“АТАМДЫН ЖҮЗҮНӨ КАРАБАГАН 20 ЖЫЛ”

– Бүгүн дагы атамды көчөдөн көрдүм. Аялы менен жетелешип, биз жактагы дүкөнгө келип кетти. Мен үчүн бул көнүмүш адат, атамды терезеден же көчөдөн алыстан гана карап, тааныш эмес адамдардай андан ары жолумду улоо. Ушундай жашоонун жыйырманчы жылында жашап жатам. Атам мен 5 жашка чыкканда бизден кеткен. Азыр 25ке чыктым. Сыртымдан ишим жоктой көрүнгөнүм менен, аны кезиктирүү мен үчүн оор. Көргөндө атам жөнүндөгү ойлордо көпкө жашайм. Өзүмдү алаксытып жумуш жасайм, баламды ойнотом, бирок кээде ичип да кетем. Бир айылда, болгондо да көчөнүн тиги башында жашап калганын кара. Көп кез келебиз. Бирок ата-баладай мамиле тургай, ортобузда айылдаштардай сый жок, эки башка планетадан келгендердей эле чоочунбуз, учурашпайбыз. Моюнума алам, атамды сагынам, аябай сагынам. Жолугуп, сүйлөшүп отуруп, жашоомдо болгон бардык окуяларды айтып бергим келет. Ичимде катылган ызаны, таарынычты чыгаргым келет. Анын эмнеге бизди таштап кеткенин өз оозунан уккум келет. Апамдын айтуусунда, атам көчөнүн тиги башында жашаган Айжамал эжени сүйүп калыптыр. Үй-бүлөсүн, 6 баласын чанып, Айжамал эженин үстүнө кирип жашап алыптыр. Айыл элине уят болуп, атама катуу таарынган апам бизге атам менен сүйлөшүүгө тыюу салган. Ичимден атамды актагым келе берет, анын да чындыгы бар экенине, анын бизди таштап кетүүгө мындан олуттуу себептери болгонун өзүнүн оозунан уккум келет. Бирок, кайдан? 20 жыл ичинде курулуп калган, жыл өткөн сайын бекемделе берген ортобуздагы дубалды бузуу оор экен.

Ата, сен чын эле балдарыңды ойлогон жоксуңбу? 6 балаңдын жалдыраган көздөрүнөн кантип бурулуп кеттиң? Таң калам. Мен азыр жанымда уктап жаткан Алиханымды талаага кетсем сагынам, үйгө кайтууга шашам. А сен 6 балаңды такыр карабай кеттиң. Биз апамдын сөзүнөн чыга албай сени менен учурашпай коркутсак, сен да бизди коркутуп такыр карабай калганың да акылга сыйбас нерсе. Мен сени кеткен күндөн тартып эле сагына баштагам. Куса болуп ооруп калганым да эсимде. Бир көчөдө жашаган атамды сагынып куса болуп көп оорудум. Мен эле эмес, байкемдер, эжемдер да сагынышты, оорушту. Бермет эжемдин көчөдөн сени көздөй чуркаганы, сен салкын гана учурашып, узатып койгонуң эсиңде болсо керек? Аны көрүп жүрөгүм катуу ооруган.

Атам карабай кеткени менен, бизди атамдын туугандары, аталаш агасынын үй-бүлөсү карашты. Материалдык жактан кем кылбаганы менен, алар бизди жалдап алган малайындай эле жумшашты. Биз байкемдерден камкордукка караганда кордукту көп көрдүк. Себептүү, себепсиз деле уруп-сабай беришчү. Апам унчукпай баарына чыдашыбыз керек экенин үйрөттү, өзү да аларга баш көтөрүп сүйлөй албайт, толугу менен көз каранды. 6 бала менен жалгыз калган апам байкуш аларга баш ийип жашаштан башка айла көргөн эмес окшойт. Башына кыйынчылык түшсө коргоп алар ата-энеси, туугандары жок. Апам балдар үйүндө чоңойгон. Баарыбыз байкемдерге үн көтөрүп сүйлөй албай, басынып чоңойдук. Азыр деле баш көтөрүп калдык дей албайм. Бир баланын атасы болсом да аларга каршы чыга албай, алардан корккон бойдон калдым. Жүрөгүмдүн үшүн алып коюшуптур. Жадакалса баламды уруп жатса да, каршы сүйлөштөн корком. Байкуш келинчегим балам менен кошо мени да байкемдерден коргогонго аракет кылып, күйпөлөктөп жүрөт. Эжелеримдин баары турмушка чыгышкан, байкелерим үйлөнүп, бөлүнүп кетишкен. Баягы аталаш байкелериме кошуна болуп мен калдым. Ата, 5 жашымда сага, мээримиңе, камкордугуңа канчалык муктаж болсом, азыр да ошондой муктажмын. 20 жылдан бери көкүрөгүмө толгон сагынычым кээде уктатпайт. Намысты, коркууну, таарынычтын баарын жыйыштырып, сага баргым келет. Жүзүңө карап сагынычымды тараткым келет, таарынычымды айткым келет, ата-баладай жөн гана сүйлөшүп отургум келет. Бул өмүрдө ушундай күч таба алар бекем? Же эки жээкте жүрүп өтүп кетебизби?

Урмат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан