ҮЙ-БҮЛӨСҮН ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН АЛЫП ЧЫККАН YOO SEUNG-HO

Бүгүнкү күндө мен-мен деген режиссёрлор аны өз тасмасына тартууга аракет кылган, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө таанымал актёр, ырчы Ю Сын Хо балалыгын: «Көчөдө кайыр сурап отурган адамдын эч нерсеси жок сымал, биздин үйдө да эч нерсе жок болчу. Кедейликтин азабын көп эле көрдүк. Бирок сынып калган жокпуз, 4 адамдан турган үй-бүлө ынтымактуу, жылуу мамилени сактап калдык»,- деп эскерет. Эмнеге ал эрте актёр болуунун кемчиликтери көп деп эсептейт? Ю Сын Хонун оор балалыгынан баштап дүйнөлүк атактуулукка чейинки жолуна кайрылдык.

Толук аты-жөнү: Ю Сын Хо

Туулган жылы: 1993-жыл, 17-август

Туулган жери: Түштүк Корея, Инчон шаары

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, эжеси бар

Бою: 175 сантиметр

Жылдыз белгиси: Арстан

Тартылган белгилүү сериалдары: «Жоокер Пэк Тон Су», «Мен сени сагындым», «Аран жана магистрат», «Эстеп калуу», «Башкаруучу: бет кап кожоюну», «Монарх», «Мен робот эмесмин», «Меморист» жана башка

Тасмалары: «Үйгө карай жол», «Сокур», «Жүрөкчө» (орусча «Искренние лапы» деген аталыш менен белгилүү)

«АТАКТУУЛАРДЫН АРАСЫНДА ДОСТОРУМ ЖОК»

– Мүнөзүмдү айтайынбы? Түнтмүн, бирөө менен тил табышып кетишим кыйын. Тасмада ролумду ийне-жибине чейин өздөштүрүп туруп, анан тартылганга аракет кылам. Боло берет дегендерден эмесмин. Менден «эмнеге атактуулардын арасында досторуң жок?» деп сурашат. Чынында эле атактуулардын арасынан өтө жакын адамым жок. Кесиптештерим менен тамашалашып сүйлөшө албайм, негедир кысылып, уяла берем. Ошон үчүн да «интровертсиң» дешсе керек.

Өзүн интроверт сыпаттаган Ю Сын Хонун балалыгы айтканындай эле оор өткөн. Уул-кызына тамак-ашка каражат табыш үчүн ата-эне жумуштун түрүн кылышчу. Бирок бел оорутуп күнү-түнү иштеген кара жумуштан болор-болбос тыйын түшөр эле. Бир жолу Түштүк Кореяда уюлдук телефон чыгарган компаниялардын бири жарнама үчүн таанымал эмес, карапайым элдин арасынан жаңы жүздөрдү издеп жатканын жарыя кылат. Уулун келишимдүү деп эсептеген эне Сын Хонун сүрөттөрүн сынакка салып жиберген. 6 жаштагы балакай чынында эле сүйкүмдүү болчу. Телефондордун жарнамасына тартылгандан алган акысы ата-энеси бир жылда таба турган суммадан да көп акча болчу.

«9 ЖАШЫМДА АТАКТУУ БОЛДУМ»

– Жоош көрүнгөнүм менен, өжөрлүк сапатым бар. Аны апам билет, ошон үчүн мен эмне каалап жатканымды же бир нерсе жакпай калганын жүзүмдөн окуп коёт. Экранга да апам жетелеп келди. Телефондун жарнамасына тартылгандан кийин көп эле ырчылардын клиптерине тартылдым. Ар кайсы тасмаларда роль жаратып калдым. Анан 2002-жылдан баштап эле атактуу Ю Сын Хо болуп чыга келдим. Ошол жылы «Үйгө карай жол» тасмасына тартылгам. Анда шаарда жашаган эрке, тентек Сан У деген бала болдум. Ата-энеси аны айылда жашаган кулагы укпаган, сүйлөбөгөн чоң энесинин жанына таштап кетишет. Чоң эненин, айылдын жашоосун көрүп Сан У да өзгөрөт.

Болбогон каражатка тартылган «Үйгө карай жол» тасмасы мынчалык ийгиликке жетет деп эч ким күткөн эмес. Бирок тасма ушунчалык популярдуу болуп, прокатта 25 миллион доллардай каражат тапкан. Ал эми Ю Сын Хого «Жаңы жылдыз» наамы ыйгарылгандан тышкары ал миллиондогон күйөрман топтой алган.

«МАГА ДРАМАЛЫК РОЛЬ БАЙЛАНЫП КАЛГАНЫН ЖАКТЫРБАЙМ»

– «Жүрөкчө» тасмасы карьерамдагы маанилүү, ошондой эле бир образга байлаган ролдордун бири болду. Аталган драмада апасы өспүрүм уулун жана кичинекей кызын таштап кетип калат. Агасы карындашы экөө кара курсагын тойгузуш үчүн кандай гана кыйынчылыктарды башынан өткөрүшөт. Ошол өспүрүмдүн ролунан кийин драмалык ролдорду көп сунушташты. Кичинемден драмалык ролдорду аткара берип, чоңойгондо да бул образдан арыла албай жүрдүм. Андыктан азыр мурда ойнобогон ролдорду тандаганга аракет кылам.

Чынында эле «Жүрөкчө» драмасын көргөн адам ыйлабай коё алган эмес. Бул тасмадагы ролу үчүн Ю Сын Хо бир нече жолу «Мыкты драмалык актёр» наамына татыган. Андан бери каарманыбыз көптөгөн тасма, сериалдарга тартылып, өзүнүн ар тараптуу талант экенин көрсөтө алды. Актёр эле эмес, мыкты үнү бар ырчы экенин да далилдеди.

«БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ЧОҢОЙДУМ»

– Окуганды жактырбайм. Мектепти бүткөндө апам «же жогорку окуу жайга окуйсуң, же аскерге кетесиң» деди. Мен аскер кызматын тандап баса бердим. Азыр деле окубаганыма өкүнбөйм, балким, бир күнү окугум келип калса оюм өзгөрөттүр. «Эмне мынча келишимдүүсүз?» деп да сурашат. Мен жылмайып «дайыма апамдын тамагын жегеним үчүн» деп жооп берем. Апам экөөбүз сырдашпыз, мени көтөрмөлөп, сүрөп турган ошол адам. Негизи эле ата-энем, эжем менен мамилебиз жакшы. Бактылуу үй-бүлөдө чоңойгонума сыймыктанам.

Учурда «Кореянын эң келишимдүү мырзаларынын» тизмесинде турган Ю Сын Хо үй-бүлө күтүүгө шашылбай турганын белгилейт. Атактуулардын арасынан актрисалар IU жана Пак Шин Хе өз табитиндеги кыздар экенин айтканы бар.

«ӨЗҮНӨ ТИЕШЕЛҮҮ КЕМЧИЛИКТЕРИ БАР КЫЗДАР ЖАГАТ»

– Жеке жашоомду сыртка алып чыккым келбейт. Бирок кайда барбайын сөзсүз ушул жаатта суроо болот. Жалпылап айтсам, мага идеалдуу айымдын кереги жок. Жөнөкөй, жасалмалуулугу жок, бой көтөрбөгөн, өзүнө тиешелүү кемчиликтери бар кызга жолуксам, ага колдоочу, ишенген адамы болгонго аракет кылам. Жаш курагы 4 жыл өйдө-ылдый болсо боло берет.

Азырынча табитиндеги кызды жолуктура элекпи же жеке жашоосун өзү айткандай сыр сандыкта кармап келе жатабы, айтор, Ю Сын Хо учурда карьерасы менен алек. Ушул жылы чыккан «Меморист» дорамасында да кызыктуу образды ачып бере алды. Актёрдон келечекте дагы кызыктуу ролдорду күтөбүз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Afrodita1993
2020-10-06 03:03:14
Рахмат Супер инфо суранычымды аткарыпсыздаргоо, эми Ли Сын Гини күтөөөм
0
Birimdik5555
2020-10-09 02:01:00
Озуно тиешелуу кемчиликтери бар дегенди кандай тушунсо болот. Мисалы кандай кемчиликтер
0
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан