ИЛОН МАСК 4 ЖЫЛДАН КИЙИН АДАМДАРДЫ МАРСКА ЖИБЕРЕТ

Америкалык миллиардер, бир канча ишканалардын ээси Илон Маск адамдарды 2024-жылга чейин Кызыл Планетага жөнөтүүнү көздөөрүн айтты. Анын пикири боюнча, 2050-жылга чейин ал планетада өзүн-өзү камсыздаган шаар курулушу керек. Бул канчалык татаал жана кооптуу болсо да, Илон Маск бул план аткарылышы керек деп эсептейт. Ошондой эле Маск тогуз жылдын ичинде адамдарды Марс планетасына алпарчу миңдеген аба кемелерин түзүүнү пландоодо. "Албетте, бул иш мынча мөөнөттүн ичинде аткарылабы же жокпу белгисиз, бирок Жердеги глобалдык жылуулук жана суу көйгөйлөрүнүн өсүшүн эске алганда, шашылыш керек",- дейт Маск. Миллиардер 10 жылдын ичинде көп жолу колдонулуучу 1000 космикалык кемелерди чыгарууну көздөйт. Бул кемелер Түндүк Техаста “SpaceX” компаниясы тарабынан чыгарылмакчы. Бир жылда 100 кеме чыгарылат. Масктын ою боюнча күчтүү аба кемелери Марска жылына 100 мегатонна жүк жеткириш керек.

Жибек Мурсакматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
akmanai
2020-09-29 23:15:58
Адамдын акылына чек жок. Албетте жараткандын жардамы менен.
0
oshondoiraak
2020-09-30 11:36:00
Аба жок барибир кайтышга туура келет
0
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан