Улуу Британияда дарыгерлер сүткө чакап, жүрөгү токтоп калган 17 күндүк баланы куткарып калышты. Бул тууралуу англиялык “The Sun” басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Берти аттуу наристе сүт эмгенде өпкөсүнө бир тамчысы кирип кеткен. Натыйжада Берти дем ала албай, жүрөгү токтоп калган. Өпкөсүндөгү сүт анын дем алышына тоскоолдук кылып, мээсине кычкылтек жетишпей калган.
Дарыгерлер баланын өлүп калышы мүмкүн экенин айтып, ата-энесине ымыркайдан үмүт үзгүлө деген. Бирок кийинчерээк баланын жүрөгү согуп баштаган. “Биз ал аман калат деп ойлогон эмеспиз. Дарыгерлер мага Берти керемет менен аман калганын айтышты, алар бала өзүн жакшы сезгенине ишенбей жатышты”,- дейт апасы Тоник Спенсер.
Жумабай Акимов