СЮЦАЙ. АДАМДЫН ТУУЛГАН КҮНҮН КАРАП, МҮНӨЗҮН БИЛ

Буга чейин нумерология илими тууралуу уккандырсыз. Эми ошол сыяктуу эле сандарга байланышкан, бирок нумерологиядан башка сюцай илими тууралуу айтып беребиз. Бул илимди казакстандык профессор Жанат Кожомжаров негиздеген. Ал эми Сюцай эл аралык мектебин ачып, илимди элге таратып жаткан Ассель Момукулова аттуу кыргыз айым. Бул илим тууралуу бизге сюцай илиминин чебери, цифролог Эркинай Мамытова айтып берет.

Сюцай – адам тууралуу анын туулган датасына карап билүү. Кытайда кайсы бир император команда куроо үчүн ушул сюцай адистерине кайрылып турган. Тагыраагы, жан-жөкөрлөрүнүн туулган датасына карап кимисине эмне ишти тапшырса болорун чечкен.

Адамдын туулган күнү – аң-сезим саны (число сознания, акыл саны). Кайсы датада төрөлсө, ошол сандын программасы, ошол планетанын таасиринде болот. Сандар 1ден 9га чейин алынат. Эгер туулган күнүңүз 2 орундуу сан болсо, ал эки санды бири-бирине кошуп, 1 орундуу сан чыгарып аласыз. Мисалы, сиз 22-сентябрда туулган болсоңуз, 2+2=4 болот. Аң-сезим саныңыз – 4. Сюцай илиминин нумерологиядан айырмасы – ошол туулгандагы программадан чыгып, жашоону жакшыртууга, бактылуулукка карай жол табууга багыт берет.

1 САНЫ – 1, 10, 19, 28 (УШУЛ ДАТАЛАРДА ТӨРӨЛГӨНДӨР)

Булар лидер, демилгечил, идеалист адамдар. Ар бир абалды, кырдаалды жакшы жакка өзгөртүп карашат. Өтө күчтүү стратег-финансисттер, оратор, мотиваторлор. Башкаруучулук кызматка барса жакшы. Эгер бирөөнүн кол алдында иштеп калса жан дүйнөсү жабыркап, азап чегет. Сынды кабыл ала алышпайт. Бирөө чыккынчылык кылса “кара тизмесине” киргизет да, өмүр бою алар менен мамиле кылбайт. Эгосу күчтүү, деспот – адамды өтө катуу кармайт. Башкаруучулуктан ырахат алышат.

2 САНЫ – 2, 11, 20, 29

Булар иштин майын чыгара аткарат, ошон үчүн 2 менен 8 жок жерде иш жүрбөй калат дешет. Идеалист, материалист, дипломат, көп чыр чыгарбаган, акырын түшүндүрүп иш кылгандар. Мүнөзү жумшак, өтө сезимтал. Башкаларды түшүнүү менен иш кылышат. 2 санынын алдындагы айымдар идеалга жакын, эркектер буларды бир көргөндө эле ашык болуп калышат. Анткени жалгыз ушул 2 санындагы аялдардын денесинде “амрита” ширеси бар. Ал эми 2 эркектер кыз жандуу келип, мамиле жок болсо азап чегишет. Анан да жоопкерчиликтен качып, бирөөгө түртө салмай адаты бар.

3 САНЫ – 3, 12, 21, 30

Максатка, билимге умтулган, камкор, кызыктуу адамдар. Юпитер чоң, оор планета, ошондуктан алар төрөлгөндө эле көп нерсени биле тургандай болуп төрөлүшөт. Булардын төл сөзү – “мен билем”. Оңою менен бир нерсеге ишенишпейт. Инструкция менен жүргөндөр. Буларда романтика жок, камкордукту сүйүү деп ойлошот. Окутуучу, үйрөтүүчү болсо жакшы. Мыкты дарыгер, мыкты ашпозчу чыгат. Буларга “мен эч нерсени билбей турганымды билем” деген аффирмация керек. Билген билимин Жерге таратсын деп Кудай колдоп турат.

4 САНЫ – 4, 13, 22, 31

Чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн, креативдүү адамдар, фотограф, дизайнер болсо жакшы. Креативдүүлүк кылбаса жан дүйнөсү жабыркайт. Трансформатор – сөзү аркылуу адамдарды өзгөртө алат, новатор. Башкаларда энергия төбөдөн кирип денеге толук тараса, буларда энергия келип моюнда токтоп калат. Калган денеге энергия толук жетпегендиктен канааттанбай, дайыма нааразы болуп наалыгандар. Кичине эле бир нерсе жакпаса революция жасай бере тургандар. 4төр сүйлөп жатканда энергетикалык жактан айланага боз туман түшүп, адамдардын акылы жабылып калат. Анткени жанагы энергия башын лампадай жарык кылып, башкалардын көзүн караңгылатып коёт. Демек, буларга алданып калуудан этияттаңыз.

5 САНЫ – 5, 14, 23

Булар бир орунда тура албагандар. Бизнесмендер, мээси кечке эле саткысы, акча жасагысы келе берет. Алар бийликке келип калса соода согушу башталат. 5терде логика, техникалык интеллект күчтүү иштейт, мисалы, майда-барат, механика, архитектор, акча санаганга жакшы. Бирөө менен бат тил табышат, көп сүйлөшөт. 5тин оозу менен Жараткан өзү сүйлөйт, ошого булар каргап-шилөөдө этиятташ керек. Адамдарды кийими аркылуу таанышат. 5терди хамелеондор деп коёт. Мисалы, бирөө менен жарым саат сүйлөшкөндөн кийин маектешинин кейпине өтүп алышы мүмкүн.

6 САНЫ – 6, 15, 24

Эмоционалдуу, чыгармачыл. Мыкты кеңешчи, анткени туулгандан эле акылмандык кошо берилген. Көп окуп, илим менен кетсе даанышман адам чыгат. Бирок булар өздөрүн китеп окубай эле кыйынмын деп ойлошот. Жерде бул сандагылар 15 пайыз эле төрөлөт. Комфорт, сүйүү, секс деген адамдар. Буларга 2 жактан энергия кирет: акылмандуулук жана сексуалдуулук энергиясы. Кудайдын сүймөнчүктөрү, жашоосун жеңилдетип турат. Ошондуктан аларга адамдар көп көрө албастык жасашат, мындан коргонушу керек. Алар адамдарды тандап жакшылык жасашат.

7 САНЫ – 7, 16, 25

Буларда энергия ылдыйдан жогору карай кирет, башында 3 эле пайыз энергия бар. Ошондуктан идеяларды ойлонуп отурбай бат ишке ашырганга шашышат. Эртең менен Бишкекте болсо, кечинде Ошто болуп калышы толук мүмкүн. 7нин агрессиясы анын жасаган эмгегин тааныбай койгондо чыгат. Депрессияга кабылса баш аламан ойлордон оюн жыйнай албай, өзүн жакшы түшүнө албай калат. Суицидге жакын болушат. Наркомандар, аракечтер чыгып кетиши мүмкүн. Булар турак жай маселелеринде абайлабаса, көп алдатып жиберишет. Ошондуктан 7 болсоңуз, мунун баарын иреттегенге аракет кылыңыз.

8 САНЫ – 8, 17, 26

Буларга жыйынтык маанилүү, 1ге окшоп жаркырагысы келет, бирок ишке ашпайт. 1 менен 7ден айырмасы – жетектейт, башкарат, жадакалса иштин баарын өзү жасап коюшу мүмкүн. 8дердин мээси күнү-түнү тынбай иштейт. Ошондуктан мээни иштетип чарчатып туруу керек. Антпесе инсультка эрте кабылуу коркунучу бар. Булар мыйзамдуулуктун сакталышын каалайт. 8 бардык нерсени көзөмөлдөп, тактап туруп өткөрөт, реалист, фактыга гана ишенет. Жан дүйнөсү материалдык байлыкка жакын, бардык жерден жыйынтык күтөт. Эмоция жок. 8дер эч кандай жумуштан качпайт, кандай жумуш болсо да иштей беришет.

9 САНЫ – 9, 18, 27

Куткаруучулук жакта көп иштешет, анткени дайым жардам берүүгө шашышат, бирок "жакшылык кылдымбы, сен да кыл" деп жооп күтүшөт. Көзүңдөн оюңду шарт түшүнгөн адамдар. Эмоционалдуу, бирок анализ кылганды билишпейт. Девизи: «келдим, көрдүм, жеңдим». Авантюрист, экстримди жакшы көрүшөт. Алардын фишкасы жардам берүү, жакшылык жасоо, пайда келтирүү. Кимди бетке уруш керектигин билишет. Бир нече ишти баштап туруп, бүтүрбөшү мүмкүн. Бала кыял. Өрт болуп жатса башкалар өзүн ойлоп секирбеши мүмкүн, 9дар анализдебей туруп секирип кетишет.


Окурман, бул программа урагыс чеп эмес. Сюцай илими бул программадан чыгып, жашооңду жакшырт дейт. Мисалы, 8 санында төрөлгөн болсоңуз, бир кадам артка жылып, 7нин программасынан жакшы жактарын, кайра эки кадам алдыга жылып, 9 санынын программасынан жакшы жактарын алыңыз дагы, ийгиликке жетиңиз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
AidaKurman
2020-09-28 14:14:37
Ой тообо болбогон нерсе. Каяктагыларды айтат да.
-1
Asel-91
2020-09-29 15:29:54
Чынындале туура келет экен)) билип алган ашыктык кылбайт.
+1
Gulnara2020
2020-09-29 19:17:22
Туура чыгат экен
+1
Targarien
2020-09-30 01:35:11
Илгери Кыргызда ушундай илими бар адамдар болгон. Аларды Эсепчи дешкен. Бирок алардын мурасы бизге жетпей калган. Бекеринен кыргыздар сандарга озгочо маани беришкен эмес. Жетинин бири кыдыр. Жети олчоп бир кес. Алты санын аман болсун. Тогуз жолдун тоомунда деген создор жон айтылбаган.
+2
kana-ara-fi
2020-10-01 08:25:54
Менин мунозумтуура чыкпадыБирок жолдошумуку туптуурачыкты
+1
erlanspb
2020-10-05 08:36:58
Олуп еле калыптырго мен озуму текшерсем туура чыкты
+1
№ 929, 24-30-сентябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан