Жаныбарлар дүйнөсүндө
Бөрү... Бул жаныбар, башкысы, көздөгөнүнөн кайра тартпастыгы жана эркиндикти баалагандыгы менен айырмаланат. Карышкырлардын жашоо образы, мүнөзү төмөнкү маалыматта.
КЫЗЫКТУУ
БӨЛТҮРҮКТӨР
Канчыктары балдарын курсагында 62-65 күн көтөрүп, анан көздөрү ачылбаган 3төн 10-13кө чейинки бөлтүрүгүн жарыкка алып келет. Ата-энеси балдарын жеген жемдерин кусуп берүү менен багышат. Жайдын аягында жаш бөлтүрүктөр чоңдор менен кошо аңчылыкка чыга башташат.
Бөлтүрүктөр туулганда көздөрү көк болуп туулат да, 8-16 апта өткөн соң алтын-сары же сары-күрөң түскө өтөт. Чанда гана кээ бирөөлөрдүн көзү өмүр бою көк бойдон калат.
Ургаачы бөлтүрүктөр 2 жылда, эркектери 3 жылда тукум улоого жарап калышат.
Бөрүлөрдүн 42 тиши болот.
ЖЕМИ
Бөрүлөр жайкысын канаттуулардын жумурткасы, балапандарынан да кыя өтүшпөйт. Түлкү, ит, алтургай кээде ач калганда уйкудагы аюуга кол салган учурлары болот.
Жалгыз карышкырлар жем үчүн суур, келемиш сыяктуу майда жандыктарды деле кармай беришет.
Бөрүлөргө каннибализм таандык. Аңчылардын аткан огунан улам жарадар болгондорун же үйүгүшүү учурунда канчык талашып алсызданган бөрүнү талап жеп коюшат.
Башка жырткычтардан айырмаланып желип бүтпөй калган олжого кайтып келишет. Бөрүлөрдүн чоңдору бир жегенде 10 килограммга чейин этти жеп коё алышат. Үй жандыктарынын тарптарынан, жээкке чыгып калган деңиз жаныбарларынын өлүгүнөн да баш тартышпайт. Жут болгон жылдары бөрүлөр үчүн бака, чегиртке, коңуздар деликатес ордуна жүрөт.
Түштүктү байырлаган бөрүлөр жер-жемиштерди, ал гана эмес козу карын жегенди илгери эле өздөштүрүшкөн. Талаа аймактарында жашагандар бакчага кирип келип, коон-дарбыз сугунуу менен суусунун кандырып, курсагын тойгузуп кете беришет.
АЙМАГЫН КОРГОШОТ
Бөрүлөр өздөрү турактаган аймагын башка бөрүлөрдөн коргоп, белги коюшат. Дүмүрлөр менен чоң таштарды заарасы же заңы менен белгилеп, кулаган дарактардын кабыгын тытмалап из калтырышат.
Кар оор түшкөндө бири-бирине жакын, куйрук улай тизиле басышат. Мындайда алар биринин изин бири басып да калышат. Андыктан мергенчилер канча бөрү өткөндүгүн биле албай баш катырышат.
КӨК ЖАЛ
Бул – бөрүлөрдүн ириси, эң күчтүүсү, тартынбасы жана тайсалдабасы. Адатта үйүр башчысы. Булар башка бөрүлөрдөй тарп жебей, алсызын баса калбай, үйүр ичиндеги мыйзамды көзөмөлдөп, мырзалыкты сакташат. Андыктан адамдар аларды жана жол баштаган эрлерди “көк жал” деп атап келишет.
Үйүр башчы убак-убагы менен кол астындагыларга өзүнүн ким экендигин эскертип ырылдап, тиштеп, кубалап турат. Анын ырайымсыз, сүрдүү бир көз карашы баш ийүүгө аргасыз кылат. Бөрүлөр үйүр башчысына кошомат кыла жерде жата калып буттарын тарбаңдатышат. Же кулагын жапырып, жерге жабыша ага жөргөлөп барып акырын жалагылап, мурдун секин тиштегилеп, анан жылып жоголушат.
ЭМНЕ ҮЧҮН УЛУЙТ?
Бөрүлөр өзүнүн мүчөлөрү кайда жүргөндүгүн билүү, жем болчу жаныбарды кармоо тууралуу кабар берүүдө, кээде жөн гана башкаларын баарлашууга чакыруу үчүн улушат.
ххх
Арадан кылымдар өтүп, кийин асабага бөрүнүн башын тагып отурбастан, анын сүрөтүн гана тартып коюуга өтүшөт. Айрым маалыматтарда ушундан улам калмактар кыргыздарды “буруттар” деп атап калышканы айтылат. Анткени “бурут” деген сөз “бөрү” жана “ит” деген сөздөрдөн келип чыккан делинет.
ЖАНА ДА...
БӨРҮНҮН ТЫРМАГЫ КЫРСЫКТАН САКТАП, ӨТҮ ДАРТТАН АРЫЛТАБЫ?
Илгертен элибизде бөрүнүн өтү, тырмагы, чүкөсү, тарамышы, азуусу колдонулуп келет. Бул тууралуу акын, журналист Шайлообек Дүйшеев айтып берет:
– Элибизде карышкырдын чүкөсү, тарамышы, өтү, терисине байланышкан ырым-жырымдар бар. Мурун алардын касиетине ишенүү да күчтүү болгон. Учурда бул ырым-жырымдар аз да болсо колдонулат.
Чүкөсү, тырмагы, азуусу. Буларды көз тийүүдөн, жамандыктан, кара күчтөрдөн, бөөдө кырсыктан “түпкү бөрү энебиз сактасын” деп баланын бешигине илишкен. Анан дагы аллергиянын түрү болгон бөрү жатышта ооруган баланын кийимине чүкөнү тагып койсо, бөрү жатыш кетип калган.
Тарамышы. Илгери элибиз, негизинен, мал менен жан сактап келгендиктен, мал уурдалганда тарамыш колдонулган. “Тарамышты таап, күйгүзгөндө уурунун колу-буту тырышып, майып болуп калат” деген ишеним болгон.
Тарамыш каргышта да пайдаланылган. Мисалы, кыянаттык иш кылган адамды каргап, тарамышты түтөтүп "тарамыштай тырышып кал” дешкен. Тарамыштын касиетинен улам эл мал уурдагандан, кыянаттык кылуудан коркушкан.
Өтү. Өт деген адамдын тамагын сиңирип, адамга кайрат-күч берет. Андыктан “көк жал бөрүдөй күчтүү, кайраттуу болсун” деп, жаңы туулган баланы карышкырдын өтү менен оозантышкан. Өттү кээ бир оору түрүнөн айыктырууда да колдонушкан.
Териси. Боз үйдө илинип турган тери жамандардын кара ниетинен сактап, адамдын эркин чыңдайт делинген. Көк жалдын териси илинип турган үйгө тайгандан башка иттер баш бага албаган.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg