АШКАНАДА ГАНА ЭМЕС, ТИРИЧИЛИКТЕ ДА ЗАРЫЛ ЛИМОН КЫЧКЫЛДЫГЫ

Бардык дүкөндөрдүн текчелеринен лимон кычкылдыгын табуу эң оңой иш. Аны ашканада тамак-ашка гана колдонуп жүргөн болсоңуз, сизге лимон кычкылдыгын башкача кырдан ачып беребиз.

Чайнектеги кеберди кетирүүчү мыкты каражат. Чайнекке жарымынан суу куябыз. 30 граммдай кычкылдык салабыз. Сууну 10 мүнөт кайнатып, муздаганча калтырып коёбуз. Муздаган сууну төгүп салып кайра суу куюп, дагы бир жолу кайнатабыз.

Тердегенде кийимге түшүп калган сары тактан арылууга жардам берет. Ал үчүн 1 стакан сууга 1 кашык лимон кычкылдыгын салып аралаштырабыз. Кийимдин булганган жерин чылап, 1 саатка коюп коёбуз. Андан кийин кийимди самындап жууп коюу керек. Так кетпесе процедураны кайталаңыз.

Кир жуучу машинадагы жагымсыз жытты кетирүү. Машинанын айна салган жерине 50-100 граммдай кычкылдык салабыз. 90°С режимине сыгуу режимисиз коюп иштетиңиз. Убактысы ортолоп калганда машинаны өчүрүп, түнү менен калтырып коёбуз. Эртең менен кайра иштетип, сууну төгүп салабыз.

Үтүк тазалоого жардамчы. Жылуу сууга 1 пакет лимон кычкылдыгын салып эритебиз. Аралашманы үтүккө куябыз. Үтүктү эң чоң температурага коёбуз. Эми үтүктү сууруп, алдына идиш коюп суусу түгөнгүчө буу чыгарган жерин басабыз. Үтүк муздагандан кийин уксус аралашмасы сиңирилген кебез менен таманын сүртүү керек. Эми үтүккө таза суу куюп, ысытып, буусун чыгарып, эски чүпүрөккө басып таманын тазалоо керек.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Saliha2020
2020-10-17 21:16:38
Аябай жакшы кенештер учун рахмат!
0
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан