Кытайда “Vivо” компаниясы тарабынан чыгарылган “акылдуу сааттар” сатыкка чыга баштады. Аталган категорияга кирген сааттарга "Vivo Watch" аталышы берилди. Бул саат тегерек формада, керамикадан жасалат. Аталган "акылдуу сааттар" спорттук көнүгүүлөрдү, чуркоо, сүзүү, велосипед тебүү, жөө басуу жана башкаларды көзөмөлдөй алат. Жүрөктүн кагышын, кандагы канттын деңгээлин, ошондой эле стрессттин, уйкунун абалын текшерүүгө жөндөмдүү. Кубаттандыргычсыз 9-18 күн жүрөт.
Жибек Мурсакматова