МЫРЗАЛАР, ТАЗ БОЛГУЧА КҮТПӨЙ, ЧАЧКА КАМ КӨРГҮЛӨ

“Башым таз болуп баратат”. Бул сөздү мырзалардан көп угабыз. Статистика боюнча, эркектердин 80 пайызы бул көйгөйгө дуушар болушат. Трихолог адисинин айтымында, чач түшүү жылдан жылга жашарууда. Мурда бул маселе 40-50 жаштагы адамдардын арасындагы көйгөй болсо, азыр 18-25 жаштагылар да байма-бай бул ыңгайсыздыктан жабыркоодо.

ЧАЧТЫН ТҮШҮҮ СЕБЕПТЕРИ

Негизинен адамдын чачы дайыма түшүп турат. Чачтын жашоо мөөнөтү 3-5 жылды эле түзөт. Четинен түшүп улам жаңы чачка орун бошотушат. Күнүнө 80-100 тал чач түшсө, анда сизде баары жайында. Эч кандай чочулоонун кереги жок. Чач жапырт түшүп, баштын кайсы бир бөлүгү таз болуп бара жатса, буга кайдыгер карап жүрө берүүгө болбойт. Сөзсүз түрдө дарылатып, атайын чара көрүү кажет.

Чачтын түшүүсүнүн себептери көп. Адамдын организми нервдик систем, эндокриндик систем, жүрөк-кан тамыр системи, тамак сиңирүүчү, заара бөлүп чыгаруучу жана башка системдерден турат. Бир эле систем бузулса, экинчисинде оору жаралары бышык. Жалпы эле организмде болуп жаткан көйгөй чачка дагы таасирин тийгизет. Эркектердин чачы көпчүлүк учурда маңдайдан өйдөнү көздөй түшөт. Маңдай теридеги чачтар эндокриндик жана нервдик системден көз каранды.

ӨНӨКӨТ ЧАРЧОО

Адамдар кээде жылдап эмгек өргүүсүн алышпайт, эс алууга убакыт бөлбөй убактысынын баарын жумушка арнашат. Шалдырап дайыма чарчоо абалында жүрүү да чачтын түшүүсүнө алып келет.

СТРЕСС

Адам катуу стресске кабылса, бир нерседен аябай чочуп нес болсо, чачтын түшүүсү күч алат. Стресс кан айланууга, баш терисиндеги майда тамырларга терс таасирин тийгизет. Мындай абалда жеткиликтүү азыктанбай калган чач өсүүсүн токтотот да, четинен өлө баштайт.

ГЕНЕТИКА ЖАНА ГОРМОНДОРДУН БУЗУЛУШУ

Бул эркектердин чачынын түшүүсүнүн бирден-бир себеби болуп саналат. Тукум куучулук мүнөздө адамга ата жактан да, эне жактан да өтөт. Тестостерон гормонунун бузулушу дигидротестостеронду пайда кылат. Анын организмде көбөйүшү чач фолликуласынын абалына терс таасирин тийгизет. Анын натыйжасында чач өсүшүн токтотуп, түшө баштайт. Алгач суюлат, анан өзү эле кыскара баштайт. Маңдай, саамай, төбөдөгү чачтар түшүп отуруп күчөп кеткенде баш таз болуп калат.

ТУУРА ЭМЕС ТАМАК-АШ

Экология, ичкен суубуз, жеген тамак-ашыбыздын баары таасирин тийгизип чач түшүү жылдан-жылга жашарып келе жатат. Кандай тамак жеп жатканыбызга маани бербейбиз. Күнү бою тез татымдар менен тамактануунун өзү витаминдердин жетишсиздигине алып келет. Чач түшүүнүн кеңири жайылган себеби – бул организмдеги Д, Е, С витамини, В витаминдеринин топтому, калий, магний, селен, цинк, темирдин тартыштыгы.

ООРУЛАР

Жогорку температура менен коштолгон инфекциялык оорулар, дээрлик байкалбаган өнөкөт оорулар, баштан алган жаракаттар дагы чачты түшүрөт.

ЧАЧТЫН ТҮШҮҮСҮН АЛДЫН АЛЫҢЫЗ

Чач биротоло түшүп калгыча жүрө бербей, алдын алуу керек. Организмде витаминдер, минералдар жетиштүү болушу үчүн туура тамактанууну калыптандырып, рационубузга керектүү заттарды камтыган азыктарды кошуубуз шарт. Жогоруда аты аталган витаминдер организмде жетиштүү болушу керек. Эгер аларды азыктардан толук ала албаса, анда атайын курс кылып ичип турса болот.

Чач да дайыма кам көрүүнү талап кылат. Жумасына бир жолу жарым сааттык убактыңызды бөлүп баш терисине май менен укалоо жасап туруңуз. Бадам, кокос, кастор, зайтун жана уйгак майларын колдонууга болот.

Чалкан чачка абдан пайдалуу. Дайыма колдонуучу каражаттардын катарына кошуп алып, демдеп коюп суусу менен чайкап, чалкан камтылган маскаларды колдонуп туруңуз.

АР КИМ СУНУШТАГАН КАРАЖАТТАРДЫ КОЛДОНБОҢУЗ!

Үй шартында сарымсактын, пияздын ширесин, калемпирдин тундурмасын сүртүп жүрүшөт. Бул баарына бирдей жардам бере бербейт. Айрымдар аллергия болуп, араң турган чач ого бетер күч алып түшүшү мүмкүн. Трихологго кайрылып, организмде эмне көйгөй жаралганын, чач эмнеден улам түшкөнүн анализдебей туруп көрүнгөн кымбат шампундарды, ар ким сунуштаган каражаттарды алып сүйкөп ого бетер зыян келтиришиңиз мүмкүн. Медицинада атайын дарылоочу каражаттар бар. Ар кимдин чач түшүү себеби ар башка болот. Мисалы, айрымдар маал-маалы менен дарыланып туруусу керек. Клиникага чач түшүү көйгөйү менен кайрылгандарды алгач трихоскоп деген аппарат менен текшеребиз. Чач кандай типте, эмне себептен түшкөнүн аныктап, ошонун негизинде комплекстүү дарылоону баштоо шарт. Алгач баш терисинин сырткы катмарын, май бездериндеги топтолгон майларды пилинг кылып тазалап алабыз. Андан кийин мезотерапия (чачты азыктандыруучу витаминдердин, дарылоочу каражаттардын топтомун териге саюу), плазматерапия (адамдын өзүнүн канын центрифугадан өткөрүп, плазмасын башка куят), майда ток терапиясы (аз өлчөмдөгү электр тогу чачка арналган электроддор аркылуу баш терисине өтөт) сыяктуу көптөгөн ыкмалар менен дарыланат. Күчөп кетсе, эч болбоду дегенде чачты көчүрүү ыкмасы (мисалы, желкеден алып маңдайга тагуу) колдонулат.

Материалды даярдоого трихолог Жыпар Айсаракунова көмөктөштү. “Мурун чачым 6-7 жылдан бери түшүп жатат деп кайрылышса, акыркы убакта 1-2 ай болду деп кайрылып калышты. Азыркы муун ден соолугуна жакшы көңүл бура баштады”,- дейт ал.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
oshondoiraak
2020-10-05 11:50:57
Чач суюлуп кетип атат душта чач болуп калат ванна ото майлуу чач
0
chyngyz84
2020-10-26 23:15:59
Чачтар калбай баратат эх!
0
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан