(Башы өткөн сандарда)
Унчукпай келип тамакты тумбочкага койду эле, колу менен шилтеп жиберди. Тамак төгүлүп, жер жайнап жатып калды.
– Сенин колуңдан тамак ичкенче...
– Хм, менин колумдан ичкенче уу ичем деңиз?
– Жогол дедим! Аларыңды алдың, менден эмне керек сага?
Аяна жаны кашайып турган көздөргө карады. Карегине жаш толуп турган чарасыз аял өзүнө ушунчалык окшош эле. Андан да оору – апасына окшош болчу. Жаны ачып кетти. Өзүнө, алдында турган аялга, бул тагдыр деген таң каларлык нерсеге байлангандарга жаны кейиди. Апасына, балдарына, Искендерге...
– Мен өз эрким менен келген жокмун. Искендер... Ал мага сизди тапшырды. Жабышып алат деп ойлобоңуз. Сиз менен тууган болоюн, дос болоюн деген түк ниетим жок. Айыкканга чейин гана... Менин айымдан жардамга муктаж, эч кимиси жок аялды таштап кете албадым. Болгону ушу. Башка мага сизден эч нерсенин кереги жок.
– Чыгып кет!
– Кетем, бирок кайра келем. Жардамчы кызыңыз сизди жакшы карабай жатыптыр. Мен башкасын алып келем. Ал врач. Сизге жардам берет.
Аяна ушуларды айтты да, чыгып кетти. Жерде чачылып жаткан нерселерди карап Айтурган кала берди.
ххх
– Кеп ушундай, Салима, сен эми мен айткан дарыгер катары анын жанында болууң керек.
– Менин балдарым, үй-жайым бар. Жинди болдуңбу, эже?
– Балдарыңды апам карайт, менин балдарым менен чогуу эки айдай жүрүп турат. Үй-жайды күйөөңө айттым. Карайм деди.
– Эмнеге биз бул аялга жардам беришибиз керек?
– Аны бутуна тургузуш керек. Эң биринчи медициналык жардам, жанында ишенимдүү бирөө болгону керек. Мен чет жактан да караштырып жатам.
– Сен жинди болуп калыпсың, эже, чын айтам. Башында Искендер, эми аялы. Сен өзүңдө эмессиң. Мен каршымын буга, капа болбо, бирок менин колумдан келбейт.
– Салима!
– Эмне, эже?
– Ал... Ал деген. Эсиңдеби, апам 17 жашында бир жетекчи болуп жүргөн адамдан боюнда болуп, ал баланы төрөтүп алып калганын айткан?
– Ооба.
– Айтурган ошол адамдын кызы. Биздин апабыз менен ошол адамдын кызы.
– Эмне-е?
Салиманын көздөрү бакырайып кетти.
– Мүмкүн эмес!
– Мен да ошенткем. Бирок мүмкүн экен. Бул кинолордо эле боло турган окуя. Айтсаң эч ким ишенбейт.
– Чынын айтсам, сенин жашооң сериалдардан да өтүп кетти. Ким ойлоптур, дагы деле мээме сиңире албай жатам. Сен кантип билдиң?
– Искендер билчү экен. Бирок мага да, ага да айта албай, чайналганы ошондон болсо керек. Урмат деген досу айтты. Аудио менен сүйлөшүшкөн экен, ошолорду жиберди, кааласаң сен да ук.
Телефондогу аудиону угуп жатышты. Искендердин үнү экен. Аябай чарчаңкы экени үнүнөн билинип турду.
– Эки аялдын ортосунда, анан да эже-сиңдинин ортосунда чайналам деп эч ойлогон эмесмин. Муну билгенде асман көңтөрүлүп эле үстүмө түшкөндөй болду. Кимисине эмне айтарымды билбейм.
– Экөө бир тууган экенин сен кайдан билип жатасың?- деди Урматтын үнү.
– Айтурган аябай эрке чоңойду. Бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Атасы менен апасы көзүнүн кареги менен тең айланып чоңойткон. Бирок өлөрүндө кайын энем бизге бул сырды ачты. Көрсө, ал киши такыр төрөбөгөн экен. Кайын атам жаш кыз менен байланышып, анын боюнда бар экенин укканда баланы өздөрүнө алып калууну да кайненем ойлоп тааптыр. Ошол боюнча Айтурганды алып калышыптыр. Эч кимге билгизбей үйүндө кармап отуруп өздөрү төрөтүп алып калышыптыр. Эч ким билбеген бойдон калган экен. Кийин кайын атам каза болгондо кемпирине сырды ачып кетишин өтүнгөн экен. Ошондо биз бир балалуу болуп калган кезибиз болчу. Айтурган биринчи укканда нес болду. Кийин өз апасын жек көрдү. Андан соң өзү Эрболдон кийин төрөй албасын билгенде жалгызсырадыбы, апасын издемей болду. Биз көп издедик. Апасы Нарынга турмушка чыгып эки кыздуу болуп, анан бир жаш жигит менен качып кеткенин билдик. Андан кийин эмне болгонун эч ким билбейт. Ошол боюнча изин таппай калганбыз.
– Сен кайдан билдиң апасы Бактыгүл эже экенин?
– Сүрөттөн билдим. Айтургандын атасында апасынын жаш кезиндеги бир гана сүрөт калган экен. Кийин Аяна менен барып апасын тапканда бул окуяны бир жерден уккандай боло бердим. Чыдабай бир күнү Аяна жокто сүрөттү алып Бактыгүл эжеге бардым. Ал сүрөттөгү өзү экенин, 17 жашында бир адамга белек кылганын айтты. Менде кайдан бул сүрөт жүргөнүн сурады. Мен ар нерсеге шылтоолоп койдум. Анын үстүнө ал киши күчтүү дарыларды ичип жаткандыктан эс-тутуму начар эле. Бул окуяны казып сураган жок. Ошентип мен Айтурган менен Аяна бир тууган эже-сиңди экенин билдим.
– Эми эмне кыласың?
– Мен билбей калдым. Сен айтчы, досум. Менин ордумда болгондо сен эмне кылмаксың?
– Кудай сенин ордуңда болгондон сактасын, Искен, башка эмне дейин, досум?
– Муну билсе экөө тең мени жек көрүшөт. Элестет, өзүм да билбей, эже-сиңди менен байланышып калганымды. Мындай нерсени жүрөгүм көтөрө албайт. Бир күнү өлүп калсам, чындыкты сен Аянага айт.
– Дөөрүбөчү, эмнеге өлмөк элең?
– Мен өлөрүмдү сезип жүрөм, Урмат. Ичимде бир үн аз убактым калганын айтып жатат.
– Жети түндө жаман сөз айтпачы. Болду, эртең сүйлөшөбүз. Саат үчтө ойготуп алып бөлүшкөн сырын айт.
– Сенден башка кимге айтам? Кичине кызып калдым да, анан сага чалдым.
– Эс ал, Искен, баары ордуна келет. Сен укта.
– Макул.
Аудио өчтү. Аяна менен Салима томсоруп отуруп калышты.
– Демек, биздин эжебиз – Айтурган.
– Ооба, эми ойлоп көр. Аны жалгыз калтыра алабызбы?
– Эже, ошондо биз ата-энебиздин күнөөлөрүн тартып жатабызбы?
– Билбейм. Бир билгеним, бул окуядан баарыбыз аман-эсен чыгып кетишибиз керек. Айтурганга эч нерсени билдирбе. Мен жакындасам жеп койгусу келип жатат. А сен анын тилин табасың.
– Карасаң, эмнеге мен табат экенмин?
– Салима, сен сонун кызсың. Сен шайтандын да тилин табасың. Анан өзүңдүн да күнөөң бар. Апамды табам эле табам дедиң. Мына эми, аркасы мындай болду.
Салима ойлуу отуруп калды. Аянаны аяп карады.
– Сен бул дүйнөдө жолуктурган эң күчтүү адамсың. Ошону билесиңби?
Аяна Салиманы кучактай берди. Көздөрүндөгү жашты коомай аарчышкан экөө эми Айтурганды кантип бутуна тургуза турганы тууралуу план түзүп киришти.
ххх
Салима ачкычты бурап үйгө акырын баш бакты. Үч бөлмөлүү үй бомба түшкөндөй чачык. Тымтырс. Жаткан бөлмөгө кирди. Дааратканага жете албай, алдын алмаштырганга киши жок бөлмө укмуш жыттанып кетиптир. Аял жаалданып бир нерсе дейин деп баратып өзүнүн абалын байкадыбы, үн катпай калды.
– Саламатсызбы, мен сиздин жаңы жардамчыңызмын.
Салиманын жумшак үнү тиги аялдын жүрөгүнө дарыдай сезилди.
– Саламатчылык,- деди чарчаңкы. – Кел, атың ким? Чала берип чарчадым, агенттиктен сени жибериштиби?
– Ооба.
– Мени эң алгач сууга түшүр, бай болгур. Өлө турган болдум.
Айтурган азыр кайдан келди, ким жиберди деген маселени ойлогусу келген жок. Көрдөй жымжырттыкта бир адамдын үнү угулганына ыраазы болду. Ваннага салып, чачын акырын жууп жаткан кыздын жумшак колдоруна өзүн тапшырды.
Салима шайдоот, шайыр, эпчил кыз эле. Айтурганды сууга түшүрүп, азыраак тамак берди.
– Жүрүңүз, сизди сыртка чыгарып келейин, биз келгиче үй жыйнай турган кызматка чалдым, жакшылап бир жыйнап берип кетишсин. Ага чейин сиз менен сыртта таза аба жутуп туралы.
– Жок, мен сыртка чыкпайм!- деп кыйкырып жиберди Айтурган. Коркуудан денелери калтырап кетти. Ал үч айдан бери сыртка чыга элек болчу...
(Уландысы кийинки санда)