"МУЛАН" - ЧЫР ЖАРАТКАН ТАСМА

Бул тасманын бет ачарын кыргыз коомчулугу да чыдамсыздык менен күттү. Анткени “Дисней” тарткан Голливуд тасмасына кыргыз жигиттери да тартылышкан эле. Трейлери кызыгуу жараткан. Бирок тасма көрсөтүлө элек жатып да, көрсөтүлгөндөн кийин да жаңжалдан башы чыккан жок. Чырлуу тасманын тарыхын баяндайбыз.

Тарткан өлкө – АКШ

Жанры – Драма

Режиссёру – Ники Каро

Оператору – Мэнди Уокер

Сценарийин жазгандар – Элизабет Мартин, Лорен Хинек, Рик Жаффа, Аманда Сильвер

Башкы ролдордо – Лю Ифэй, Йосон Ан, Гун Ли, Жейсон Скотт Ли, Ци Ма, Донни Йен, Жет Ли

Узактыгы – 115 мүнөт

Бюджети – 200 миллион доллар

Сатыктан түшкөн каражат – 57 миллион доллар

Чыккан жылы – 2020-жыл

ТАСМА ТУУРАЛУУ

Тасмада Кытайды басып алууга бараткан Түндүк баскынчыларына каршы аскерге баруу үчүн өзүн эркекмин деп көрсөткөн эр жүрөк кыздын окуясы баяндалат. Чечкиндүү Мулан эр жүрөк жоокер Хуандын тун кызы болот. Император ар бир үй-бүлөдөн бирден адам армиянын катарына кошулсун деген жарлык чыгарганда Мулан оорулуу атасынын ордуна барат. Согуш талаасында душмандар менен жигердүү салгылашып, баатыр жоокер катары Кытай тарыхында калат.

#МУЛАНГАБОЙКОТ

Муландын айланасында ызы-чуу көп болгондуктан, тасманын өзү көркөм чыгарма катары экинчи планга өтүп кеткендей болду. Тартуу иштеринин кечигүүсү, сценарийди кайра иштеп чыгуу, коронавирус эпидемиясынын айынан тасманын бет ачарынын жылышы, аргасыз старт...

Дисней “Муландын” бет ачарын үч жолу жылдырууга аргасыз болду. Акыры тасма кинотеатрлар иштей баштаган мамлекеттерде чоң экран аркылуу, карантин алына элек өлкөлөрдө интернет аркылуу көрсөтүлө баштады.

Тасманын бет ачарына чейин эле “Мулан” бир нече чуулгандуу окуялардын чордонунда болду. Алгач 1998-жылы жарык көргөн "Мулан" мультфильминин күйөрмандары тасмада күлкүлүү учурлар, ырлар жана Му-Шу ажыдаары болбой турганын, баатыр кыздын сүйүктүүсү, капитан Ли Сангды катардагы жоокер алмаштырганын билип, нааразы боло башташкан. Бирок тасманын айланасындагы чыныгы чыр 2019-жылы жай мезгилинде башталган. Анда тасманын башкы актрисасы Лю Ифэй социалдык тармактагы баракчасына: “Мен Гонконг полициясын колдойм. Эми мени сабап салсаңар болот” деген пост жазган. Мындан улам интернет колдонуучулары “актриса нааразычылык акциясына чыккан жарандарга ырайымсыз мамиле жасашкан Гонконг полициясын колдоп жатат” деп нааразы болушуп, #Мулангабойкот деген хештег менен тасмага бойкот жарыялашкан. Эки оттун ортосунда калган “Дисней” нейтралдуу жолду тандап, “актёрлордун социалдык тармактардагы жеке билдирүүлөрүнө компаниянын тиешеси жок” деген билдирүү жарыялап, кырдаалдан чыгууга, бойкотту басаңдатууга аракет кылды. Бирок бул билдирүү Кытайдан башка өлкөлөргө гана ынанымдуу болду.

УЙГУРЛАРГА БАЙЛАНЫШТУУ ЖАҢЖАЛ

АКШда жана Европада тасманын бет ачары болору менен дагы бир жаңжал башталды. Киносынчылар тасманы тартуу үчүн миңдеген уйгур мусулмандары кармалган абак лагерлери жайгашкан Синьцзян-Уйгур автономиялык районун тандап алышкан деп тасма жаратуучуларын сынга алышты. Тасма жаратуучуларынын жергиликтүү бийликке, Кытайдын Коммунисттик партиясынын облустук комитетине, Турпан шаардык округунун мамлекеттик коопсуздук бөлүмүнө тасма тартууга уруксат бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришкени көпчүлүк көрүүчүлөрдүн кыжырын келтирди. Социалдык тармактын колдонуучулары “Дисней” Кытай бийлиги менен биргеликте уйгурларга каршы басмырлоону колдоп жатат деп айыпташты. “Диснейдин” каржылык директору Кристин Маккарти “тасма Жаңы Зеландияда тартылды. Жаратылышты жана пейзажды ачып берүү максатында тартуу иштери Кытайдын 20дан ашуун жерлеринде жүргүзүлдү” деп билдирди. Ошондой тасмадагы титр аркылуу облус бийлигине ыраазычылык билдирүү кадимки көрүнүш экендигин баса белгиледи.

ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР:

Актёрлордун көпчүлүк курамы этникалык кытайлардан турган.

Лю Ифейди тандоодон мурун продюсерлер жана режиссёрлор жүздөгөн актрисаларды электен өткөрүшкөн.

Идеалдуу Муланды издөө узакка созулуп, тасма пландалгандан 1 жыл кеч тартылып баштаган.

Кино тартуу үчүн режиссёрлор Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Жаңы Зеландия жана Австралиядан каскадёрлорду чакырышкан.

Фильмди тартууга 90 ат катышып, анын ичинде Кара Моран аттуу Мулан минген ат дагы болгон.

Фильмдин “Берилген эр жүрөк” аттуу саундтрегин Кристина Агилера жазган.

Тасма үчүн 4000ге жакын курал-жарактар, анын ичинде актёрлордун коопсуз күрөшү үчүн желим жана резина куралдары жасалган.

Киносынчылар "тасмада тарыхый одоно каталар бар" деп сындашкан.

Кытай көрүүчүлөрүнө тасманын каармандарынын макияжы жаккан жок. Алар аны күлкүлүү, кээде үрөй учурарлык деп сынга алышты.

ЫРЧЫ, МОДЕЛЬ ЛЮ ЙИФЭЙ

Кристалл Лю деген ат менен белгилүү актриса Лю Ифэй 1987-жылы 25-августта Кытайдын Ухань шаарында туулган. Актриса, ырчы жана модель ата-энесинин жалгыз кызы. Атасы Ан Шаоканг кезинде Кытайдын Франциядагы элчилигинин биринчи катчысы болгон, ошондой эле француз университетинде сабак берген. Апасы Лю Сяоли – бийчи жана ырчы. Ань Фэй (Лю Ифэй) 10 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып, болочок актриса апасынын жанында калган. Ошол эле жылы апасынын фамилиясын алып, атын Лю Симеизи деп өзгөрткөн. Кыз 11 жашка чыкканда апасы экөө Нью-Йоркко көчүп кетишкен. 2002-жылы Лю Симейзи Кытайга кайтып келип, Лю Ифей псевдонимин алып, актёрдук карьерасын баштаган. Ошол эле жылы 15 жашында Пекин киноакадемиясына кабыл алынып, аны 2006-жылы аяктаган.

Лю Ифей Голливуд тасмаларына биринчи жолу тартылып жаткан жок. Актриса Голливуддун көптөгөн блокбастерлерине тартылган. Анын катарында "Тыюу салынган падышалык" кинотасмасына Жеки Чан жана Жет Ли менен бирге тартылган. 2014-жылы Хейден Кристенсен жана Николас Кейж менен бирге “Сүргүндө” тасмасында образ жараткан. 2017-жылы ал "Кытайлык жесир" деп аталган романтикалык сериалга тартылган. Ифей кылыч менен салгылашуу жана мушташ өнөрүнүн чебери болгондуктан “Мулан” тасмасында айрым трюктарды каскадёрлорсуз өзү аткарган.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 930, 1-7-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан