Жакында эле Ошко барып, көчөдөн бир кыз менен таанышып калдым. Кыздын муңдуу көздөрү өзүнө тартты. Бекеринен кызыкпаган экенмин, жай отуруп сүйлөшө келгенде, жаш кыздын адамдын төбө чачын тик тургузчу тагдырды баштан кечиргенин билдим. Чын айтам, бул баянды угуп отуруп, “XXI кылымда, саясатчылар тынбай какшаган демократиялык өлкөдө жашап жатабызбы, же кандай?..” деп бүшүркөйсүң.
Бирөөнү күтүп сейил бактагы отургучта отургам. Жанымдан чыккан үшкүрүктөн улам моюн буруп, жапжаш, созулган бир кызды көрдүм. “Жаш туруп эмне мынча үшкүрөт?” Оюма алгач ушул суроо келди. Тиги кыздын тереңине муң каткан көздөрү арбады окшойт, жакын отуруп тааныша кеттим. “Супер-Инфо” гезитинде иштээримди уккан ал арыз-арманын айтып кирди.
"КАРЫЗ БОЛУП, ЭСИМ ЧЫКТЫ"
– Мен жыйырма жаштамын. Кызыл-Кыядан болом. Техникумду бүткөн соң апама көмөк көрсөтөйүн деп иштөөнү чечтим. Ошто классташтарымдын биринин таанышынын бирдик жүктөөчү түйүндөрү бар экен. Жумуш издеп жүргөнүмдү айтсам, “ошол жакка барып көрөлү” деп калды. Оштогу чоң базардын кире беришинде бирдик салуу менен алектенген бир нече күркө бар. Мени ошол түйүндөрдүн кожоюну менен тааныштырышты.
– Аты – Жаныбек. Кыз-келиндерге тийишпеген (!), беш маал намаз окуган такыба киши.
Классташым тиги адам тууралуу бир аз сүйлөп берди. Жаныбек аке мени менен кыскача гана сүйлөшүп, анан иштөөчү жайды көрсөттүрүп койду. Эсепчи аял шеф тууралуу айтып, “эмне десе да макул деп тургула. Ашыкча сөз кайтарчу болбогула” деп айтты. Ашыкча кызыгып, сүйлөйүн деген деле оюм жок, айтор, жумуш табылганына кубанып кала бердим. Айлыгым 4000 сомдун тегерегинде, ошол да болсо, апама жардам.
Биринчи эле иш күнүмдө кечинде отчёт тапшырсам, 180 сом жетпей калды. Эсим чыкканын айтпа. “Минтип карыз болуп отурсам, апама эч кандай акча арттыра албаймын. Жакшысы, башка жумуш караштырам” деп калдым. Анда шеф: “180 сомду мен өзүм кошуп коём. Түшкү тамактануу учурунда сенин ордуңа эч ким иштебейт. Күркөнү бекитип чыксаң болот. Иштей бер”,- деп көңүлүмдү жайгарды. Антип айтканынын себеби, түштөнүү учурунда биздин ордубузга башкалар иштеп турушчу. Ошентип, ал жерде кала бердим.
ТУЗАК
Жаныбек акени дайыма беш-алты бала коштоп жүрөт. Биз иштеген түйүндөрдү да эки-үч жигит сырттан көзөмөлдөйт. Эгер кардар жигиттер беш мүнөттөй эле күркөнүн алдында бизге сүйлөп кармалып калышчу болсо, эки жигит ошол замат пайда болот да, кардарды жетелеп кетишет. Бизди да ашыкча эч ким менен сүйлөштүрүшпөйт. Таңкы саат алтыдан кечки алтыга чейин иштейбиз. Түшкү тамактанууга 15 мүнөт беришет. Бир квартираны жигиттерге, экинчи квартираны кыздарга алып берип коюшкан. Таң атпай келген машина бизди иш ордубузга жеткирет. Кечки саат алтыда кайра үйгө алып келип, сыртыбыздан бекитип кетишет. "Баарыңар жаш кыздарсыңар. Кокус бирөөңө бирдеме болсо, эртең ата-энеңердин алдында мен жооп берем",- дейт шеф.
Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин бир подъездин алып, ошону мейманкана кылып ремонттоткон. Ал жайга борбордон барган чоңдор көп эле түнөшөт. Баасы деле бир топ, суткасына 3000 сомдон. Аны да жигиттер кайтарып турушат. Көрүнгөн эле кирип-чыга бербейт. Мени ошол жерге администратор кылмай болду. Күндүз бирдик салып, түнкүсүн мейманканада иштейин деп чечтим.
Бир күнү түн ичинде мага чалып, “азыр машина жиберем. Мейманканага кел, коноктор келет” деп калды. Батирден чыксам, машина туруптур. Мейманканага келип, түнкү саат 3кө чейин акыйып күтүп отурдум. Эч ким келген жок. Ошентип отуруп көзүм илинип кетиптир. Таңкы алтыда жумушта болуп калышым керек эле, мен саат 7.30га чейин уктай бериптирмин. Жумушта чакан жыйналыш өткөрүп, кыздар-балдардын көзүнчө “администратор болосуң десем эле эркелеп кеттиңби, жумушка чыкпай уктап... Бүгүндөн тартып бизде иштебейсиң” деп урушту. А мен мындай адамдын колунан бошогонума кубана кийимдеримди жыйыштырып айылга, апама жөнөдүм.
Биздин айыл чоң жолдон бир топ алыс. Таксиден түшүп алып бир кыйла жөө басуу керек. Кайрылыштан түшсөм, машина менен эки жигити күтүп туруптур. Чочуп кеттим. Алар алып бара жаткан сумкаларымды айдоочуга дайындап салдырып коюп, өзүмдү кайра Ошко алып жөнөштү. “Шефтин сенде жумушу бар экен” дешти кыска гана. Жол ката баш катырып, "эмне жумуш болушу мүмкүн?" деп аңдай албай койдум. Алар мени түз эле мейманканага алып барышты. “Кубанган боюнча дароо эле апаңа жөнөптүрсүң. Же телефонго жооп бербейсиң” деп сүйлөнүп чыгып кетип, түн бир оокумда келди. Кирип эле “мен сага кыйынчылыктарда бир топ жардам бердим, колдодум. Мага карызсың, мени ыраазы кыласың” дей баштады. Беш маал намаз окуган, кол алдында иштеген кыздарды катуу кармаган бул адамдан мындайды күткөн эмесмин. “Мени сынап жатат” деп түшүндүм. Мындай тамашанын кереги жок экенин айтсам, столду бир муштап, “мага каяша айтчу болдуңбу?!” деп бакырып, жинденди. Ошол түнү ал максатына жетти. Күчтүү эркекке ал-күчүм жеткен жок. Анысы аз келгенсип, эртеси эшикке чыгарбай сыртымдан бекитип коюп кетип калды.
"АБАКТА" ТӨРТ АЙ...
Апам менен күн алыс сүйлөшүп турар элем, ал бечара менин дайынсыз кеткениме тынчсызданып, Ошко келип калыптыр. Шеф өзү жолугуп: “Кызыңыз азыр банкка кеткен, кеч келет. Бул болсо айлыгы”,- деп колуна 5 миң сомдой акча карматып узатып коюптур.
Жигиттери мага үч маал тамак ташышат. Кээде бөлмөмө жаңы кийимдерди киргизип, “шеф кийинки келгенинде ушул кийимди киет экенсиң” дешет. Маанайы бузулган маалда жигиттерине дайындап, алары мени салонго алпарып, чачымды жасатып, боёнтуп алып келип беришет. Өзүмдү анын кубанганында же бирөөлөргө жини келгенде ойногон куурчагындай сезип, өксүп-өксүп ыйлайм. Качып кеткенге, атүгүл апам менен сүйлөшкөнгө шартым жок. Телефонумду алып сейфине салып койгон.
Ошентип, анын “абагында” төрт ай жүрдүм. Ал ортодо апам эки-үч жолу издеп келиптир. Келген сайын “кызыңыз иштеп жатат” деп колуна акча карматат экен. Акыры чыдамы түгөнгөн апам милиция кызматына арызданыптыр.
Ал мага келип: “Майда-чүйдө иштер үчүн менттер менен “разборка” кылгым келбейт. Айылга барып, ата-энеңе жолугуп, жүрүп кел. Ызы-чуу токтоору менен кайра келесиң”,- деп жөнөттү.
Жанагынын баарын апама деле айтсам болмок. Бирок аны да коркунучка салып, жүрөгүн ооруткум келген жок. Оюмда “барарым менен күйөөгө чыгып кетем. Мейли алкаш болсун, мейли багар-көрөрү жок болсун” деп тиштенип бараттым.
КУТКАРУУЧУ ТАБЫЛДЫ
Менин эжеме бир жигит куда түшүп, сөйкө салып койгон эле. Бирок эжем ал адамга турмушка чыккысы келбей, жигити менен качып кетмекчи болуп, сөйкөсүн тигиге кайтарып берип койгон. Ошол жигит мени “балдыз” деп, менден кабар алып, телефон чалып, сүйлөшүп турар элек. Жаныбектин мамилеси башкача экенин, ичимден кооптонуп жатканымды да ага айтканмын. Айылга баргандан үч күн өтпөй ошол чалып калды. “Ушундан көрө өлүп калгым келет” деп ыйладым. Башыма түшкөн мүшкүлдү андан ары айта албадым. Ал эмне кылды дебейсизби? Келди да, “мен сени бактылуу кылам” деп үйүнө алып кетти.
Бир аралашкан саздан оңой менен кутулуп чыга албайт экенсиң. Бир күнү Ошто күйөөм экөөбүз жетелешип баратып Жаныбек акенин маңдайынан чыгып калдык. Күйөөгө чыкканымды билип турса да, “эмне үчүн кайтып келем деп келбедиң?!” деп жинденип кирди. “Кыз-келин деген толтура. Ошолордун бири менен көңүл ача бериңиз, мени жайыма коюңуз” деп сурандым. “Ооба, кыз деген толтура. Сен кетсең менин кылым деле кыйшайбайт. Бирок “кайра келем” деп мени алдап кеттиң (карасаңыз, жанагы “абакка” өз эрким менен кайра келишим керек тура!). Ошону кечирбейм! Тынч жашайм деп ойлобо”,- деди.
Анын жанында тыкылдаганым менен, кетери менен муундарым титиреп, өзүмдү жоготуп койдум. Баарынан ичимдин ачышканы – күйөөм экөөбүздүн мамилебиз эле. “Эми бул мени да, сени да жөн койбойт. Зыяным тие электе мени ташта да, кет” дедим. А күйөөм ага болбоду. Мына азыр деле өзү иштеп, мени үйдөн кадам алыс чыгарбай жашап жатат. Бечара дагы эмне болуп кетет деп чочулайт да. Кээде ичип алып буулугуп ыйлайт. Аны да түшүнөм.
Жаныбек аке бизди таппай айылга, кайын журтума чейин барып, сураштырып жатыптыр. Атүгүл “ал кызды мен төрт ай алып жаткам. Силер кайдагы кызды келин кылып алдыңар...” дегендей сөздөрдү айтат экен. Эч кимиси унчукпаганы менен, кайын журтум артымдан сөз кылып жаткандай туюлат. Минтип канчага чейин жашайм билбейм. Жаныбектин колу бардык жерге жетет. "Арыздансам өзүмө эле кыйын болот" деп, ушинтип бир жылдан бери сыздап келатам.
Жаш келиндин баянынан соң жанагы каарман тууралуу сураштырып көрдүк. Милиция кызматындагылар “мейли кримавторитет болсун, баары бир арыз жазылса, мыйзам алдында жооп берет да” деп тиш кайрап калышты.
Дагы тереңдете сураштырсак, учурда шайлоого аттанып жаткан партиялардын талапкерлеринин биринин жакын кишилери болуп чыкты. Атүгүл анын бир тууган агасы милициянын өздүк коопсуздук кызматында чоң имиш. Анан да Ошто кол алдында 50-60тай жигити, кафе, ресторан, мейманкана, бирдик салчу түйүндөрү бар окшойт. Байлыгы өзүнө буюрсун деңизчи, бирок жаш кызды минтип каалашынча пайдаланганы туурабы? Беш маал намаз окуган такыба адамдын кылары ушул ишпи? Кайсы бир жерлерде ал “намаз окугула, ыймандуу болгула” деп бирөөлөргө акыл да үйрөтөт чыгар? Ооба, жабырлануучу кыз азыр арыз жазса да, “зордуктаган” деп далилдеп бере албайт. Бирок төрт ай бою камап жүргөнүнүн өзү – чоң кылмыш.
Айбек Нурадилов
koom@super.kg