ӨЗҮҢДҮ-ӨЗҮҢ БААЛООГО ҮЙРӨН!

Адам өзүн канчалык урматтап, сүйө алса, жакындарын да ошончолук сыйлап, кам көрө алат. Сиз өзүңүзгө ишенесизби? Өзүңүздү канчалык деңгээлде сыйлап, баалай аласыз? Бул макала сизди өзүн-өзү төмөн баалоо сезиминен арылтууга жана өзүңүзгө болгон ишенимди бекемдөөгө жардам берет.

ЭМНЕ СЕБЕПТЕН АДАМ ӨЗҮН-ӨЗҮ БААЛАШЫ КЕРЕК?

  • Адам өзүн баалаганды үйрөнгөндө төмөндөгү 4 нерсе өз жемишин бере баштайт:
  • Бирөө сизди сындаса, ал сизге такыр таасир этпей калат. Эгер сиз өзүңүздү баалабасаңыз, айтылган терс сын-пикирлер үчүн араздашып же чырдашып кетишиңиз ыктымал. Же көңүлүңүз чөгүп калышы мүмкүн.
  • Бирөө мактап койсо же кошоматчылык кылса, сиз өзгөрүлүп кетпейсиз. Себеби сиз өзүңүздү баалап баштаганда башка бирөөдөн мактоо күтпөй каласыз.
  • Үй-бүлөңүзгө, ата-энеңизге, жакындарыңызга кандай жагдай болбосун эң биринчи көңүл буруп баштайсыз. Адатта көпчүлүк адамдар конок келгенде же башка маанилүү нерселер болгон учурда жакындарын унутуп коюшат.
  • Өзүңүздү сыйлап баштаганда башкаларга карата атаандаштык, кызгануу сезими жоголуп, аларга карата суктануу, сыйлоо сезими өөрчүп баштайт.

ТОБОКЕЛДИККЕ БАРУУДАН КОРКПО

Көпчүлүк адамдар жашоодо кандайдыр бир тобокелдикке барууну каалашат, бирок андай чечим кабыл алуудан коркушат. Анткени “башкалар чечимдерим жөнүндө кандай ойдо калышат?” деп тынчсызданышат. Мындай тынчсыздануудан кутулуу кажет. Дароо эле чоң коркунучка секирүүгө эч кандай негиз жок! Кичинекей тобокелдиктерден баштаңыз.

Өзүн баалоо боюнча сиз 1ден 10го чейинки упай бериңиз. Мисалы, сиз өзүңүзгө 8 упай бердиңиз дейли. Тактап айтканда, өзүңүздү өтө маанилүү сезип, жакшы баалайсыз. Психологияда ушундай нерсе бар: Өзүңүздү баалап 8 упай бергениңиз үчүн эч ким аны 7ге түшүрө албайт, 9га да көтөрө албайт. Башкача айтканда, өзүңдү канчалык деңгээлде баалай алсаң, башкалар да сени ошондой кабыл алып, баалайт. Бул психологияда далилденген. Ошондуктан ар дайым өзүңүздү баалаңыз, жакшы кийимдерди кийип, өзүңүзгө аябай маани бериңиз. Бул колуңуздан келет.

Адам өзүн-өзү баалап, сыйлаганды үйрөнгөндө көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачылып, ийгиликтүү болуу үчүн шарттар түзүлөт. Анткени сиз убакытты үнөмдөп каласыз, башка керексиз нерселер үчүн убакыт коротпойсуз. Себеп дегенде сиз өзүңүздү, өз убактыңызды, жасап жаткан ишиңизди жана кадамдарыңызды сыйлап жатасыз.

АР БИР АДАМ КАЙТАЛАНГЫС ЖАНА УНИКАЛДУУ

Дүйнөдө 7 миллиарддан ашык калк бар. Ошонун ичинен ар бир адам өз алдынча уникалдуу, оригиналдуу жана өзгөчө жаратылган. Ар бирине ар башкача шык-жөндөм берилген. Эч ким бири-бирине окшобойт. Керек болсо, манжаларыбыздын издери да окшобойт. Мунун баары сиздин өзүңүзгө ишенүүгө жана баалай билүүгө болгон бир себеп.

Ишеним – бул эң негизги нерселердин бири жана анын таасири биздин жашообузда абдан зор мааниге ээ. Эгер өзүңүзгө ишене алсаңыз, сөзсүз бир нерсени жасай аласыз. Ошол сыяктуу эле, өзүнө ишенген адам сөзсүз түрдө аны ишке ашыра алат жана калгандар да сага ишенишет. Өзүңүзгө ишенүү сизди чечкиндүү кылат.

ТУЛКУ БОЮҢУЗДУ ТҮЗДӨП, ТЕРЕҢ ДЕМ АЛЫҢЫЗ

Адамдын өзүнө болгон ишеними ар дайым бир калыпта турбайт. Андыктан сизде өзүңүзгө болгон ишеним жок болуп жатса тулку бойду түз алып жүрүүгө үйрөнүңүз. Үйдө болгон учурда боюңузду түз кармап, эки жакка басыңыз. Кантип басканыңызды видеого тартып, сырттан карап көрүңүз. Ушул көнүгүүлөрдү тез-тез кайталап туруңуз. Анткени бул нерсе сиздеги өзүңүзгө болгон ишенимди чакырат. Адам ишеним “жыттанып” турса жанындагылар да ага ишенет. Керек болсо туура эмес нерсени да өтө ишенимдүү түрдө айтып ынандыра аласыз.

МУРУНКУ ИЙГИЛИГИҢИЗДИ ЭСТЕҢИЗ

Өзүңүзгө болгон ишенимиңизди чакыруу үчүн буга чейинки ийгиликтерди эстегениңиз жакшы. Ошол убакты элестетиңиз. Ар бир ийгилигиңизди эстеген учурда бир жериңизди чымчып же муштумуңузду түйүңүз. Бул ыкманы бир нече ирет кайталаңыз. Муштумуңузду түйгөндө ийгилик-жетишкендиктериңиз көз алдыңызга элестеп турсун. Бул сизге чындап өзүңүзгө ишенип, башка ийгиликтерди багындырарыңызга өбөлгө болот.

АЛДЫГА КОЙГОН МАКСАТЫҢЫЗДЫН ИШКЕ АШЫП ЖАТКАНЫН ЭЛЕСТЕТИҢИЗ

Бул нерсе сиздин жашооңузда алдыдагы максаттардын чындап ишке ашарына көмөкчү болуп, өзүңүзгө болгон ишенимди ого бетер бекемдейт.

Ийгилик сизге бир күндүн ичинде эле келип калчу нерсе эмес. Ошондуктан сиз бул кадамдарды бир жолу ичкенде ооруну басып койчу дары сыяктуу элестетип албаңыз. Тескерисинче, убакытты талап кылган, жашооңузду кыйла жакшыртууга болгон аракет жана өз алдынча иштөө процесси экендигин түшүнүңүз. Адам ар дайым өзүнүн үстүнөн иштеп, өзүн-өзү көзөмөлдөп туруусу керек.

Материалды даярдоого АКШда, Германияда билим алган эл аралык коуч Максат Муктаров көмөктөштү.

Жумабай Акимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
oshondoiraak
2020-10-05 12:00:00
Уйдо кокурокту которуп басып атсам коргондор не болду керкеип калгансын дешти эле видеого тушуп атам дедим, десем баары кулушту анан эшике ошенткен бойдон чыгып кеттим баары тиктейт го айнып калнанбы дешти кечке ошентип журдум
+4
Baktyluumun98
2020-10-05 16:36:26
Рахмат Супер.
0
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан