ҮҢКҮРГӨ КАТЫЛГАН АЛТЫН (Байлык кумары, сүйүү, алтынга жетүү үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Гулинин Роза деген бөлөсү бар, экөө тең, ортодо бир жаш эле айырма. Роза экөөбүз дос болуп алганбыз, аябай кызыктуу, шайыр кыз. Гули экөө менден үч үй арыда турушат.

Бир жолу түндө үйдүн ичи ысып кеткендиктен, төшөгүмдү көтөрүп сыртка чыгып бактын түбүндө жатып уктап кетиптирмин. Бирөөнүн үнүнөн ойгонуп кеттим, үн чыккан тарапка барып карасам тамдын артында Гули дубалга жөлөнүп алып ыйлап отурат. Колунда телефон.

Оюма ар нерсе келет, акыры билейин деп чыдабай жанына бардым. Сооротуп, көңүлүн көтөрүп койгум келди. Гули мени көрүп эле шаша-буша телефонун өчүрүп, шаштысы кете түштү. Эч нерсени байкабаган адам болуп жанына отурдум:

– Кандай, Гули? Эмне, уйкуң келбей жатабы, уктабайсыңбы?

– Хүрремдин бүгүнкү сериясын телевизордон көрө албай калдым эле, кызык жерине келген. Көрүп алып уктайын деп отургам. Өзүң эмне уктабай?

– Билбейм, уйкум келбей жатат.

Көрбөгөн экенмин ал кинону, деги эле кино көрбөйм. Сыр бербей «аа, ошондойбу?» деп койдум. Гули ичиндегисин бирөө менен бөлүшө албай эле отурганбы:

– Ибрагим өлдү,- дейт. Таң кала тиктеп калдым, Ибрагими ким эле? Билдирбейин деп:

– Эх, жаман болуптур,- десем, мени уккан деле жок:

– Сулайман султан аны алдап хансарайда алып калган. Түндө төрт дүлөй жасоол келип, аябай кыйнап, бакыртып өлтүрүштү,- деп шолоктоп ыйлап кирди. Унчукпадым, бир топко барып токтоду. Кокуй дедим, кинодогу бирөө өлгөн болсо, ошого да ушунча ыйлайбы? Эми эмне дешим керек Гулиге? «Ибрагимдин жаткан жери жайлуу болсун, кайрат кыл» дешим керекпи? Башында Гулини аяп жатсам, эми күлкүм келе баштады. Адам ушунча да сезимтал болобу? Ооба, таасирдүү тасма болсо көзүңө жаш тегерене түшөт, эркек болсоң деле. Бирок минтип шолоктоп ыйлаганды биринчи көрүшүм. Бир маалда ордунан туруп кетип калды.

Мен да үйгө кирип интернеттен Гулини ыйлаткан сериалды таап көрдүм. Ибрагим дегени сакалы сапсайган, көздөрү тостойгон, аял түспөлдүү бирөө экен. «Мунун эмнесине ыйлайт?» дедим ичимден.

Ушул окуядан кийин Гули менен жакшы сүйлөшүп калдым. Үчөөбүз кечинде, алар иштен эртерээк бошогондо сүйлөшүп отуруп калабыз. Мен сыра ичем, алар ар нерсени сүйлөп жанымда отурушат. Тамактанганы барганда Гули мага дайыма жанынан орун алып коёт эч кимди отургузбай. Мария апага дайындап койгонбу, менин тамагыма башкалардыкынан көбүрөөк эт салып берет. Айрымдар Гули экөөбүздүн жакын болуп баратканыбызды күбүр-шыбыр сүйлөшүп жатышты.

Бирок Гулинин жигити бар эле, Макс деп коюшат. Ысык-Көлдөгү белгилүү бизнесмен экен. Угушума караганда, баңгизат менен да иш кылат дейт, эми ким билет. Бизде байыган адамды эле же ууру, же наркобарон деп элестетишет го. Жумасына эки-үч жолу келип турат. Көрүп калам кээде, бою узун, москоол, спорт менен алектенери көрүнүп эле турат. Машинасы көп окшойт, ар келгенде ар башка кымбат машинеде келет. Мейманкананын артында эки адамдык отургуч бар, ошол жерде сүйлөшүп отурушат көпкө чейин.

Бир күнү Роза менен сүйлөшүп отуруп калсам айтат:

– Гулини байкадыңбы, мурункудай болбой өзгөрүп калды, сен жөнүндө эле сүйлөй берет. Ар кимди кагып-силкип, урушуп эле жүрчү, азыр антпей калды. Кээде такыр эле ойго чөмүлүп кетет. Сени жактырып калган окшойт.

Гулинин бөлөсү мени сынамакка атайын айтып жатат. Болбосо сырдаш курбулар бири-биринин сезимдери тууралуу билишет да. Мени жактырып калганын Гули бөлөсү аркылуу айттырып жатабы? Сыр алдырбадым.

– Анын жигити бар го.

– Эми жөн эле айттым да, Макс үйлөнөм деп жүрөт. Үч жылдан бери сүйлөшөт экөө. Бирок Гули Максты сүйбөйт деп эле ойлой берем негедир.

Унчукпадым. Эртеси күнү кечинде адатыбызча үчөөбүз сүйлөшүп отурганбыз, бир маалда Гулинин телефону шыңгырап калды. Ким чалып жатканын көрүп, «азыр келем» деп ары басып кетти. Роза мени түртүп:

– Азыр «развод по французски» болот, жүрсөң,- дейт. Экөөбүз мейманкананын бурчунан аңдып карасак, Макс экөө сүйлөшүп турушат. Макс Гулиге убадаларды берип, Гули көнбөй жаткандай сезилди. Айтор, экөө көпкө чейин сүйлөшүп турушту да, акыры Гули биринчи болуп бери басты. Макс анын артынан үнүн катуураак чыгарып сүйлөп жатты, бирок Гули артын карабай келе берди. Макс артынан бир топко карап турду да, машинасына отуруп, газды катуу баскан бойдон кетти.

Ошондон кийин Макс келбей калды.

Күндө «эртерээк кеч кирсе экен, Гули келсе, сүйлөшүп отурсак» деп кеч киришин күтө турган болдум. Базада жүрсөм да Гули көрүнүп калабы деп мейманкана жакты карай берем.

Күндөр өтө берди, ар кимден маалымат топтоп жүрүп Акимыч жөнүндө көп эле нерсе билдим. Акимыч студент кезинде Бишкекте эки-үч шериги менен таксисттерди тоноп, бирөөсүн өлтүрүп коюшуп, сегиз жыл түрмөгө отуруп чыккан экен. Кийин чыкканда дагы баңгизат менен кармалып араң кутулуптур. Азыр деле бир нерсе болсо эле милиция Акимычты келип текшерип, суракка алып турат экен.

Этият боло бериш керек окшойт бул адамдан, азыр деле жөн жүрбөсө керек.

Бир ай дегенде айлыгым колума тийди, кырк миң сом, Керимге айтып коюп Чолпон-Атага бардым. Банктан эсеп ачып, акчаларымды ошол жакка сактачумун. Айлыгымды да ошол эсепке салып, көңүлүн көтөрүп коёюн деп базардан Гулиге жумшак оюнчук мамалак сатып алдым. Бош элем, эрте барганда эмне деп, шаарды кыдырып жүргөм. Милициянын машинеси жанымдан өтүп баратып токтоп, кайра артка айдап келип, ичинен баягы Рамис түштү. Дагы деле жарандык формада.

– Ээ, кандайсың, альпинист?

– Жакшы.

Көзүмдөн бир нерселерди билгиси келди окшойт. Кылмыш кылып жатса коркуп билдирип коёт өзү эле дедиби, теше тиктейт. Мен да менттерди жаман көргөн адамдай болуп тура бердим сөз чыгабы деп. Бир аз карап турду да:

– Акимыч кандай, жүрөбү шүдүңдөп?- деп калды.

– Жүрсө жүргөндүр, мен көрбөйм деле аны. Менин өзүмдүн ишим бар, акчасын төлөйт, болду. Мага ошол эле жетет.

– Туура, туура айтасың, акчасын төлөсө болду да. Макул, тартип бузбай жүр,- деп, дагы бирдемелерди сүйлөйүн деп баратып токтоп калды. Машинасына отурду да, бара жаткан жагына кетти.

Ошол күнү кечинде тамактанып отурсак Акимыч келип калды, баарыбызды бир сыйра кыдырата карап, мага:

– Дастан, тамактанып бүткөндөн кийин мага кирчи,- деп чыгып кетти.

Гули негедир акырын эч кимге байкатпай:

– Көп эле Акимычка сырыңды ача бербе,- деп шыбырап калды.

Кирсем өзү жалгыз экен, бир кагаздарды карап отуруптур:

– Кел, отур,- деп диванды көрсөттү.

– Айлыгыңды алдыңбы?

– Ооба, алдым.

– Кыйынчылык жокпу иште?

– Жок, жакшы баары. Курортко эс алганы келгендей эле жүрөм. Акимыч, менин керегим деле жок окшойт го бул жерде. Туристтердин деле тоого чыгам дегендери жок, бекер эле айлык алып жүрө бериш туура эмес го.

Акимыч мени тигиле карап калды да, күлүп жиберди.

– Ээ, кыжалат болбой жүрө бер. Сага төлөгөн айлыкты мага бир туристтин үч күндүк акчасы эле жаап коёт. Буларды айтып болбойт, бир күнү бирөөсү тоого чыгам деп калса сени каяктан издейм? Ал жөнүндө экинчи ойлонбо,- деп кагаздарына үңүлүп калды. Менден бир нерсени сурай албай жатканын сезип турдум. Эптеп убакытты созуп, сураштын жолун издеп жатты окшойт. Оюма бир нерсе кылт этти. Кантип эле бекерчи бирөөгө акча төлөй берсин, бир текшерип көрөйүн дедим...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Kari
2020-10-05 11:39:15
Бугун кобуроок чыкпаптырда,шайлоодон конул калып отурганда,алакысыйт белем.
+1
Abdinazar-Zholdoshbaev
2020-10-05 22:15:57
Kari,ошону айтсан
+1
Abdinazar-Zholdoshbaev
2020-10-05 22:16:07
Kari,ошону айтсан
+1
Abdinazar-Zholdoshbaev
2020-10-05 22:16:20
Kari,ошону айтсан
+1
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан