Австралиянын түштүгүндөгү Перт шаарында акула адамга кол салды. Бул тууралуу австралиялык жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Окуя 5-октябрда Перт шаарынын эң көрүнүктүү эс алуу жайларынын биринде болгон. Анда 17 жаштагы өспүрүм Сав Марафиоти суу жээктен 25 метрдей алыстыкта сёрфинг менен алек болуп жаткан. Ошол учурда ага 1,5 метрлик акула кол салган. Жырткыч дароо баланы суунун ичине алып кирип кеткен.
“Мен бир айласын таппасам, бул жерден тирүү чыкпайм деп ойлодум. Кадимкидей өлүм сезилди. Мен элди жардамга чакырып жаттым. Бирок баары жээкти көздөй качышты”,- деген ал.
Жыйынтыгында Марафиоти сёрфинг тактайынан бутун бошотуп, ага жардам көрсөткөн адамга чейин сүзүп барып, жырткыч балыктын оозунан тирүү чыккан.
Жолдубек Качкынбаев