Айнура Кыдыралиева, «Береке» бий тобунун жетекчиси: «ТҮШҮМДӨ КӨРГӨН ЫСЫМДЫ ТОПКО ЫЙГАРДЫМ»

Бий дүйнөсү

“Береке” бий тобунда 300дөн ашык бийчи тарбияланат. Бүгүн биз бул топтун көпчүлүк билбеген сырларын ачып берүүнү туура көрдүк.

“Береке” бий тобунун негиздөөчүсү – Айнура Кыдыралиева, 23 жашта.
3 жашынан баштап бий дүйнөсүнө аралашкан.
10 жашында хореографиялык ансамблде бийлеп, 11 жашында “Рахат” бий ансамблинде, андан кийин филармониянын алдындагы “Ак марал” бий тобунда бийлеп, такшалган. Германиядан бий жаатында атайын билим алып келген.

Айнура Кыдыралиева “Ак марал” бий тобунда жүргөндө өз алдынча бий ийримин ачууну көздөйт. Анын үйрөтүү стили эффективдүү болгондуктан, бийге шыктуулардын саны бир айда 100гө жеткен. Ошентип, 2007-жылы бий тобун түзүүгө жетишкен бийкеч топко ат берүүнү көздөйт. Ошол убакта Айнура сахнада апакай кийинип алып бир нече кыздар менен бийлегенин түшүндө көрөт. Ал топтун “Береке” деп аталганы эсинде калат. Ойгонуп, топ элге кызмат кылган берекелүү ансамбль болсун деп "Береке" атап койгон.
Топ экиге бөлүнөт: концерттик жана жөнөкөй бий сүйүүчүлөр. Концерттик топто 100гө жакын бийчилер бар. Алардын ону негизги курамда. Негизги курамдагы кыздар үч жылдан бери талыкпай иштеп келишет.
– Айнура, топто жалаң кыздар. Аларды кантип тарбиялайсың?
– Үч жүз кызда үч жүз мүнөз бар. Баары менен сый мамиледе болуп, тил табышуу оңой эмес. Бирок алардын ар бири менен жай отуруп сүйлөшүп, жөнгө сала алам. Бий сүйүүчүлөр тобуна караганда, концерттик топтогу кыздар менен көп убакыт чогуу жүрөм. Кыздар менин айтканымдан чыгышпайт. Алардын ата-энелери да мага толугу менен ишенишет.
– Мындай ишеничти пайдаланып, сенин атыңды саткан кыздар кездешеби?
– Ооба. Арасынан тартиби жогу да чыгат. “Айнура эже менен бир кечеге бийлегени барабыз” деп ата-энесин алдап, башка жакка кетип калган кыздар кармалган. Анан аларды топтон четтетүүгө аргасыз болгом. Бул "бир кумалак бир карын майды чиритет" дегендей эле кеп.
– Ич ара пикир келишпестиктерди кантип чечесиңер?
– Кээде мен кыздардын арасынан пикир келишпестиктерди байкап калам. Бирок мага жеткирбей эле өздөрү чечип коюшат. Негизи, кыздар ынтымактуу. Эгер сырттан башка бирөөлөр тийишсе, анда жемин жедиришпейт. Ушул жерде бир окуяны эстеп кеттим.
Спорт Ордосунда кайсы бир концертте кыздар белгилүү эле бий топтун бийчиси менен урушуп кетишкен экен. Ал кыз өтүп баратып, атайын бир кызды түртүп жиберген окшойт. Анан менин кыздарым жабылышып “разборка” кылышыптыр. Ошентип, өзү тийишкен кызды “берекечилер” ордуна коюп, экинчи тийишпес кылышкан.
– “Разборка” дегениңерге караганда, башка бий топтор арасында атаандаштык, пикир келишпестик болуп турат окшойт.
– Бий топтор арасында мындай учурлар көп болот. Бирок жаап-жашырылат. Атаандаштык башынан эле бар. Көбүнчө бий көргөзүү, костюмдар боюнча. Биздин костюмдар башкалардыкына салыштырмалуу дизайны жагынан мыкты. Ошондуктанбы, кийимдерибиз көп уурдалат. Бирок кээде көрө албастык кылып “бийге чыкпай калышсын” деп атайы уурдап кеткендери да болот. Бир жолу Неля менен чогуу чыгып бийлешибиз керек эле. Бир бийди бийлеп, экинчисине кийим которгону келсек, үч кыздын формасы жок. Издеп таппай, ошентип, курам толук бийлебей калган. Андай кайталанбаш үчүн азыр сак болууну үйрөндүк.
– Кандай бийлерди бийлейсиңер?
– Негизги басымды улуттук бийге койгонбуз. Мындан тышкары хип-хоп, R&B деле бийлей беребиз.
– Күз менен кошо тойлордун сезону келди. “Ставкаңар” канча?
– Биз бардык эле тойго бара бербейбиз. Кайсы жер, эмне той деп кылдаттык менен тандайбыз. Учурда заказ көп. Бир айга жетет. Ал эми "ставка" 3000ден жогору. 5-6 кыз барып бийлешет.
– Тойлорго көп чыгат экенсиңер, кыздардын коопсуздугуна ким жооп берет?
– Ал үчүн мен жана топтун аткаруучу директору Акыл Жеңишбек уулу жооп беребиз. Акыл биздин айлык албаган, алмаштыргыс жан сакчыбыз (күлүп). Аны менен бир жылдан бери иштешем. Ал менин жеңилимди жерден алган, топтун өнүгүүсүнө чоң салым кошкон адам.
– Кыздар кантип эс алышат?
– Өзүбүз акча таап жаткан соң эс алууга да көп көңүл бурабыз. Бул биздин ынтымагыбызды бекемдейт. Түнкү клубга, муз тебүүгө, кинотеатрларга баруу пландарыбызда.
– Эс алуу дегенди көпчүлүк ичимдиксиз элестетпейт. Дегеним, кыздар тамеки тартууга, ичкиликке кандай?
– Топко тамеки тартпаган, ичимдикке жолобогон кыздарды алабыз.
– “Берекенин” бийчи кыздарын кайсы клиптерден көрүүгө мүмкүн?
– Бекчоронун “Жаным ай”, Самат Дөөлөтбаковдун “Жаш баланын ыры”, Кундуз Канатбек кызынын “Сагынам” (кичинекей бийчилер) клиптеринде тартылышкан.
– Айнура, маегиңе рахмат. Элдин көңүлүн көтөргөн бий топторунан болгула!

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Belek
2010-10-02 22:54:12
Talantynarga taazim. Myndan ary da orkundop oso bergile!!!
0
aminali
2010-10-03 03:32:41
BIRIN$I jolu okup jatam uwundai tob bar ekenin.
0
Nura
2010-10-05 13:22:53
Айнура Кыдыралиева озу да бийлейби?
0
janim
2010-10-11 10:09:51
Байкашыма караганда "Береке" жакшы иштеп жатышат кайсыл концертке барба ушул айымдардык бийлерин коруп калдык...Ийгилик каалайбыз...Азаматсыздар.
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан