АКШ СУУТЕК МЕНЕН ЖҮРҮҮЧҮ УЧАК ЖАСАЙТ

АКШдагы “Universal Hydrogen” аттуу компания суутек менен жүрүүчү учактарды чыгаруу алдында турат. Бул технология “De Havilland Canada DHC8-Q300” аттуу учагында, же болбосо “Dash-8” аттуу учакта сыналат.

“Dash-8” учагы 40 жүргүнчүнү батыра алат.

“Universal Hydrogen” иш жүзүндө бардык тармакта орнотула турган учактар үчүн суутек кубатын иштетүү долбооруна киришти. Эгер бардыгы план боюнча кетсе, анда бул учак суутек менен иштеген эң ири учак болот. Аталган компания 2200 учак чыгарары пландалууда.

Жибек Мурсакматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан