Коронавирустун жаңы түрүн адамдарга зыян келтирбестен жок кылган ультра кызгылт (UV) нурларын чыгаруучу "Care 222" шайманы ойлоп табылды. Аны жарык берүүчү жабдууларды жасаган Ушио аттуу япониялык жаран Колумбия университети менен биргеликте чыгарган.
Бул шайман микробдорду өлтүрүп жатканда адамдарга зыян келтирбейт, ал автобустарды, поезддерди, лифттерди жана башка кеңселерди дезинфекциялоодо колдонулат. «Care 222» 2,5 метр аралыктан вирустун жана бактериялардын дээрлик 99 пайызын жок кыла алат. Ушио деп аталган шаймандан чыккан ультра кызгылт нур адамга зыянсыз экендигин билдирди. Муну Хиросима университети сынап көрүп тастыктаган. Шаймандын салмагы 1,2 килограммды түзөт, ал 2860 долларга бааланган. Азырынча "Care 222ге" саламаттыкты сактоо мекемелери гана буюртма бере алат.
Жумабай Акимов