ТАМАККА КӨРК БЕРГЕН ГАРНИРЛЕР

Гарнир деген түшүнүк француз ашканасынан жайылган. Негизги тамакка кошумча компонент катары берилген гарнирлер тамакты даамдуу гана кылбастан, көрк да кошот. Сууга бышкан макарон, гречка, пюре жана фри гарнирлери менен эле чектелбестен, бул ирет өзгөчө гарнирлерди менюга кошобуз.

ТҮСТҮҮ КАПУСТАДАН БАФФАЛО

Керектелүүчү азыктар:

Түстүү капуста – 1 даана

Каймак май – 2 аш кашык

Лимон ширеси – 2 аш кашык

Зайтун майы – 2 аш кашык

Суу – 0,5 стакан

Сыр соусу үчүн:

Каймак – 2 аш кашык

Эритилген сыр – 1 аш кашык

Сүт – 2 аш кашык

Майонез – 1 чай кашык

Туз, мурч – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

Алгач сыр соусун даярдап алабыз. Чуңкур идишке каймак, эритилген сыр, сүт, майонез жана татымына жараша туз, мурч кошуп аралаштырабыз. Капкагын жаап, муздаткычка 30 мүнөткө коюп коёбуз.

Эми каймак майды эритип, ага лимон ширесин кошобуз.

200 градуста ысып турган электр мешинин чуңкурураак табасына 0,5 стакан суу куюп, зайтун майын кошуп, түстүү капустаны талчаларга ажыратып туруп салабыз. Электр мешине 20-25 мүнөт салып, жумшарган соң лимон кошулган каймак майды үстүнө куюп аралаштырып, 5-7 мүнөткө дагы сала турабыз. Бул арада табадагы капустанын суюгу кайнап, бууланып, капустанын чекелери кызарып бышат. Даяр болгон түстүү капустаны ысык боюнча негизги тамактын жанына кооздоп тизебиз. Мурда даярдап койгон муздаткычтагы сыр соусун жанына коюп, дасторконго сунабыз.

ТҮРКҮН ТҮСТҮҮ ЖАШЫЛЧАЛАР

Керектелүүчү азыктар:

Кызылча – 2 даана

Сабиз – 3 даана

Брюссель капустасы – 700 грамм

Сарымсак – 8 тишче

Көк чөптөр – табитке жараша каалаган түрүн тандап алса болот

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз, мурч – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

Кызылчаны фольгага ороп, ичине 1 кашыктан май куюп, 190 градуста ысып турган электр мешине салып коюу керек. Бул арада башка жашылчаларды аарчып, жууп алабыз. Сабизди 2-2,5 сантиметр туурап, брюссель капустасын да чоң-чоң бөлүктөргө бөлөбүз. Сарымсакты аарчып, өтө чоң тишчелер болсо 2ге бөлөбүз. Даяр болгон жашылчанын баарын электр мешинин экинчи табасын майлап салып, өсүмдүк майынын калганын үстүнө куябыз. Татымына жараша туз, мурч кошуп, жакшылап аралаштыруу керек.

Кызылчаны салгандан жарым саат өткөндөн кийин экинчи табадагы жашылчаларды да электр мешине салып, чогуу 1 сааттай коёбуз. Андан соң көк чөптөрдү туурап, жашылчалардын үстүнө кошуп аралаштырып, дагы 10 мүнөт салып коюу керек.

Эми кызылчаны алып чыгып, муздаган соң кабыгын аарчып, сабиздин көлөмүндөй кылып туурап, экинчи табадагы жашылчалар менен аралаштырабыз. Тузун даамдап көрүңүз, кем болсо туздап, негизги тамактын жанына гарнир катары сунууга даяр.

БАКЛАЖАН ЖАНА КАБАК

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 1 даана

Кабак – 1 даана

Помидор – 1 даана

Черри помидору – 6 даана

Болгар калемпири – 1 даана

Сарымсак – 2 тишче

Зайтун майы – 1 аш кашык

Петрушка – 3-4 тал

Туз, мурч – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

Жашылчаларды жууп, калемпирди уругунан тазалап алабыз. Кабак менен баклажанды тегерек формада, калыңдыгын 1 сантиметр кылып туурайбыз. Андан соң туздуу сууга 15-20 мүнөткө чылап коюу керек.

Помидорду ысык сууга салып кабыгын сыйрып таштаган соң болгар калемпирин жана помидорду кесек тиштүү сүргүчтөн өткөрүп алабыз. Блендерден өткөрсө да болот.

Эзилген помидор менен болгар калемпирине петрушканы туурап, сарымсакты майдалап кошуп, татымына жараша туз, мурч салып аралаштырабыз. Соус даяр. Эми тууралган кабак менен баклажанды туздуу суудан чыгарып, даяр болгон соуска чылайбыз.

Ысып турган электр мешинин табасын майлап, соуска чыланган баклажан менен кабакты тизебиз. Черри помидорун да тоголок бойдон арасына тизип, үстүнө зайтун майын тамызып, татымына жараша туз, мурч себебиз. 180-220 градуста ысып турган электр мешине салып, 20-30 мүнөткө коёбуз. Даяр болгон гарнирди балык, тоок эти же котлетанын жанына берсе болот.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Dikowka93
2020-10-08 11:36:52
Мага цветной капуста жакты
0
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан