АЯЛДАР ЭРКЕК СПОРТУНДА

Учурда эркектер менен аялдардын спортунун ортосунда чек жоголуп бараткансыйт. Бул тууралуу жеке уруш түрлөрү менен алектенген спортчу айымдар эмне дешет? Айымдардын “эркек спорту” деп саналган спорт түрлөрү менен алектенүүсүнө дүйнөлүк жана жергиликтүү спортчунун мисалында назар салып көрдүк.

ТАРЫХКА КАЙРЫЛСАК
Байыркы Грецияда тынчтыктын символу болгон Олимпиада оюндарына аялдардын катышуусу биякта турсун, көрүүсүнө да тыюу салынган. Ошол кылымдарды карыткан мелдештин тарыхында эреже бузуулар болбой койгон эмес. Ференика аттуу айым эркектин кийимин жамынып, өз уулун машыктыруучу катары мелдешке алып чыгат. Бирок Ферениканын эркек эмес экендиги билинип калат. Аны дарга асканы жатканда, көрүүчүлөрдүн суранычы гана ага өмүр тартуулайт. Мына ушул окуядан кийин Грецияда Олимпиадага спортчулардын жана машыктыруучулардын жарым жылаңач абалда катышуусу тууралуу чечим чыгарылгандыгы маалым.

СПОРТЧУ АЙЫМДАР СПОРТЧУЛАРДЫ ТАНДАЙБЫ?
Эл аралык спортто аялзаты болуп туруп, каардуу делген спорт түрлөрүндө ийгилик жаратып келаткан бир катар атактуу мушкер айымдар бар. Алардын катарына Жина Карано (эрежесиз эр мушташ), Лейла Али (бокс), Валентина Шевченко (тай бокс) жана башкаларды кошсок болот. Булардын ичинен Жинага кеңири токтолсок.
Жина учурда Американын аялдар арасында эрежесиз эр мушташтын жүзү болуп саналат. Жина жаш курагынан эле спортко жакын өскөн. Мектепте баскетбол жана волейбол менен алектенген. Спорттук карьерасына тай боксто жараткан ийгиликтери жол ачкан. 14 жеңилүүсүз сериясынан кийин эрежесиз эр урушка сунуш түшкөн. Жинанын эрежесиз эр мушташтагы дебюту ойлогондон да ийгиликтүү болгон. Ал атаандашын 38 секунд ичинде жеңип алган. Ошентсе да анын 2008-жылдын 4-октябрындагы Келли Коболд менен болгон беттеши дүйнөлүк атак-даңкты алып берген. Телеканалдардан түз алып көрсөтүлгөн айыгышкан беттеште Жина татыктуу жеңишке жетишкен. Ал эми мелдештен мурда таразага жылаңач түшүп, көпчүлүктү таң калтырган.
Спортчу айымдын жеке жашоосуна келсек, учурда анын жүрөгүнүн ээси ким экендиги тууралуу так маалымат жок. Бирок буга чейинки 2 мырзасы тең спортчулар экендиги белгилүү.
Кошумчалай кетчү нерсе, Карано көпчүлүккө спортчу катары гана эмес, актриса катары да таанылган. 2011-жылы анын катышуусунда “Нокаут” аттуу тасма жарык көргөнү турат. Жани бул арада “Максим”, “Плэйбой” журналдарына сүрөткө жылаңач түшүүгө да жетишкен.

АЯЛДАН ЭРКЕККЕ
Спорттун айынан спортчулардын жынысын алмаштырган мисалдар жок эмес. Алсак, германиялык ядро түртүүчү айым Хайди Кригер аялдан эркекке айланган. Анын 16 жашынан баштап булчуңду өстүрүүчү түрдүү каражаттарды кабыл алуусу ушуга алып келген. Спортчу өзү айткандай, түрдүү допингдерди ичип отуруп денеси бара-бара эркектикиндей болуп калган. Натыйжада, анын жынысын алмаштыруудан башка айласы калган эмес. Өзү бул тууралуу: “Машыктыруучулар мени машина сыяктуу колдонушту. Натыйжага жетишүү максатында түрдүү каражаттарды берип отуруп мени тирүүлөй өлтүрүштү”,- деп кейиген. Жынысын алмаштыргандан кийин ал атын Андреас деп өзгөртүп, сууда сүзүүчү Уте Краузе аттуу айымга үйлөнгөн.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asal
2010-10-02 22:09:30
болушу мумкун эмес.
0
Wonderfullgirl
2010-10-02 22:21:20
Озу аялдар ушул спорттун туру менен машыкпай эле койсо болот назиктигин жоголуп эркектерге окшоп калышат
0
bagdat
2010-10-04 21:18:36
Хайди Кригерден кебетеси эмне? кандай тушунсо болот, Европа десе эле жата калышат кыргыздар, мына сага Европа, мына сага цивилизация, мына сага назиктик, сулуулук биз суктанган европа аялдары
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан