ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 12-ОКТЯБРДАН 18-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН


КОЙ (21.03-20.04)

Аптада кызганчаактык жана айланадагыларга күмөн саноо басымдуулук кылат. Жашооңузга жакындарыңыздын таасири менен өзгөрүү кире баштайт. Агрессивдүүлүктөн жана кокустан таанышкан адамга жакын болуп кетүүдөн качыңыз. Керектүү документке ичин окуп таанышмайын кол койбоңуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Чечкинсиздикти, жолум болбой калабы деп чочулоону жыйыштырыңыз. Колдоо көрсөтүүчү адамдардын жардамы менен чоң иштерди бүтүрүп аласыз. Эски нерселерден арылып, ордун жаңылары менен толуктоону пландаңыз. Алыш-беришти такташып, карыздардан кутулуунун жолун ойлоносуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Түрдүү кырдаалдан улам ар кыл адамдар менен баарлашасыз. Айрымдар ишти жакшы уюштурганы үчүн сыйлыкка ээ болот. Уккан сөздөрүңүздүн майда-чүйдөсүнө чейин талдап маани берүүнүн кереги жок. Сүйлөшкөн кыз-жигиттер куру намыска алдырышпай, мамилелерин сактап калуулары керек.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Кичинекей ийгиликке жетүү үчүн да күч коротууга туура келет. Чукул чечимдерди кабыл албоо керек. Материалдык колдоо көрсөткөндөр чыгып сүйүнтөт. Чакырылган жерде сизге жакпаган адамдар болуп маанайыңыз бузулат. Баалуу буюмдарды, документтерди жакшылап катыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Туугандарыңыз менен мамилеңиз бузулушу мүмкүн. Ашыкча чыңалып иштөө ден соолугуңузга зыянын тийгизет. Ыңгайсыз абалдан юмор менен чыгып кетиңиз. Айрымдардын айлыгы көбөйөт. Кечеге чакыруу алышыңыз ыктымал. Соода менен алектенгендер бизнесин кеңейтүүнүн жолдорун табышат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Ийгиликтер жакын калганын сезесиз. Үй-бүлөлүк бизнес баштайм дегендер тажрыйбалуулардын кеңешин угуусу кажет. Ойлонулбаган чыгымдарга туш келишиңиз мүмкүн. Балдарды жугуштуу оорулардан сактап, жеке гигиенасына көз салуу керек. Сүйүктүүсүнө ишеним артпагандарда чыр чыгат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Башкалардын идеясы боюнча иш кылуунун ордуна өзүңүз жашоодон эмне каалай турганыңызды тактап алышыңыз зарыл. Азыркы жашоо абалыңыз канааттандырбаса чечкиндүү кадамдарга барыңыз. Мүмкүн, башка иш караштырасыз. Кыймылдуу же кыймылсыз мүлк жаатында маселе чыгат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Шашылыш иштер чыгат, дүрбөлөңгө түшпөңүз, туура эмес иш кылып жибересиз. Жоголгон буюмуңузду таап алышыңыз мүмкүн. Айрымдар банктан насыя алуусу же үйдөгү буюмун сатуусу ыктымал. Көтөрүнүп алып конокко барасыз. Коңшуңуз менен талкуулаган маселе ийгиликтүү ишке ашат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Бүтөрүнө көзүңүз жетпеген ишке киришкендин ордуна жашоонун агымы менен боло туруңуз. Чындыкты талашып, бирөөлөргө жан тартууңуз мүмкүн. Үйдөн бир ийгиликти же жакшылыкты белгилешиңиз күтүлүүдө. Айрымдар жакындарынын бирин дарыгерге текшертүүлөрү мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Чөйрөдөгүлөрдүн нааразычылыгын сезесиз. Уруш баштоонун ордуна аларга убакыт бериңиз. Кыйналып жаткан жакыныңызга жардам колун сунасыз. Оңой акча табуу боюнча сунуш түшүшү мүмкүн, мыйзамдуу жолду ойлоңуз. Бирөөлөргө жаккысы келген бойдоктор имиджин өзгөртүүлөрү керек.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Азыраак сүйлөп, көп уксаңыз көптөн бери издеген маалыматты эшите аласыз. Бүтпөгөн курулуш же оңдоп-түзөө иштери каражатты талап кылат. Досуңуздун шарапаты менен олжолуу болосуз. Алыс жолго чыга тургандар унаасын текшертип алуусу шарт. Сүйүктүүңүздүн терс кыялы жиниңизге тиет.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Үй буюмдарын, кийимдерди сорттоп, эмеректерди кайра жайгаштырып кышкыга кам көрүңүз. Ортого түшүп бирөөнүн ишин бүтүрүп берем дебеңиз, иш бүтпөй сөз угасыз. Жалган жалаа жабылбашы үчүн ээн кабинетке, үйгө кирбеңиз. Көптөн бери көрүшпөгөн адамыңызга жолугуу күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан