ТОПУРАКТЫ ЖАЗГА ДАЯРДАЙБЫЗ

Жаздын камын күздө көр! Жазында эл алды болуп дыйканчылыкты баштап, элден мурун түшүм алам десеңиз, бакча чарбачылыгын күздө баштаңыз. Чакан кеңешибизде бакчанын топурак кыртышын жазга даярдоо тууралуу айтып беребиз.

1. Кандай гана жер тилкесин иштетпейли, аны дезинфекциялоо, зыянсыздандыруу менен баштоо зарыл. Эгерде бакча кичинекей болсо, анда кайнак суу куюп койсоңуз болот. Ал эми бакчанын аянты чоң болсо, атайын каражаттарды колдонуңуз.

Жер семирткичтерди жана кошумча уруктандыруу үчүн минералдык, органикалык жер семирткичтерди сугарып жаткан сууга кошуу сунушталат. Мында жер кыртышы азыктанып, керектүү заттарга каныгып, кышы бою жакшы эс алат.

2. Айдоо аянтындагы түшүмдү жыйнап алгандан кийин өсүмдүктүн калдыктарын, сабактарын терип, отоо чөптөрдөн арылтуу керек. Топурагы өзгөчө катуу болгон жерлерди казып, жумшартуу сунушталат. Эгер жер жумшак болсо, көп деле маселе болбойт. Жер казылганда ага фосфорлуу жер семирткичтерди себиңиз. Алар өсүмдүктүн дем алуусун жакшыртып, жазында эрте гүлдөшүнө, жемиштин жана мөмөнүн эрте түйүлүшүнө көмөкчү болот.

3. Отоо чөптөрдү казып, эки-үч күн кургатуу керек. Уйгак, саргын, алабата, аткулак, коко тикенек сыяктуу отоо чөптөрдү тамырынан казып калтырып коюңуз. Тамыры нымдуулукту жоготкон соң өсүмдүк өлөт. Андан кийин соолуган отоо чөптү терип салуу керек. Бул ыкманы аба жылуураак жана топурак кыртышы кургак кезинде жасап салыңыз. Антпесе нымдуу топурактан кайра өсө бериши мүмкүн.

4. Топурак кыртышы үчүн негизги нерселердин бири – анын кычкылдуулук балансы. Топурак кыртышынын кычкылдуулугун азайтуу үчүн оттун күлүн же иштетилип бүткөн аки ташты сээп коюу жетиштүү.

Топуракты жазга ушундай жолдор менен даярдоо – күзүндө мол түшүм алууңузга жардам берет. Ошондой эле жазгы айдап себүү иштери башталганда сиз кыртышты азыктандырууга убакыт коротпой, дароо урук себүүнү баштайсыз.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан