Facebook компаниясы “Oculus Quest-2” аталышындагы виртуалдуу көз айнектерин "Connect" көргөзмөсүндө көрсөттү. Бул көз айнектерди компьютерге туташтырса болот. 64 гигабайттык моделдин баасы 349 евро деп бааланууда. Ал эми 256 гигабайттык модели 449 евро турат. Азыркы учурда көз айнектерди сатыкка чыгаруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Түзүлүшү төрт камералуу жана сенсорлуу көз айнек колдонуучуга ыңгайлуу. Алар баштын эки жакка бурулушун көзөмөлдөп турат. Көз айнекте 50 тиркеме камтылган каталог бар. Бул көз айнекти тагынган адамдын бет маңдайына сенсорлуу экран пайда болуп, колдонуучу колу менен баскылап башкара алат. Ал каалаган программаны ачып иштей алат.
Жибек Мурсакматова