ӨТӨ КРИМИНАЛДУУ 13-РАЙОН ЖАНА ЭКИНЧИ БӨЛҮГҮ

Тасма таржымалы

Атышуу, мушташуу, имараттардын чатырынан чуркоо, баңги дүйнөсү... Мунун баары “13-район” тасмасында. Ал эми анын экинчи бөлүгүндө булар өзгөчө өркүндөтүлүп берилген. Бул фильмди көпчүлүк сүйүп көрүшөт, бирок тасма эч кандай сыйлыкка ээ болгон эмес.

"13-РАЙОН"
Тарткан өлкө – Франция
Жарык көргөн мөөнөтү – 2004-жыл, 10-ноябрь
Жанры – Боевик, фантастика
Режиссёру – Пьер Морель
Сценарийин жазган – Люк Бессон, Биби Насери
Оператору – Манюэль Теран
Композитору – Бастид Донни, Да Октопусс, Дамьен Рок
Башкы ролдордо – Сирил Раффаэлли, Дэвид Белль, Тони Д`Амарио, Биби Насери, Дэни Вериссимо
Бюджети – 12 000 000 евро
Узактыгы – 85 мүнөт

"13-РАЙОН. УЛЬТИМАТУМ"
Тарткан өлкө – Франция
Жарык көргөн мөөнөтү – 2009-жыл, 8-февраль
Жанры – Боевик, фантастика
Режиссёру – Патрик Алессандрин
Сценарийин жазгандар – Люк Бессон
Оператору – Манюэль Теран
Композитору – Да Октопусс
Башкы ролдордо – Сирил Раффаэлли, Дэвид Белль, Филипп Торретон, Даниэль Дюваль, Элоди Юнг, МС Жан Габен, Жеймс Деано, Лауни Муид, Фабрис Флетцингер, Пьер-Мари Москони
Бюджети – 12 000 000 евро
Узактыгы – 101 мүнөт

ЭКИ БӨЛҮКТҮН КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Тасмадагы окуя 2010-жылды чагылдырат. Зөөкүрдүк, аракечтик, баң­гилик, кылмыштуулук өкүм сүргөн 13-район Франциянын баш калаасында жайгашкан. Криминалдуу аймак болгондуктан, өкмөт тарабынан райондун айланасы бетон менен курчалган. Бетондун ичинде такыр башка жашоо. Баңги бизнес гүлдөгөн аймак. Курал-жарак сатуу картошка сатуу менен барабар. Бул райондо кичинекей бала да куралсыз жүрбөйт. Мектеп, оорукана дегендердин иштебегенине көп убакыт болгон. Полиция мыйзамга эмес, кылмышкерлерге иштейт. Иштебесе оңой эле о дүйнөгө кете берет.
Ошол районду кармаган мафиянын башчысында нейтрон жардыргычы болот. Ал жарылса, бүтүндөй район кыйрайт. Жардырууну алдын алуу милдети атайын даярдыктан өткөн офицер Дамьенге (Сирил Раффаэлли) тапшырылат. А бирок чындыгында, бомба атайын жардыруу үчүн даярдалган. Өкмөт муну менен чыр-чатактуу, криминалдуу райондун маселесин оңой чечүүнү көздөйт.
Дамьендин аталган районго туш келиши кыйын болчу. Ага 13-районду мыкты билген, жакшы мушташа алган Лейто (Давид Белль) жардам бере алат эле. Бирок ал кезде Лейто абакта отурган. Полиция Лейтого Дамьенди абакта отурган адам катары көрсөтүп, “башка түрмөгө которуп жатабыз” деген шылтоо менен экөөнү бир унаага салат. Ошондо качуу уюштурулуп, Дамьен менен Лейто тил табышып сүйлөшүп калышат. Бомба жайгашкан аймактын чоңу Лейтонун карындашын бир шарт менен туткунга алган...
Көптөгөн кыйынчылыктарды басып өтүп, жыйынтыгы ойдогудай аяктайт. Башкача айтканда, жардыргыч жарылбайт, Лейтонун карындашы аман калат.

“13-РАЙОН. УЛЬТИМАТУМ”
Тасманын экинчи бөлүгүндө бая­гы болгон окуядан кийинки мезгил көр­сө­түлөт. 2013-жыл. 13-райондун зөөкүр­лөрү полиция кызматкерлерине кол салып, машинаны аткылоого алышат. “Бири-бирибизге кол салбайбыздеген сүйлөшүүнү криминал чөйрөнүн адамдары бузушту” деп өкмөт өзөктүк жардыргыч затын (ядролук бомба) таштоону чечишет. Чындыгында, полиция кызматкерлерине райондун балдары эмес, чагымчыл агенттер кол салышкан эле. Алардын максаты район жардырылса аймак чоң курулуш компаниясына берилет эле. Алар өз бизнесин өнүктүрмөк. Албетте, бул үчүн чагымчылар чоң суммадагы акча алышмак. Муну айгинелей турган видео-кассета башкы каармандын бири Дамьенде болот. Бирок “үйүнөн баңгизаты табылды” деген шылтоо менен аны камап коюшат. Дамьен Лейтого телефон чалып жардам сурайт. Лейто аны абактан алып качып, өлкө башчысына кассетаны көргөзүүнүн жолун ойлоп ага барып көрсөтүшөт. Аягында президент менен сүйлөшүлүп, криминалдуу район жардырылат. Мамлекет элге үй куруп бермей болот. Ушуну менен кармандар бүтүндөй Парижди хаостон сакташкан болот.

АКТЁРЛОР ЧЫНЫГЫ КАСКАДЁРЛОР
Франциянын боевик тасмалары дайыма чыныгы трюктары менен башкалардан өзгөчөлөнүп келген. Мунун ичинде, албетте, “13-район” тасмасы да бар. Тандалган актёрлор Белль Давид менен Сирил Раффаэлли такшалган каскадёрлор. Актёрдук талантынан тышкары мыкты спортчулар. Баса, паркур деген спорт ыкмасы тууралуу уксаңыз керек. Башкача айтканда, кыйынчылыкты басып өтүү же кычык-кучукка оңой батуу. Дал ушул түрдүн негиздөөчүсү Давид Белль деп саналып келет. Ошондуктан ролду ийине жеткире аткарган. Кайсы бир эффекттер монтаждалып берилсе да чындыкка жакын болгондуктан, жасалма кадрлар тасмада билинбей калган.

БАШКЫ КААРМАНДАР КИМДЕР?
Тасманын эки бөлүгүндө тең тартылган актёрлор эл арасында Жеки Чан же Брэд Питт сыяктуу анчалык деле популярдуу эмес. Бирок андагы Лейтого, анын 160 сантиметр бойлуу карындашына, Дамьенге кызыккандар бар.

Белль Давид (Лейто)
Белль Давид 1973-жылы 29-апрелде туулган. 13 жашында мек­тепти таштап, спорт дүйнөсүнө толугу менен кирип кеткен. 15 жашында “кунг-фу боюнча кара куралам” деп Индияга жөнөйт. Ал жактан аталган спорттун түрүн мыкты үйрөнүп, мекенине кайтып келет. Ошондо келбеттүү жигитти жарнама берүүчүлөр байкап, роликке тартылууну сунуштаган. “BBC” телеканалынан көрсөтүлгөн жарнактарда “Nissan” жана “Nike” фирмаларынын жүзү болуп чыкканда режиссёрлордун көзүнө көрүнүп, тасмага тартылуу сунушун алган. Белль бир нече тасмага тартылган, бирок аны “13-район” тасмасы тааныткан.

Сирил Раффаэлли (Дамьен)
Сирил Раффаэлли – француз актёру, каскадёр, акростритер. 1974-жылы 1-апрелде туулган. Бала чагынан спорт менен машыккан. Жеки Чандын тасмаларын сүйүп көрүп, өзүн болочокто актёр катары көрүүнү самачу. Учурда актёрлуктан тышкары чыгыш күрөшү боюнча инструктор. Мушташуу искусствосу боюнча ИККФтин Дүйнө кубогунун ээси, бокс боюнча Франциянын чемпиону. Кино менен спорт актёрдун жашоосун дайым коштоп келет. “13-районго” чейин “Такси 2”, “Поцелуй дракона” аттуу фильмдерге тартылган. Учурда Драма театрда да иштейт.

Дэни Вериссимо (Лейтонун карындашынын ролунда)
Дэни Вериссимо 1982-жылы 27-июнда туулган. Францияда порноактриса катары популярдуу. Бирок Дэни Вериссимо эмес, Элли Мак Тьяна аттуу ысым менен таанымал. 17 жашында өгөй атасы менен тил табыша албай үйүнөн чыгып кеткен. Эмне иш менен алектенип, кантип нан табарын билбей жүргөндө порнофильмге тартылууга сунуш алып, макулдугун берген. 2001-жылы Родольф Вериссимо аттуу мырзага турмушка чыгып, анын фамилиясына өтөт. Ошондон кийин мурунку ишин токтотуп, эротикалык эмес тасмаларга тартылып калган. Алардын бири “13-район”. Учурда моделдик бизнеси бар. Жолдошу менен ажырашкан, бир баланын энеси.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bagdat
2010-10-04 19:28:08
Ах порнушка десе, мен сени суйуп журсом сен болсо жаман кинолорго тартылып жургон экенсинда шумшук десе.......
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан