СӨӨК КӨМҮЛБӨЙТ
Индонезиянын Түштүк Сулавеси тоосунун аймагында жашаган торажан этникалык калкында “Сөөктү тазалоо” деген түшүнүк бар. Бул майрам учурунда жашоочулар өлгөн туугандарынын сөөгүн казып алып тазалап, ага жаңы кийимдерди кийгизип, коомчулуктун назарына коюшат. Бул таң калычтуу ырым-жырым 100 жылдан бери жасалып келет. Бул ырым-жырым үч жылда бир ирет жасалат.
Көзү өтүп кеткен жакын адамы менен кудум ал тирүүсүндөгүдөй бирге жашап келген адамдар жок эмес. Тактап айтсак, Индонезияда каза болгон жакындарын көмүшпөйт. Алар маркумдун сөөгүн үйгө коюшат да, эч нерсе болбогондой мамиле жасашат: жуунтушат, кийинтишет. Маркумдун денеси бузулуп кетпеши үчүн формалиндин жардамы менен сакташат.
МАРКУМДУН БАШЫН ҮЙДӨ САКТАШАТ
Тынч океандын борбордук бөлүгүндө жашаган Кирибат улутунун өкүлдөрү христиан дининин эрежелерине таянышат. Бирок маркумдун сөөгүн жерге берүүдө XIX кылымга чейин “башты сыйлоо” ырым-жырымдарын жасап келишкен. Адам өлгөндөн кийин аны сыйлап сөөгүн 3 күндөн 12 күнгө чейин үйдө сакташкан. Дене жагымсыз жыттанбаш үчүн түрдүү жалбырактарды жана жыттуу каражаттарды колдонуп, мурдуна, оозуна жана кулагына гүлдөрдү салып коюшкан. Ал эми сөөктү жерге бергенден кийин бир нече убакыт өткөн соң көрдү казып, баш сөөгүн алып, үйдүн көрүнүктүү жерине коюшкан. Аны менен бирге тамактанып жана жанына кошо алып жүрүшкөн. Арадан бир нече убакыт өткөн соң башты кайра көмүп салышкан.
СӨӨК МЕНЕН БИЙЛӨӨ
Мадагаскар аралынын жашоочуларынын сөөк менен бийлөө ырым-жырымы бар. Бул салт “Фамадихана” жана “Сөөктү айлантуу” деп аталат. Бул майрам жети жылда бир белгиленет. Майрамдык салт-санаа жүргүзүлгөн учурда тургундар жакындарынын сөөгүн казып алып, кепинин алмаштырышат да, андан соң бийлешет. Бул учурда музыка ойноп турат жана маркумдардын жакындары курмандык чалып, келгендерди сыйлашат. Мадагаскарлыктардын ишеними боюнча, алар ата-бабаларынын органдарынан пайда болушкан. Бул ырым-жырым XVII кылымдан бери жасалып келет.
ӨЛГӨН АДАМДЫН ЭТИН ЖЕШЕТ
Тынч океандын Түштүк Батышында жайгашкан Папуа-Жаңы Гвинея өлкөсүндө адамды эстен тандыра турган ырым-жырым бар. Алар өзүнүн көз жумган жакынынын этин жеп алышат. Бул маркумга болгон сый-урматты билдирет. Ал эми тургундар көптөгөн жылдар бул жөрөлгөнү жасап, өлгөн адамдын күчүн өзүбүзгө сиңирип алабыз деп ишенип келишет.
Жолдубек Качкынбаев