АМЕРИКАЛЫК АЯЛ ӨЗ КЫЗЫН ӨЛТҮРҮП АЛДЫ

АКШнын Пенсильвания штатындагы Льюзерн округунун жашоочусу унаасын токтотом деп, кокустан 3 жаштагы кызын сүзүп алды. Бул тууралуу 6-октябрда жергиликтүү басылмалар жазды.

Окуя болгон күнү кичинекей кыз өзүнүн жакындары менен эжесинин туулган күнүн бакчада белгилеп жаткан. Кичинекей Каталина алыстан жол тандабас келе жатканын байкап, апасын тосуп алуу үчүн унааны көздөй чуркаган. Энеси баласын байкабай унаасын токтотуу үчүн артка айдап, кызды катуу сүзүп алган.

Жергиликтүү оорукананын дарыгерлери колдон келген аракетин жасаса да, кичинекей кыздын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Чарчап калган кыздын эжеси “Каталина аябай зирек жана жылдыздуу кыз болчу” деп эскерет.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан