АКШ APP STORE`дон TIKTOK ЖАНА WECHAT ТИРКЕМЕЛЕРИН ӨЧҮРДҮ

АКШнын Соода-сатык министрлиги 18-сентябрдан тарта өлкөнүн аймагында TikTok жана WeChat тиркемелерин иштетүүнү токтотту. Эми америкалык колдонуучулар бул тиркемелерди App Store жана Google Play`ден көчүрө алышпайт. Эгерде Кытай бийлиги өлкө аймагында iPhone`дун сатыкка чыгуусун чектесе, мындан “Apple” компаниясы жабыр тартат.

АКШнын президенти Дональд Трамптын пикири боюнча буга Кытай бийлиги себепкер. Президенттин администрациясы бул улуттук коопсуздукка коркунуч келтирерин билдирип, жарандардын коопсуздугун коргоо максатында тыюу салат.

Азыркы учурда TikTok`тун ээси чыр-чатакты жөнгө салууга аракеттенүүдө.

Жибек Мурсакматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан