КЕЛИНЧЕГИН БАРА-БАРА КЫЗГАНА БАШТАДЫ
Марат аны бир көргөндө эсин жоготкон. Шыңк эткен күлкүсү, тиктегенде от болуп күйүп турган кумарлуу көздөрүн көргөндө эле “өлдүм” деген. Кызыгың түшкүр, анча-мынчаны теңине албай, чыйт түкүрүп жүргөн 30 жашка чыгып калган жигит 17 жаштагы секелекке арбалды да калды. Арбалганы эч нерсе эмес, бармагында гана ойнотту го, чиркин. Нарындан мал алып келип борборго сатып, жаңы машине сатып алган болчу. Бул 90-жылдардын аягында айыл үчүн укмуш жетишкендик эле. Ошол машинени майлап жүрүп, райондун борборуна келген кыздар менен таанышып калып жатышпайбы. Жанында досу Расул да бар эле.
– Кыздар, айылыңарга чейин ала кетебиз. Бекер эле.
– Рахмат, мейли. Бирок акысын деле төлөйбүз.
– Силердей сулуу кыздардан акы алып жинди белек?
Көзүн кыскан Расул түрдүү тамашаларды айтып кетип бара жатты. “Аттиң, жеңеңер болбогондо, бириңди азыр эле алып кетет элем” деп да тамашалап өттү.
– Жаныңыздагы байкенин аялы сиздикинен да кыйын окшойт, эч эле оозун ачпайт го,- деди шоктонгон кыздардын бири.
– Аа, булбу? Бул Марат байкеңердин аялы жок. Бойдок. Бирок өзү көп сүйлөбөгөн неме.
Сөз ушул жерге келгенде жанагы кыз менен Мараттын көздөрү күзгүдөн туташа түштү. Кыз жылмайып койду. Коңшу айылдын кыздары экен, жеткирип кетип бара жатышты. Тиги кыздын балбылдаган көздөрү Мараттын эсинен чыкпады. “Айзуура аты. Досум, бирок... Сен үчүн жаш болуп калбас бекен? Анын үстүнө...” деген мукактанган досуна көңүл бурбады. Демейде кумурсканын жөргөлөп кеткенин билген сезимтал жайы бар эле, бул жолу эч эле капарына албады. Тез арада ата-энесин жуучуга жөнөттү. Айылда бардар турган адамдын жалгыз уулуна кайдан “жок” дешсин? Ата-энеси да макул болуптур. “Болгону мектепти бүтөрүнө аз калды, колуна аттестатын алып алсын” деген шарт коюшкан экен. Ошентип кыз орто мектепти бүтөрү менен эле экөө баш кошушту. Айзуура тың келин болду. Колунан да, сөзүнөн да келген келинге суктангандар көп эле. Башында Марат үчүн сыймык болчу. Өзү да түнт адам эле. Кандай чөйрө болсо да селт ойготуп жиберген шайыр келинчегин бара-бара кызгана баштады. Кандай жагдайда болсо да биринчи планга чыгып кеткен аялынын көлөкөсүндө калып бара жатканын сезчү. Эркек үчүн бул көтөрө алгыс нерсе эле. Сыртынан баары жакшы көрүнгөнү менен, жарым жылда экөө эки башка дүйнөнүн адамдары экени билине баштады. Айзуура бир жерге тура албаган шок, өрттөп жибере турган кумарлуу, шайтанды жолдон чыгара тургандай амалкөй болчу. Марат болсо өз дүйнөсүндө жашаган, элдин алдында сүйлөмөк тургай, үй-бүлөсүнүн алдында көп сүйлөбөгөн адам эле.
– Сен эл алдында көп ырдай бербечи, ээ?
– Эмне болот экен? Ырдагым келет, үнүм бар.
– Ошентсе да.
Алкымында буулуп турган кызганычын да сөз менен айтып бере албай буулукту. Так кесе “сен муну кылба” деп коё тургандай айта албады. Анткени ансыз да бой салбай жүргөн келинчегинин көңүлүн суутуп алам деп коркту. Коркуу менен сүйүү арасында жүрүп аны чындап колунан чыгарып бара жатканын сезбеди. Үч жыл арасында бир кыз, бир эркек балалуу болушту.
КӨЗҮНӨН ОТ ЖАНГАН КЕЛИНДИ ЭЛ УНУТТУ
– Сен мени жинди кылдың!- деди шыбыраган эркек.
– Өзүң жинди болдуң,- деди шыңк эткен келин.
– Мараттын бетин кантип карайм?
– Мен кайдан билем, карасаң кара, карабасаң көчүп кет,- деди келин. Бир паска үн катпай калды да, акырын кошумчалады. – Кабатыр болбо, мен кетем.
– Кайда?
– Орусияга.
– Жинди болгон го. Баары жетиштүү, сен кайда барасың?
– Иштейм, эркин болом. Алакандай айылда өмүрүм өтүп кетмек беле? Билесиңби, мен актриса же ырчы болмокмун. Апамдар болбой Маратка күйөөгө берип салышты. Кээде айыл мага ушунчалык тар сезилет, малды талаадан айдап келе жатканымда бакырып-бакырып алгым келет. Мен Мараттын жанында думугуп баратам.
– Эх, акылсыз, бактың Марат экенин билсең. Урбаса же сокпосо. Каалаганыңды кылат го.
– Сен да мени түшүнбөйсүң. Мага от керек, көзүнөн жалын күйүп турган адам керек.
– Маратты кой, балдарыңды да таштайсыңбы?
– Ооба.
Айзуура ушундан көп өтпөй Орусияга кетип калганы угулду. Айылдагы көп эркектин уйкусун алган, көбүнүн карегинде катып калган аял эле. Аркасынан уу-дуу кеп болду да, жашоо өз нугу менен кетти.
Көзүнөн от жанган келинди эл унутту. Бирок Марат эч унута албады. Мурункудай эле чакан өнөрканасында ээр чаап, комуз чаап, сүрөт тартып өз дүйнөсү менен алек. Жыгачты сүйлөтчүдөй чебер колдору бар эле. Аялы кеткенден кийин таптакыр эле элге аралашпай калды. Мурун эле кем сөз эле, эми такыр үн катпаган Маратка айланды. Сыртынан караганда баары мурункудай болчу. Бирок анын жан дүйнөсүнө эч ким үңүлбөдү. Балдарын ата-энеси багып калып, жолуна салды. Кийин ата-энеси каза болуп, балдары шаардагы гимназияда окуп калышты. Туугандары эчен кыз-келинди көрсөттү, эч бирине көңүлү келбеди. Күндө эртели-кеч үйүнөн чыгып шаардан келчү жолго чейин барып келчү. Өтө сезимтал жан гана анын үмүт менен жолду тиктеп жатканын байкабаса, көбү байкачу деле эмес. Жылдар өтүп, Айзуура деген атты көбү унутуп деле калды. Анда-санда гана анын канча күйөөгө тийип чыкканын эсептеп калгандар болчу. Ортодон 17 жыл өткөндөн кийин Айзуура капысынан пайда болду. Баягы эле шок көздөр, сулуу жүз, бир аз гана салмак кошкону болбосо, Айзуура мурункудай эле болчу. Марат болсо чачтары агарган, күрс-күрс жөтөлгөн, өз жашынан эки эсе карып кеткен эле.
“КАЙРЫЛЫП КЕЛЕРИҢДИ БИЛГЕМ”
– Сен келдиңби?..
– Келдим. Ооруп жатканыңды угуп келдим.
– Эгерде аяганы келсең кереги жок.
– Жок, өзүмдү аяган үчүн келдим. Сен эмес, мен байкуш экенмин. Издедим, таптым, жоготтум. Айланкөчөк жашоодо ордумду таба албадым. Анан сен тууралуу уктум. Жок дегенде сенин кечиримиңди алайын дедим.
– Сен мага эмнеге турмушка чыкканыңды билесиңби?
– ...
– Сен мага эмес, ата-энемдин даражасына, мал-мүлкүнө кызыгып турмушка чыккансың. Ага жеткенден кийин сага сүйүү кызык көрүндү. Айылдан бир тобунун башын айландырдың, ичимден сынып турсам да көрмөксөн болдум. Ал дагы жетпеди, чоң оюн ойномок болдуң. Сен акылыңда сүйүү издедим дедиң, бирок сен чындыгында байлык издедиң. Байлык да келгендир колуңа, бирок эмгек кылбасаң кандай жеңил келсе ошондой жеңил кетет. Азыр да менин күнүм бүтүп баратканын сездиң да, келдиң. Мен муну башында эле билгем. Ошол үчүн мыйзамдуу түрдө ажырашкан эмесмин. Баары бир мага болбосо да үй-жай, мал-мүлккө кызыгып кайрылып келериңди билгем. Ооба, баары сага калат. Туура эсептедиң.
– Марат!
– Мен сени бир көргөндөн ашык болдум. Көзүңдөгү от... Ошол от мени арбап алды. Эч нерсеңе, шайкелең мүнөзүңө, туруксуз мамилеңе карабай сүйдүм. Ичимден от болуп жанып сүйдүм. Бирок көргөн жоксуң. Сенин жакын досумдун башын айлантып жатканыңды көргөн жок деп ойлойсуң, бирок мен көрдүм. Ичим чок болду. Бирок үн катпадым. Акылсыз же алсыз белем? Жок, жөн гана сүйдүм. Айылдагылар мага “Айзуура башыңды айлантып алган” деп айтышат. Жок, алар да жаңылышат. Мен болгону сүйдүм! Бул дүйнөдө аз гана эркек мендей сүйө алат.
– Мени кечир...
– Колуңа эмне тапшырганымды сезбесең, жоготконуңдан кийин кайдан билмексиң? Мен сага чындап эми боорум ооруду, Айзуура.
Марат терс бурула берди. Ал көз жашын көрсөткүсү келбеди. Анткени дагы деле Айзуура аны түшүнө албаганын билди. Эртең эле, ашы өтө электе үй-жайына ээлик кылып эл алдында кашкайып сүйлөп турарын да сезди. Бир өмүр күткөн үмүтү, оңолот, акылына келип бакыттын баасын түшүнөт деген адамы азыр да түшүнө албаганын сезди. Эки айдан соң Марат көз жумду.
– Атаңдын 40 күнүн өткөрөм деген досторунан кабар жок. Балам, мени угуп жатасыңбы?- деди Айзуура.
– Угуп жатам, апа. Эч кабатыр болбо, өзүм өткөрөм.
– Сенби? Кайсы акчаңа?
Баласы күлүп жиберди. Апасына алакандай барак көрсөттү.
– Сен ушунча жылдан кийин келип баары мурункудай болот деп ойлодуң беле? Атам акылдуу киши болчу, сен анын мыйзамдуу аялысың, сыртынан караганда баары сага калмак. Бирок ал баарын сатып, акчасын эжемдин атына банкка салып койгон. Мен 18 жашка чыкканда экөөбүз бөлүп алабыз. Азыр сиздин эч нерсеңиз жок, апакеси. Кайра кете берсең болот. Жолуң шыдыр болсун!
Ошондо гана Айзуурага Мараттын “колуңа эмне тапшырганымды сезбесең, жоготконуңдан кийин кайдан билмексиң?” деген акыркы сөзү эсине түштү.
Айлин Д.