи Хён менен актёр Ким Су Хён биринчи жолу чогуу тартылышкан. Тасма ошол жылдын популярдуу жана көп каражат чогулткан эмгектеринин катарына кирет. Каарманымдын фильмографиясында ал тартылган сериалдар аз, бирок саз, 10го жетпейт. 2013-жылы Ким Су Хён экөө кайрадан биригип, Кореяда эле эмес, ондогон өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да популярдуу болгон сериалга тартылышты. Ал – «Жылдыздан келген адам» дорамасы. Бул сериал чынында баш каармандардын экөөнүн тең багын ачты. Экөө тең азыркы кезге чейин эң көп гонорар төлөнгөн актёр-актрисалардын сап башында турушат.

2016-жылы Ли Мин Хо экөөнүн «Көк деңиз уламышы» дорамасы да бир канча мамлекетте жогорку рейтингди багындыра алды. Андан бери экрандан көрүнбөгөн актриса «Чирисан тоосу» сериалына тартылууга макулдук бергени тууралуу маалыматтар бар. Буюрса, сериал 2021-жылы эл назарына коюлмакчы. Анын кезектеги образын күткөндөр көп, арасында мен да бармын.

2 УУЛДУН ЭНЕСИ

2012-жылдын 13-апрелинде актриса Чве Жун Хёк аттуу мырзага турмушка чыкты. Экөөнүн үлпөт тою эң кымбат делген «Shilla» мейманканасында өткөн. Аталган мейманкананын ижара акысы эң кем дегенде 100 миң доллар турары маалым. Үй-бүлө статусун алган түгөйлөр ага чейин көп жылдар бою достук мамиледе жүрүшкөн. Чве Жун Хёк да жөнөкөй адамдардан эмес, бир нече жогорку билими бар, бир нече өлкөдө ишкерлик менен алектенет. Анын чоң энеси корейлердин улуттук кийими болгон ханбоктордун белгилүү дизайнери Ли Ён Хи, апасы да модельер, атасы ишкер, Кореядагы ири компаниялардын бирин жетектейт.

Жеке жашоосун болушунча сыр тутканга аракет кылган түгөйлөр учурда 2 уулду тарбиялап келишет.

БАЙЛЫГЫ

  • Чон Жи Хён 2005-жылдан бери гонорары жогору актрисалардын алдыңкы катарында. Ал дорамадагы ар бир серия үчүн 84 миң доллардын тегерегиндеги каражат алат.
  • Бирок гонорардан дагы ал жарнамалык келишимдерден көбүрөөк каражат табат. Анткени ал бир гана Корея эмес, Япония, Кытай жана башка мамлекеттердеги ири компаниялардын жүзү.
  • 2011-жылы актёр-актрисаларды, ырчы-бийчилерди таптаган, аларга продюсерлик кылган «J&Co Entertainment» агенттигин негиздеген.
  • Чон Жи Хёндун жынсы кийимдерди чыгарган «Gianna by True Religion» аттуу компаниясы бар.
  • Актриса Түштүк Кореядагы кыймылсыз мүлкү көп атактуулардын катарына кирет. Алардын бирин мисал кылсак, 2017-жылы ал баасы 29 миллион долларга чукул каражатка Сеулдагы эң престиждүү делген Каннам районунан имарат сатып алган. Имарат жалпысынан 1040,95 м2 аймакты ээлеп, анда ресторандар, дүкөндөр жана башка кеңселер жайгашкан. Чон Жи Хён алган бул имарат мейманканалар, соода борборлору менен курчалган, андан сырткары метрого чейин 7 мүнөттүк гана жол. Эксперттер ыңгайлуу аймакта жайгашкан имараттын баасы жылдан жылга көтөрүлөрүн айтышат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Afrodita1993
2020-09-28 16:56:26
Сонун актриса!!!!
+3
lazygirl
2020-10-01 09:04:43
Мага олло жагат.
0
friendwipkg
2020-10-03 10:51:59
Эри бар экен го мунун. Мага жакпай калды.
0
nurperi8981
2020-10-04 23:52:29
Тааныбайт экемин
0
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан