Эркин Эгембердиев, актёр: “ЖУБАЙЫМ АНЧА-МЫНЧА ЫРЧЫЛАРГА КАРАГАНДА ЖАКШЫ ЫРДАЙТ”

Бул жигиттин шайлоо тууралуу гитара менен ырдаган ыры элге кеңири тарап жаткан учур. Кейиштүү нерсени күлкүлүү кылып айтканы да өзгөчө. Актёр Эркин Эгембердиев менен болгон бул жолку маегибизде шайлоону, күйөө-аял маселесин, дагы далай нерсени талкууладык.

– Салам, Эркин! Акыркы жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең...

– Салам! “Илеп” деген студия ачкам. Эл үчүн жакшы социалдык роликтерди тартуу менен алекпиз. Негизи муну мамлекет тартышы керек эле. Бирок алар тартса, “салык төлөбөсөңөр болбойт, айып салынат” деген эле нерсени тартышат. Алайын деген гана ой, берейин деп эч ойлобой калышпадыбы. Командамда Айберген деген жигит бар, ушул жигитке ыраазычылык билдирем. Өзүнүн аппараттары менен Жалал-Абаддан келип идеямды колдоп, социалдык роликтерди тартканга жардам берип жүрөт. Ишенсеңер, биринчилерин өзүмдүн эмгек өргүүмдөн алган 18 миң сом менен, Айбергендин чөнтөгүндөгү 5 миң сомун кошуп тартканбыз. Эмне жаныбызды кыйнап жатабыз? Анткени эл бир силкиниш керек, турушу керек, социалдык ролик аркылуу элге туура нерсени көрсөтүш керек деген максатта иштеп жатабыз.

– “Шайлоонун күнү такталды, балээнин баары башталды” деген жөнөкөй ырың чыкты. Бул жагы “күйгөндөн айттым кошокту” дегендей болду окшойт...

– Партиялар түшкө кирбеген нерселерди айтып жатышат. Сүйүнчү пул 50-60 миңден беребиз дейт. Бир күндө Бишкек шаарында эле канчалаган наристе төрөлөт. Ошонун баарына кантип берет? Программаларынын көбүн башка өлкөлөрдүкүнөн көчүрүп алышкан. Азыр саясатта “баягылар” эле. Алдыга жаштарды салып коюп, артта нарда ойноп байкап отурушат. Элди алдап жатышканын көрүп туруп күйүтүмдөн ушул ырды чыгаргам. Эки саатта эле даяр болуп, жеке баракчама жүктөсөм элдин баарына тарап кетиптир. Эми бул эл үчүн кичине болсо да сабак. Биз аз болсо да колдон келгенин кыла беребиз. Бир притча окугам: токойдо катуу өрт чыкса, жаныбарлардын баары обочо туруп карап турушат дейт. Бир кичине чымчык оозуна суу толтуруп алып өрттү өчүргөнгө аракет кылып жатыптыр. Бир тамчы суудан болсо да аракетин кылып жатканда башкалар да оозуна суу толтуруп өрттү өчүргөнгө көмөк көрсөткөн экен. Биздики деле ошол чымчыктыкындай аракет. Ал эми өрттү өчүргөнгө жапырт аракет кылган нерсени карантинде көрдүк. Муштумдай түйүлүп элге эл жардам берди. Элди мамлекет ээрчип калды. Башка өлкөлөрдү мамлекети коргоп калса, биздин эл өзүн-өзү коргоп калды.

– Алдыда жакшыны үмүт кылалы. Кел, жеке жашоо тууралуу сүйлөшөбүз? Жубайың Диана тойлордо ырдап жүрөт. Дароо эле тойдо ырдап баштадыбы?

– Келинчегим 10 жылдан бери эле ырдайт. Ресторан, кафелерде ырдачу. Кесиби башка, бирок жакшы үнү бар. Анарбек Ибраев өңдүү мыкты музыканттардан сабак алып, үнүн таптап келет. Бирок үйлөнгөндөн кийин тойдо ырдатпай койгом. Анткени үй-бүлөнү алгач жакшы түптөп алыш керек эле, бала тарбиясы деген да бар. Эми баары өз нугуна түшүп калгандан кийин ырдап баштады. Бизде ырдаганды билген адам ырдай берсе эң сонун нерсе, бирок ырдай албай туруп чыгып алгандар да болуп жатпайбы. Биздин элдин ырга баа берүүсү төмөн болгон үчүн андайлар деле, мыктылар деле ырдап жүрүшөт. Баамдап, талдап алганды билсе, сахнада чыныгы музыканттар гана калмак. Жубайымдын диплому бар, анча-мынча ырчыларга караганда жакшы ырдайт. Үнү тапталып калган.

– Демек, “аялдын орду ашкана” деген эркектерден эмессиң...

– Өз апаларыбызды эле карап көрсөк, көп нерселерди кылышчу. Ашканасына да, балдарына да, малга да, талаага да жетишчү. Аялдар көп нерсеге жетише алат, болгону аларга сый мамиле кылып, жол көрсөтүш керек. Аялдар келечектеги кыргызды тарбиялап жатышат. Алар өзүн өстүрүш керек, ар тараптуу, акылдуу болуш керек. Аялдарды экинчи планга койбош керек. Эмнеге Осмон империясы азыркыга чейин даңазалуу? Анткени аларда аялдарга болгон сый болгон. Ошол эле Чыңгызханды алалы. Артында эмне калды? Аты, анан баскынчылыгы гана калды. Анткени ал аялдарга корс мамиле жасап, аларды олжо катары көргөн, күң кылган. Артындагы тукумуна тарбия берген аялдарды баалабаганы үчүн анын артындагы чоң империя жок болду. Демек, аялды, энени сыйлаш керек. Алар тукумду тарбиялай турган адамдар. Ошон үчүн аялдарга карата чектөө болбошу керек.

– Жакшы окуган, үлгүлүү балдарды кийин ийгиликтүү болот дешет, сенин мисалыңда ошондой болдубу?

– Ушу чындыкты айта кетейинчи. Мен үчкө окуган бала болчумун. Борборго мээде эч кандай быдыры жок келгем. Анан баарын түшүндүм да, мен баягы артта калган сабактарды жанталашып окуй баштадым. Мени мектепте мугалимдер окутпай койгон эмес, өзүм уюштуруучу болуп КВНдерди коюп жүргөн үчүн тескерисинче эркелетишип, баа коюп беришчү. 1-курсумда багаж болбосо эч нерсеге жетишпей турганымды билдим да, баш-отум менен киришип окуй баштадым. Кошумча көп нерселерди окудум. 2-курста багажды толтуруп алып анан чыгармачылыкка аралаша баштадым. Азыр деле окуп жатам, Искусство институтунда билим алып жатам. Бул окуу жайды бүткөндөн кийин дагы окуйм. Режиссёрлук кесибим бар, бирок өзүмдү толук кандуу режиссёр деп деле айта албайм, колумдан келишинче аракет кылып жатам. Ошондуктан жаман окуган баладан чыкпайт же жакшы окуган бала укмуш болуп кетет деген нерсеге башкача көз караштамын.

– Театрда залкарлардын бир доору өтүп кетпедиби, ошондуктанбы, көбү азыр андай таланттуулар жок дешет. Сен ушуга кандай пикирдесиң?

– “Элүү жылда эл жаңы” дейт. Азыр деле ошондой укмуш таланттар бар. Бирок алардын доору башка болчу. Эркелеп кино тартышкан, биздей болуп акчаны кимден сурайм деген маселе болгон эмес. Укмуш стимул коюп беришкен. Элди анда таң калтырыш оңой болгон, анткени батыштан эч нерсе келе элек болчу. Актёр чыгып кыйкырып койсо эле эл дымып калчу. Азыр элди таң калтыруу кыйын, анткени маалыматты бүт жактан алып жатышат. Учурда Таттыбүбү Турсунбаевадан жүз, Советбек Жумадыловдон жүз, Төлөмүш Океевден өтүп кеткен режиссёрлор бар. Бирок аларды мамлекет ошол деңгээлде алып чыкпай жатпайбы. Акча берсинчи мамлекет кандай мыкты тасма тартат. Жан дүйнөсү менен иштейин десе тиричилиги калат. Тиричиликти карайын десе жан дүйнөсү калат.

– Эл “Дем” театрынын концертин сагынып калышат эмеспи, быйыл даярдыктар барбы?

– Концертибиз, ар бир номерибиз театрга ылайыкташып коюлат эмеспи, учурда Кыргыз драма театрында оңдоп-түзөө иштери болуп жатат. Ошого жараша сүйлөшөбүз, план түзөбүз деп турабыз.

– Сага ийгилик, маегиңе рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Baatirbek81
2020-09-28 11:52:51
Оой бул актёр кыйын бала!
Ишиңе ийгилик иним!
+7
Luna15
2020-09-29 11:04:23
Менин баламдын жакшы коргон актеру ёха мёха байке деп
0
Shef87
2020-09-29 12:37:30
Шатарс матарс
0
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан