АЛИНА КАРАСАРТОВА

Блиц-маек

Кыргыздын суйкайган сулууларынын арасында эркектердин спорту менен алектенип келаткан айымдар да бар. Келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчу Алина Карасартова эмне үчүн эрежесиз эр мушташты тандагандыгы тууралуу айтып берди.

КАРАСАРТОВА АЛИНА ЭРКЕБЕКОВНА
1992-жылы 14-мартта Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган.
Бою – 156 сантиметр
Салмагы – 56 килограмм
Вале тудо боюнча КРнын чемпиону.
Машыктыруучусу – Эмил Токтогонов
Кумири – Валентина Шевченко
ИИМдин академиясынын 1-курсунун студенти.
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.

– Алина, маегибизди спортко кантип келип калганыңды угуудан баштасак...
– Көчөдө баратып кикбокс, тай бокс деген жарыяларды көрүп кызыгып, залга барууну чечкем. Ата-энемден уруксат сурасам макул болушкан. Машыгуунун биринчи күнү эле жаккан. Учурда иним Иманбек экөөбүз чогуу машыгабыз. Ошентип, 15 жашымдан спортко аралаштым.
– Эмне үчүн жеке мушташ түрлөрдү тандадың, мисалы, гимнастиканы эмес?
– Мага кичине кезимден эле кик бокстогу, тай бокстогу ыкмалар жагат. Кызыктуу спорт го. А гимнастика негедир тартпайт. Анан спорт жолуна түшүшүмө атамдын ролу чоң. Ал өзү спортко жакын. Футболго аябай кызыгат. Башынан эле мени колдоп келет. Атайын өзү чалып, “машыгууга барып жатасыңбы? Калтырба” деп айткан күндөрү болгон.
– Апаң каршы эмеспи?
– Жок, каршы эмес. Ата-энем менин спорт менен машыгып жүргөнүмө сыймыктанат. Машыгууларыма атамдын карындаштары гана каршы. Азыркыга чейин “таштасаңчы” деп айтып жүрүшөт.
– Спортто ар кандай болот эмеспи. Үйгө, мисалы, көзүң көгөрүп келген учурларда ата-энең кандай кабыл алат?
– Азырынча көзүм көгөргөнгө чейин жеткен беттештер боло элек. Андыктан ата-энемден “болду, токтот” жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү уга элекмин. Негизи, ата-энем “эгер сага жакса, бизге да жагат. Өзүң каалаган нерсе менен алектен, биз колдойбуз” деп айтышат. Эми спортто ар кандай болот да. Көз көгөргөн эле эмес, андан да оор жаракаттар болуп калышы мүмкүн.
– “Кыздар эркектерге теңелип эркектердин спорту менен алектенбей эле коюшса. Алар аялзатына тиешелүү касиеттерди жоготот” деген пикирлер бар. Буга кандай карайсың?
– Мен мындай пикирге кошулбайм. Жөн гана эркектерге ошондой сезилет деп айткым келет. Мунун баары адамдын өзүнөн көз каранды болуш керек. Эгер кыз эркек жакка өзгөргүсү келсе, өзгөрөт да. Жеке мен андайды каалабайм. Спорт кийимдерине басым жасап, чачымды кыска алдырып дегендей. Назиктик сырткы келбетте эле эмес, ошондой эле ички дүйнөдө да болот.
– Балдар сага кандай мамиле жасашат?
– Кадимкидей эле. Ооба, айрымдар “о, ал спортчу, абайла, токмок жеп калба” же “күйөө­сүн сабайт” деп тамашалап калышат. Бирок жалпысынан бардык тааныштарым менин спортчу экенимди билишет, жетишкендиктериме кубанышып, “азаматсың” деп макташат. Анан моюнга алыш керек, жигиттердин менден чочулаганын сезип калам.
– Эгер сүйгөн адамың сага шарт койсо, спортту же мени танда деп, кандай жолду тандайт элең?
– Эми келечекте кандай болот билбейм, бирок азыр мен мага жаккан нерседен баш тарта албайм. Спорт мен үчүн баарынан кымбат. Мени тааныгандардын баары муну түшүнүшөт деп ойлойм. Кийинчерээк ушундай суроо жаралса, ойлонуп көрүшүм мүмкүн.
– Маегиңе рахмат. Ийгиликтерди каалайбыз!

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aminali
2010-10-03 03:03:05
Azamat!
0
janchar
2010-10-07 18:09:00
молодца...чын журоктон колдойм....
0
tamazano
2010-10-07 18:52:18
mm sonun kyz eken suyup kaldym
0
Kiza
2010-10-08 02:14:20
крутойсун
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан