АБАЙЛА, КРУП! БАЛДАР АРАСЫНДА ЖӨТӨЛ ЖҮРҮҮДӨ

Балдардын кургак, күрсүлдөткөн жөтөлү сасык тумоо, парагрипп, кызамык сыяктуу инфекциялык оорулардан келип чыгат. Демигип, дене табы көтөрүлгөн баласын ата-эне дароо ооруканага алып баруусу же «Тез жардам» чакыруусу керек. Анткени бул оору медицинада «круп» деп аталат жана тез өнүгүү менен баланын абалын оорлотуп жибериши мүмкүн. Бул оору тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти Дамирахан Чыныева айтып берди.

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ КАНДАЙ?

Күрсүлдөтүп жөтөлтүп, аба жетпей демиктирген жугуштуу оору 7 жашка чейинки балдар арасында кеңири жайылган илдет. Өзгөчө 6 айлыктан тартып 3 жашка чейинкилер көп ооруйт. Круп оорусунун оору козгогучтары круп менен ооруган адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө соо адамдын мурун көңдөйүнө кирип кетүү менен жугат. Мурун көңдөйгө кирген соң үн байламталарын сезгентип, шишитип, ичкертип тырыштырат. Баланын үнү бүтүп, дене табы көтөрүлөт, бат-баттан дем ала баштайт. Күрсүлдөп жөтөлөт, көңүлү айланат.

Оору козгогуч организмге киргенде оору башталат. Бир күндө же бир нече сааттын ичинде эле баланын абалы начарлап кетет. Сезгенип шишип кеткен үн байламталары улам тырышып, ошол кезде кычкылтек тартыштыгы сезилип, бала демигет. Кычкылтек жетишпей баштаганда бала көгөрүп-татарып да калышы мүмкүн. Мындай кезде дароо «Тез жардам» чакыруу керек. Баланы үйдө кармап отура берип же «Тез жардамды» кеч чакырса оорусу өтүшүп, бала жандандыруу бөлүмүнө түшүп калышы толук мүмкүн.

ООРУНУ ЭМНЕЛЕР КОЗГОЙТ?

Дартты вирустар, мисалы, сасык тумоо, коронавирус, парагрипп, аденовирус, риновирус, жөнөкөй учуктун (герпес) вирустары, бактериялар, булардан тышкары суук тийүү козгойт. Дарт күзүндө жана жазында күчөйт, жайылат. Анткени эртең менен жана кечинде муздак, түштө жылуу болгон аба ырайы оору козгогучтардын жайылышына себепкер болот.

3 жашка чейинки балдардын көп ооруй тургандыгы алардын дем алуу жолдору чоңдордукуна караганда кыска жана кичинекей болгондугуна байланыштуу. Оору күчөгөндө шилекей агат, кычкылтек жетишсиздиги сезилип, тери, эрин, ооз көгөрөт, энтигүү күтүлөт.

ООРУНУН 2 ТҮРҮ БАР

Дарттын чыныгы жана жалган деген түрлөрү бар:

Жалган түрүн аденовирус, сасык тумоо, парагрипп, кызылча, кызамык ооруларынын козгогучтары, чыныгы түрүн кептөөрдүн (дифтерия) оору козгогучу пайда кылат.

Оору адатта түнкүсүн курч мүнөздө башталат. Баланын үнү бүтүп, үнү чыкпай, күрсүлдөп жөтөлүп калат.

ООРУНУН 3 ДЕҢГЭЭЛИ

1-деңгээл. Бала жакшы эле дем алат. Бирок кичине ыйласа эле үнү бүтүп, бат-бат дем ала баштайт.

2-деңгээл. Бала уктап жатканда кыйналып дем алат, дем чыгарышы да кыйын болот, үнү бүтөт, күрсүлдөп жөтөлөт. Уктап жатса деле, жөн отурса деле энтигет.

3-деңгээл. Энтигип, кыйналуу менен дем алганы алыстан угулат.

«Тез жардам» келгиче жылуу суу берүү керек. Дарыгерлер кычкылтек жетишсиздигин жоюш үчүн ингаляция жасап, дары саят, алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң ооруканага стационардык дарылоо сунушун берет.

Бала тынч отурганда деле бат-бат дем алганы, энтиккени сезилсе буга олуттуу кароо зарыл. Болбосо инфекция өпкөгө чейин түшүп кетип, баланын абалы өтө начарлап кетиши ыктымал.

АЛДЫН АЛУУ

Баланы вирустук оорулар жүрүп жаткан учурда эл көп топтолгон жерге алып барбоо, бирөөнүн оюнчугу менен ойнотпоо, жеке гигиенасына көз салуу, көчөгө алып чыкканда бет кап тагып чыгаруу, колун бат-бат антисептикалык каражат менен тазалап туруу керек. Оору белгиси билинсе дароо адиске көрсөтүү керек.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Firdaus7987
2020-10-05 21:31:22
Ооо Аллахым наристелерибизди сакта!Балдарыбыз аман болсун!
+1
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан