26-сентябрда Украинанын Харьков облусунун Чугуев шаарында авиакырсык катталды. Анын натыйжасында 22 адам набыт болгонун дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аскердик-транспорттук Ан-26 үлгүсүндөгү учак аскердик машыгуу учурунда болжол менен саат 20:45те аскердик аэродромдон 2 чакырым алыс жерге кулап түшкөн.
Учак жерге кулагандан кийин өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүү кызматы кырсык болгон жерге 1 сааттан кийин барганы айтылат. Анын ичинде Иван Кожедуба атындагы Харьков улуттук университетинин курсанттары болгон. Кырсыктан улам 22 адам каза болду. 4 адамдын дайыны белгисиз. Алар учак кулап келе жатканда секирип кетиши мүмкүн деген божомол менен токойдон изделүүдө.
Жолдубек Качкынбаев