КАНБАГАН ӨЧ, БЕЙКҮНӨӨ КУРМАНДЫКТАР

Кабинетинде жалгыз отурган кабагы бийик генерал-майор Болот Ниязович чекесин
бырыштыра азыр эле орун басарынан уккан кепти эстеп жатты. Токмокто бир жаш бала 5 дунганды 2 күндүн ичинде мууздап кетиптир. Бул окуя илгери өзү жаш кезинде туш болгон кылмыш ишин эсине салды. Азыр ИИМдин көзүрү болуп турган өзүнө «профессор», «интеллигент» деген кличканы ошондогу кылмышты ачуудагы кыраакылыгы
алып келген эле...

АЖАЛ ТООРУГАН УЙГУР КЫЗДАРЫ

– Эгер бир жума ичинде илинчек таппасаң, анда сыйың менен көзүмө көрүнбөй жогол!
Жогоркулардан жеп келген «тепкисине» жаны кашайган шефи жетекчилик каадасын унутуп, оозунан көбүгүн чачырата Болотту сөгүп кирди. Айла жок, башты шылкыйта бир ооз каяша айта албай отуруп берди. Милицияда шефке ооз ачмай деген болбойт, тартип ушундай.
Мынчалык катуу кеп угууга жеткизген пайдаланууга жаңыдан берилип, «Восток-5» аталган кичирайондогу жүрөк үшүткөн окуя эле. Эртең менен жумушка келип, чогулуштан чыга элегинде шашылыш кабар келип түштү. Опер топтун башчысы болгондуктан, аталган дарекке кол астындагы балдар менен дароо жетип барды. №31-үйдүн кире беришине котолой бир топ киши чогулуп калыптыр. Биринчи кабатта жашаган уйгур бүлөнүн 16 жаштагы кызын бычактап кетишиптир. Аны көргөндө «жаш кыздын денесин мынчалык кескилегенине караганда псих болсо керек, а балким, илгерки өчү бардыр...» деп ойлошту. Кандай кылмышкер экени түшүнүк­сүз, зордуктабаптыр, үйдөгү эч бир буюмга деле тийбептир. Маалыматка караганда, улуулар тойго кетишип, бул кыз үйдө калган экен. Демек, анын жалгыз калганын билишкен. Эшикти бузбай ачып киргендерине караганда, сыягы, тааныштар болсо керек. Ошентип, иликтөө башталды. Бирок, бир эле ушул кылмыш болсо эмне. Мурунку кылмыштын бети ачыла электе жанагы уйгур кыздын бөлөсүн – 18деги кызды өлтүрүп кетишти. Бул кыз да ушул кичирайондо жашачу экен. Денесинен тамтык жок бычакталган. Ошентип, аз убакыттын ичинде белгисиз кылмышкер улам биринин артынан 5 кызды өлтүрүп, изин суутуп кетүүгө үлгүрдү. Көздөрү алая каза тапкан кыздар Болотко уйку бербей, алардын жүрөк титиреткен өлүмгө туш болууларына эмне себеп болушу мүмкүндүгүн биле албай, дегеле ишти ачууга кичинекей илинчек да таппай, тамекинин артынан тамеки түтөткөндөн башка арга таппай жүрдү...
Болот бул күнү эртең менен чыңалып чыккан башын ышкоо көтөрүп, арыда турган сейфти ачып кирди. Тапанчасынын үстүндө турган кичинекей кагаздын үзүгүн, андагы жазылган 24, 1 деген сандарды көпкө тигилип карап туруп калды. Негедир ушул алакандын отундай кагаздын үзүгү сыр түйүнүн чечип берчүдөй туюлуп, бир саам тигилип калат. Аны биринчи кылмыш иши катталып, окуя болгон үйдү текшерип жатышканда ошол үйдүн каршысындагы квартиранын эшигинин көзөнө­гүнө жабылып турган жеринен алган. Жөн гана кесиптик адатынан улам ишке тиешесинин бар-жогун деле билбей туруп алып койгон эле.

КӨЗДӨРҮ ОТТУУ КЫЗ ЭЛЕ

Болот Карпинка көчөсүн­дөгү жумушуна келе жатканда көздөрү бакырайган бир кызды көрөөр эле. Кыз тимеле күйүп-жанган көздөрү менен бир айтаар сыры бардай узата тиктеп калчу. Бир ирет атайын токтоп таанышкан. «Атым Зурия, сиздики Болот экенин билем»,- деген шоктоно карап. Ошондон бери экөө сүйлөшпөсө да, жакын кишилердей үнсүз учурашып, көздөр менен сүйлөшүп калышчу. Мына ошол бакыраң көздү да кошо өлтүрүп кетишпедиби.
Болот кабинетине кирээри менен телефон чырылдап калды.
– Шеф, бир кемпир “кечинде баягы биринчи өлүм болгон үйдүн жанынан көргөн узун бойлуу кара тору жигитти көрдүм” деп жатат,- жаш опердин үнү кабатырлана чыкты.
– Кемпирди алаксытып тургула, мен азыр жетип барам.
Жанында турган опер жигитти ээрчитип жөнөдү. Негедир оюна кайрадан жанагы алакан отундай кагаз түштү. «Энеңди урайындыкы... маанилүү маселелер турганда эмне эле ойго түшөт?» Өзүнчө кыжынып, жаак эттерин түйүлтө тиштенип алды. Көз алдында дале өзүнө шоктоно караган көздөрү оттуу уйгур кызы.

«БУЛ ЖӨН ГАНА ТӨП КЕЛИШҮҮ ЭМЕС...»

Калтылдай таягына сүйөнгөн кемпир шоролуу көздөрү менен тиктей, «бечара Зурия, чырпыктай буралган жароокер кыз эмес беле, эмнесинен жазды десең...» деп бышактап кирди.
– Эне, ал баланы кайдан көрдүңүз эле?
– Кайсы, жанагы сылык-сыпаа жигиттиби?
– Биздин балдарга “каратору, узунунан келген, ак көйнөк, жинсы шымчан жигитти кайрадан кечээ көрдүм” деп айтыпсыз го?
– Кечээ кечке маал скамейкада отурсам, ошондо көргөндөгү жигит келип: «Эне, жалгызсырап, эригип жаткан окшойсуз»,- деп жаныма отуруп алып көпкө чейин сүйлөп берди. Ыманы ысык жигит экен. Кичине ичип да алганбы, айтор, «бир адамды аябай сагындым, эми ага кезикпей калдым окшойт»,- деп буулугуп отурду. «Сагынып жүргөнгө деле адам болуш керек»,- десем буркурап ыйлап кетип калды.
Кызык. Бул кемпир сүрөттөгөн жигитке окшош жигитти акыркы Саера аттуу кызды өлтүрүп кетишкен жерден көргөндөр бар эле. «Бул жөн гана төп келишүү эмес...» Ичинен ойлонуп, “эми эмне дейт?” дегенсип оозун тиктеп турган кемпирди унутуп, күбүрөнө ары басты.
Бирок, көп узабай тык токтоду. Тээ Төкөлдөш тараптан узун бойлуу, каратору, ак көйнөк, жинсы шымчан кыргыз жигит дагы бирөө менен келе жатыптыр. Шефтин тынчсыздана, шектене түшкөнүн жанындагы оперлер да байкап, келе жаткан жигиттерди карап калышты. Төртөө тең айттырбай эмне кылуу керектигин түшүнүштү.
– Дос, документтерди көрсөтүп кой.
Утурлай алдынан чыгып, күбөлүгүн көрсөткөн оперден узун жигиттин чочулаганы деле билинбейт. Жанында паспорту жок, болгону аскерге чакырык кагазы гана бар экен.
– Бул аймакты текшерип жаттык эле, чөнтөктөрдү көрүп коёлу, жаныңарда документтериңер жок экен,- унчукпай туруп берген жигитти атайын сынап көргүсү келип, маалката чөнтөгүн карап кирди. Бир куту тамеки, 20 рубль акча чыкты.Тамекинин кутусун ачып карай салып, далылары чымырай тердеп чыкты. «Таптым! Издеп жүргөнүмдү таптым!» Ичинен үнсүз жаңырык кубанычтуу үн катып, көз ирмемге жыргай түштү. Тамекинин кутусунун ичинде айрылган кичинекей барак жүргөн экен. Четтери бырышып, үбөлөнүп калганына карабай анда жазылган сандарды ажыратып окуганга болоор эле!
– Дос, жаныңда паспортуңдун жоктугу эле болбосо баары жайында экен. Эртең аскерге баратыптырсың. Бизде бир «чп» болгонунан ушундай тартипте иштеп жатабыз. Азыр мени менен участкага барып документ толтуруп, анан акырын өзүңөрдүн жолуңар менен кете бергиле. Биздин да баш оорубасын, силердики да.
«М-мм да, бала, нервиң чың экен. Оперлерди көрүп чочулап да койгон жоксуң. Ну, ничего, кабинетке барганда сынап көрөбүз, канчага чыдаар экенсиң». Ичинен ушуларды ойлоно жанында бараткан узун жигит менен маектешип баратты.
– Бул жакка сүйлөшкөн кызымды эртеңки «проводго» чакырганы келгенбиз, эмне «чп» чыкты эле?
Кабагынан тынчсызданганын билдирбеген узун жигиттин бул кебине кыжына «ушул сенин айыңдан канча күндөн бери үй түгүл уйку бетин көрбөй «жыргап» жүрөм!»,- деп кыйкырып, ошол эле жерден колун кайрып кишен салгысы келип, өзүн араң токтотуп баратты. Минтсе бекер тергөөнү чоюп жиберет. Толугу менен күнөөсүн өзү айтып бергидей кылышы шарт.

«ЭГЕР ЖЕҢСЕҢ, 1000 РУБЛЬ БЕРЕМ»

Кабинетке келип, маалкатып отурбай түз эле баштады.
– Дос, эми минтип мышык-чычкан ойногонду коёлу, бешөөнү тең сен өлтүр­гөнсүң, өзүң эле моюнга алып айтып бергениң оң болот.
Тигил «эмнени дөөрүп жатасың?» дегенсип карап калды. Кантсе да чочубай койгон жок. Тээ көздөрүнүн тереңинен «жылт» эткен коркунуч пайда болуп барып жоголду.
– Кандай дейсиң? Ушул иштин айынан сүйрөлүп жүргөнүмө бир айдан ашты. Бир эмес, беш кызды өлтүрүп, чектен ашып кеттиң бейм...
Ойлонуп туруп сурай кетти:
– Айтчы, эркекче кебиңе тура аласыңбы?
Ормоё тиктеп калган узун жигит:
– Албетте, эч качан кебимди бузган эмесмин,- деп калды.
– Эмесе, мындай, минтип сенин башыңдан сылай суракка алып отура берсем, бекер убактымды алат өңдөнөсүң. Билип турам, кылмышты сен кылгансың. Бир спор коём. Эгер утсаң, мен эч нерсе дебей бошотуп жиберем.
– А сен жеңсеңчи?
– Анда унчукпай баарын моюнга аласың.
Ыргылжың боло ойлонуп калган узун жигиттин ого бетер башын айландырмакка:
– Эгер жеңсең, мен сага 1000 рубль берейин, макулсуңбу?
– А эмне спор кылганы жатасың?
– Аны анан айтам.
– Акчаны толугу менен таап келсең макул болом,- деген узун арыда турган шахматты, анын жанындагы картаны карап мыйыгынан жылмайып койду. Анын спор деп эмнени ойлоп жаткандыгын түшүнгөн Болот да мыйыгынан жылмайып алды. «Жок, бала, мен сени менен андай оюн ойнобойм». Атайын маалката шахмат менен картаны жыйып шкафка салып койду.
Жигитти кабинетине отургузуп койгон Болот эми начальникти баш кылып акча чогултуп кирди. Ал кезде 1000 рубль деген азыркы 10 миңдей эмес беле. «Эми кайдагы оюнду таап чыктың?» деп сүйлөнгөн начальник сейфинен 500 рубль алып берди.
– Бирөө кебиңе күбө болсун да. Эгер мен жеңсем, өзүң кебиңе турбай койсоңчу?
Узун жигиттин кебине аргасыз макул болуп, аны менен кошо келген жигитти, өзүнүн оперлеринен бирди киргизди.
– Мына, менин айтканымды туура көрдүң. Кимибиз жеңилсек убадабызды аткармай, туурабы?
– Туура.
– Бул сенин акыркы сөзүң. Эми ишке келсек, мобул тамеки менен кагазды сенин чөнтөгүңдөн алдык, чынбы?
– Чын...
– Мен азыр ушул жыртылган барактын жарымын таап берем сага. Таппасам мен жеңилдим.
Саамга кабинетти өлүү тынчтык аралап, баары тунжурай түштү. Башын бир чулгуп алган жигит «макул» деп баш ийкеди.
– Мобул менин тапанчам, эгер өнөр көрсөтөм десең, шыйрагыңды үзө атам! Ал эми бул болсо, сенин барагыңдын жарымы! Аны Зурия аттуу кызды өлтүр­гөндө берки квартиранын эшигиндеги көзөнөктү жапкансың. Азыр карап көрөлүчү, сыягы, кимдир-бирөөнүн телефон номери окшойт. 24-12-15 деген номер экен.
Эмне окуя болуп кеткенин түшүнө албай кулагы чуулдаган узун жигит жалдырай айрылган жерлери бири-бирине төп келген баракты тиктеп туруп калды. Бул номер жүрөккө операция жасаган врачтын номери эле. Бул шумдук башталаардын алдында ал врачты таап, оорулуу энесинин жүрө­гүнө операция жасатууну макулдашкан эле. Анан бул номер чөнтөгүндө жүргөн. Анан канга боёлуп, өз колунан каза тапкан 5 уйгур кыздын өлүмү көз алдына тасмадай тартыла, башы эңги-деңги боло түштү. Эгер мунун сүйгөн кызын өлтүрүп кетишпесе, бул да кыздарды өлүмгө кириптер кылмак эмес. Окуянын тамыры тереңде эле...

ЖАКЫНДА ҮЙЛӨНМӨК

Былтыр май айында «мына жакында үйлөнөм» деп өпкөсү көөп турган чакта сүйгөнү Гүлүмдү уйгур балдар кармап алып зордуктап, бычактап салып кете беришти. Кийин билсе, алардын бири баңги экен. Көзүнүн карегиндей көргөн ашыгы кордук көрүп каза тапканын ойлогондо тимеле турган жеринде тегеренип кетээр эле. Кылмышкер колуна тийсе тирүүлөй өрттөп жиберүүдөн кайра тартпачудай.
«Шектүүлөр кармалды» дешип тер­гөөчүлөр чакырышканда милиция бөлүмүнө басып эмес, учуп жеткендей болду. Анын өлгөн кыздын жигити экенин тергөөчүлөр жакшы билип калышкан. Тергөөчүнүн кабинетине кирип, көздөрү канталай кызарып кеткен уйгур жигитин көрдү. Көзүн алакачкан бул жигит негедир көзүнө тааныш көрүнүп, кайдан көр­гөнүн эстей албай бүшүр­көй карады. Бир саамга үзүк-үзүк көрүнүштөр көз алдына тартылып барып дааналанып кетти. Ооба, бул жигитти өзүлөрү жашаган Төкөл­дөш тараптан көп көрчү эмес беле! Айрыкча бир жолку окуя көз алдына даана тартылды. Анда кылмышкерлер кармала элек кез эле. Бир жумуштары менен ушул Төкөлдөшкө келатканда көңүлдүү бараткан жаштарды көрүп калган. Жалаң уйгурлар экен. Бирөөсү татынакай кызды «Зурия – менин жаным» деп көтөрүп жөнөгөн. Ошондо Гүлүмүнөн айрылып, капа тартып жүргөн ал каңырыгы түтөй жолдун аркы өйүзүнө өтө качкан. Ошол уйгур кызды көтөрүп, жыргап күлгөн жигит мынабул маңдайында отурган жигит эмеспи! Бирөөнүн чырактай кызын, бирөөнүн жанынан артык көргөн ашыгын зордоп өлтүрүп салып жыргап басып жүргөн экен го. Аба жетпей муунган ал кабинеттен сыртка атып чыкты.
Тыштан ыйламсырап, дал баягы уйгур жигити «жаным» деп көтөрүп жөнөгөн Зурия аттуу кыз турганын көрдү. Ыза, каардан тумандап турган оюна бир нерсе «кылт» дей түштү. «Булар да сезип көрүшсүн, жанынын жарымынан айрылган кандай экенин. Эми, Гүлүм жок, мага баары бир...» Ушундай кашкөй ою менен уйгур кызынын жанына келип, таанышып, кайгы-капасын угуп, тааныш таап, көмөк бермекчи болгон. Ата-энеси үйүндө жок кезде «кенен сүйлөшүп алалы» деп кыз өзү чакырганда күттүрбөй эле жетип келген. Кылмышка даярданып келаткандыктан, үйгө кирээрден мурун коңшулар өзүн көрүп, таанып калбасын деп шашыла чөнтөгүнөн колуна оң келген кагазды алып жырта коюп, кошуна квартиранын эшигинин көзө­нөгүн жапкан эле. Ошентип, Зуриянын колунан чай ичип отуруп, 3 дос жигит, алардын сүйлөшкөн кыздары кимдер экендигин билди. Андан аркысы жакшы жадында жок. Анан «энекелеп», жардам сурап жалынып-жалбарып ыйлаган кызга күчөнө бычак шилтеп, жүрөгүн өрттөгөн букту, күйүттү чыгаргысы келген...
Бирок, андан кийин деле кайгысы чыкмак түгүл күн­дөн-күнгө буулуктуруп, тумчуктуруп баратты. Мунун арты дагы 4 кызды өлтүрүүгө жеткизди. Өлгөн кыздардын баары Гүлүмүн өлтүргөн 3 жигиттин сүйлөшкөн кыздары, жана дос кыздары болчу.
Гүлүмдү өлтүргөн жигиттердин экөөсү таптырбай, ал эми Зуриянын жигити 15 жылга камалып кеткенин уккан жигит өзүн да алдыда капкан күтүп турганын тымызын сезчү.

ЭНЕ БЕЧАРА БИЛГЕН ЖОК

Болот күнү-түнү кабинетинен чыккан жок. Бардык кылмышын моюнга алган кыргыз жигит: «Апам ооруканада жүрөгү ооруп жатат. Менин эмне болгонумду айтпай, «балаң аскерге кетти» деп айтып кел. Менден бөлөк эч кимиси жок»,- деп эркекче бир өтүнүч кылды. Ага убада бергендей чын эле «эркекче» сөзүн аткарды. Өлүм алдында ооруканада жаткан кичинекей кемпирден 5 ай бою кабар алып жүрдү. Бечара кемпир баласынын өлүм жазасына тартылганын билбей бул өмүр менен кош айтышып кете берди.

Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 237, 18-24-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан