БАТКЕНДЕ БИР ТУУГАН АГАСЫНЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛИП ИНИСИ КАРМАЛДЫ

2020-жылдын 12-сентябрь күнү Баткенде адам өлтүрүү кылмышы катталды. Бул кылмышка шектелип маркумдун иниси кармалганын укук коргоо органдарынан кабарлашты. Үй талашуудан чыккан чырдын аягы адам өмүрүнүн кыйылышына алып келгени айтылат маалыматта. Окуя Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак айылында болгон.


“ЖАБЫРЛАНУУЧУ ОКУЯ БОЛГОН ЖЕРДЕ КАЗА БОЛГОН”

Окуя тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти:

– 2020-жылдын 12-сентябрь күнү Баткен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кыштут айылынын тургуну өз үйүндө белгисиз себептен улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Баткен РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барган. Каза болгон жаран ошол айылдын 63 жаштагы тургуну болгон. Маркум бир тууган иниси тарабынан сабалып, алган жаракатынан улам каза болгондугу аныкталган. 63 жаштагы маркум Кыштут айылында 81 жаштагы апасы менен бир үйдө жашагандыктан, анын бир тууган 46 жаштагы иниси “сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсың” деген сөздөрдү айтып, чырдан улам уруш чыгып, агасын ур-тепкиге алып, муунтуп салган. Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

“ЭНЕСИН КОРКУТУП, КОЛ КОЙДУРУП АЛГАН ЭКЕН”

Бул тууралуу Чарбак айылынын башчысы Баридин Султанов буларды билдирди:

– Окуя болгон үйдө 63 жаштагы киши менен анын апасы жашашчу. Иниси ошол апасы менен агасы турган үйдү талашып, ошондон бул иш болуп жатпайбы. Негизи иниси башка айылда жашачу. Үй-бүлөсү менен чырдашып, бул жакка келген экен. Эми бул кылмышка ичкилик себепкер десем болот. Окуя болгон күнү апасы да үйдө болгон экен. “Кой десем болбой койду” деп жатат. Апанын жашы сексенден ашып калган, улгайган. Азыр башка айылдагы уулунун үйүндө жашап жатат. 4 уул, 3 кызы бар эле, эки кызы, кичүү уулу каза болуп калышкан. Бир кызы башка айылга турмушка чыккан, залалдуу шишик дартынан жабыркап, оору менен алышып үйүндө жатат. Кылмышка шектелип жаткан уулу мурда энесин коркутуп кол койдуруп, үйдү өзүнүн наамына жаздырып алган экен. Туугандары “эми кылган күнөөсүн моюну менен тартсын” деп жатышат. “Мамлекеттик каттоого барып үйдү кайра апаңарга өткөрүп алгыла” деп айтып келдим. Кабыргалары, колу сыныптыр. Өлөрүнө карабай сабаптыр агасын. Короого эч кимди киргизбей койгон экен, биз милициялар келгенден кийин бардык. Барсак мас абалында экен, "өлтүрүп койдум" деп туруптур. Баарынан да апасына кыйын болду, үй-бүлөнүн жашоо-шарты орто эле болчу.

"ЖЕҢИНДЕГИ КАНДЫ КӨРҮП НЕС БОЛУП КАЛДЫМ"

Атын атагысы келбеген айылдын тургуну буларга токтолду:

– Биз кошуна жашайбыз. Окуя болгон күнү үйдө болчубуз. Жакшы тамак жасаганда кээде кошуна апага тамак алып барып турчумун, ошол күнү да баргам. Ал маалда тынч эле болчу. Анан бир кошунабызга апанын небереси телефон чалып, “агамды шатыдан кулап кетти деп жатат, үйгө барып көрүп койгулачы” деген экен. Биз чогуу бардык, барсак апа сыртта отурган экен. “Эмне болду, жакшы элесиздерби?” десек, “бала өлүп калды” деди. “Жана жакшы эле эмес беле, шатыдан куласа өлбөйт” десем, “өлбөсө оозуңа май” деди. Кирип көрөлү десек, тиги баласы чыга калып бизди киргизбей койду. Кийиминдеги, жеңиндеги кандарды көрүп мен деле нес абалда калдым. Кийин милиция, туугандары келди.

Бул апанын төрт уулу бар болчу. Колунда кала турган кичүү баласы каза болуп калган. Улуу баласы бир жылдан бери апасын карап ошол үйдө жашап жаткан. Аялы менен ажырашып кеткени болбосо өзүнүн жери, үй-жайы бар. Балдары менен байланышта болчу. Алар келип-кетип турушчу. Жакшы байке болчу. Москвадан келип үйдө алар менен чогуу жашап жаткан ортончу баласы агасына “ушул жактан кетпей жүрө бересиңби?” деп чыр салган экен. Бул окуя апага оор тийди. Өлгөн баласын же тирүү баласын айта албай, аябай катуу стресс болду. Окуя болгон үй азыр бош калды. Маркум коңшу айылда жашаган инисинин үйүнөн акыркы сапарга узатылды.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mira8586
2020-10-04 01:09:28
Эмне деген шумдук ,уйду деп ыймандан чыгып бир тууганды олтурсо озу турмого кетти ....
0
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан