Кытайдын оюн жабдыктарын жаратуучулары өзгөчө отургучтарды чыгарып келишет. Буга мисал катары Кытайдын “Cluven” аттуу компаниясы тарабынан чыгарылган өзгөчө отургучту атасак болчудай. Аталган оюн отургучунун ыңгайлуу иш үчүн көптөгөн функциялары бар.
Cluvens Scorpion – бул компьютердик оюндар үчүн атайын ойлоп табылган отургуч. Ал кадимки чаяндын түзүлүшүн элестетет, анын “куйругу” мониторду адамдын бетине туштап кармап турууга ылайыкташкан. Отургучтун жөргөмүштүкүндөй буттары бар. Клавиатура үчүн тунук тирөөчү, чыканак коюла турган жери чаяндын эки кыпчууру катары жасалган. Автоматташтырылган башкаруу элементтеринин жардамы менен мониторго чейинки бурч жана аралык жөнгө салынат. Ошондой эле отургучта укалоочу жана жылытуу системи бар. Алты буттуу отургучтун салмагы 120 килограмм. Узундугу – 1,65 метр, ал эми туурасы – 1,19 метр.
Жибек Мурсакматова