26 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ БЫЧАКТАП КЕТКЕНДЕР КАРМАЛА ЭЛЕК

2020-жылдын 26-сентябрына караган түнү Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында адам өлтүрүү кылмышы катталды. Бет капчан белгисиз 2 жаран айылдагы үйлөрдүн бирине кирип, үйдүн 26 жашар кызына кол салып, аны коргойм деген атасын да бычактап кетишкен. Көп кан жоготуп каза болгон маркум кыздын жеңеси үрөй учурган окуя тууралуу айтып берди.

“ҮЙДҮН БААРЫ КАНГА БОЁЛДУ”

Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, белгисиз адамдар турак үй ээлерине 26-сентябрга караган түнү кол салышкан.

Үйдө 62 жаштагы Т.Ж. (эркек киши) менен анын 26 жаштагы кызы Т.А. бар болчу. Кол салган адамдар аларга бычак менен жаракат келтиришкен. Оор жаракат алган кыз көз жумуп, атасы ооруканага жеткирилди. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Ал эми маркумдун жеңеси Б.Снын билдиргенине караганда, үйдө жабыр тарткан 2 адам эле эмес, 2 балам менен мен дагы бар болчумун дейт.

– Ошол түнү катуу кыйкырыктан улам ойгондум. Саатты карасам 2:40 экен. Өзүмдүн бөлмөмдөн чыксам, залда кайнатам бир бала менен мушташып жатыптыр. Кайын сиңдим өз бөлмөсүндө экинчиси менен кармашып жаткан экен. Үйдүн ичи караңгы болчу, болгону кайын сиңдимдин бөлмөсүндөгү жарык күйүп турган. Экөө тең бет кап кийип алышыптыр. Мен дароо эле атама жардам бере баштадым. Аларды уруп, бет кабын чечейин деп, чече албай койдум. Ал мага дагы кол көтөрдү. Бир кезде экөөбүзгө алы жетпей, качып кетти дагы, 15 секунддан кийин маки көтөрүп келип, атамды сайгылай баштады. Ошол маалда атам “кач, жардам чакыр” деп кыйкырды. Мен үйдөн көчөгө качып чыктым. Карасам, бир кошунабыздын дарбазасы ачык экен. Үйүнө чейин кирип барсам жаш кыз уктап жатыптыр, аны ойготуп, ал экөөбүз кийинки кошунабыздын дарбазасын каккыладык. Ал колуна отвёртка алып, биздин үйдү көздөй чуркадык. Үйгө келсек кол салгандар жок экен. Атамды колго, жамбашка, санга сайып, кайын сиңдимди киндик туш тарапка жана моюнга бычак менен сайып кетишиптир. Денесинин баары кан, көк ала, бетинде тиликтин изи бар болчу. Бир аздан кийин балам өз бөлмөсүнөн чыкты. Көрсө, уулум атамды бычактап жатканын көрүптүр. Кызым болсо коркконунан чүмкөнүп жатып алыптыр. Дароо “Тез жардам” чакырттык. Ал аябай кечиккендиктен бул жерден балдар машинага салып жөнөштү. Бирок кыз ооруканага жетпей машинадан үзүлдү. Кан көп кетип калыптыр. Анткени үйдүн баары кан болуп калган болчу. Ал эми атамды №4 шаардык ооруканага алып кетишти. Анын да жаракаты оор болуп, операция жасалды. Башына дагы катуу нерсе менен үч жолу урушкан экен. Мен нес болуп калгандыктан, байкабай калыптырмын. Мени дагы бир нерсе менен башка урушкан окшойт. Башым ооруганынан карасам, төбөмдөн ылдый кан агып жатыптыр. Денемдеги көк ала эмдигиче тарай элек. Медициналык экспертизадан өттүм.

“КАДИМКИ ЭЛ КАТАРЫ ЭЛЕ ЖАШАЧУБУЗ”

– Негизи мен эки балам менен башка үйдө турам. Онлайн окуу жүрүп жаткандыктан үйдө отуруп эмне кылмак элек деп атамдардыкына келгенбиз. Анткени атам кээде Таласка барып иштечү. Полго кафель төшөп иштейт. Бул жерде болгонуна 3 айдын жүзү болуп калган. Менин жолдошумдан тышкары каза болгон кайын сиңдим жана дагы бир кайним бар. Жолдошум, апабыз (кайненем) жана кайним Москвада иштешет. Ошондуктан биз эки башка үйдө болбойлу деп, бул жакта чогуу туруп жатканбыз.

Ал күнү дарбаза бек болчу, бирок үйдүн эшиги да ачык калган экен. Мурун-кийин мындай нерсеге туш болбогондон кийин жаман иш болуп кетет деп ойлогон жокпуз да. Булар атайын бирөөнүн буюртмасы менен өлтүрүү максатында келишкен го деп ойлоп жатабыз. Анткени үйдөн эч нерсе алып кетишкен жок, же жетишпей калыштыбы билбейм. Биздин деле ашып-ташкан байлыгыбыз же бизнесибиз жок. Кадимки эл катары эле жашайбыз.

“ЭМНЕГЕ МЫНЧА КОРДОШТУ БИЛБЕЙМ”

– Мен канча жылдан бери бул үй-бүлөнүн келинимин, кайын сиңдимден бир да жолу жаман сөз уккан жокмун. Тааныгандардын баары эле билет, адам катары аябай жакшы кыз болчу. Өзү да боорукер, кайрымдуу, мүнөзү бир аз орус чалыш кыз эле. Эмнеге мынча кордошту билбейм. Ал 1994-жылы төрөлгөн. Турмушка чыга элек болчу. Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча юрист. 3-4 жыл Кореяда иштеп келди. Кыргызстанга келгенден бери үйдө эле болчу. Атамдын абалы оор болгондуктан, кызынын абалы тууралуу угузган эмеспиз. Атам ооруканадан 2-октябрь күнү үйгө чыгып келди. Суук кабарды ошол күнү угуздук. Азыркы тапта тамчылатма дары алып, акырындан ден соолугу жакшырып баратат.

“ТЕЗ ЖАРДАМГА” ИШЕНИП БОЛБОЙТ ЭКЕН”

Түн бир оокумда биринчилерден болуп жардамга чуркаган, атын атагысы келбеген кошунасы төмөнкүлөргө токтолду:

– Эмне экени эсимде жок, колума бир нерсе көтөрүп алып жардамга чуркадым. Барсам, кол салган адамдар качып кетишиптир. Балким, үйдүн бир жерине жашынып калыштыбы деп үйдүн айланасынан издеп көрдүм. Бирок эч кимди көргөн жокмун. Канды көрүп нес болуп калдым. Дароо эле “Тез жардам” менен милицияга чалдык. Учурда “Тез жардамга” ишенип болбойт экен, аябай кечигишти. Кыздын досуна телефон чалдым. Ал келип унаасы менен кызды ооруканага алып кетти. Мен болсо милицияны күтүп ошол жерде калдым. Милиция кызматкерлери көпкө кечигишкен жок. Менин артымдан эжекем дагы чуркап келген экен. Экөөбүз тиешелүү органдарга окуя боюнча көрсөтмө бердик.

Милиция шектүүлөрдү издөө аракетин көрүшкөнү менен, алар кармала элек. Ошондуктан үй-бүлөгө кол салып, жаш кызды өлтүрүп кетүүгө эмне себеп болгону белгисиз. Укук коргоо кызматкерлери издөө иштерин улантууда.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Paprikafm
2020-10-12 13:25:08
Кандай эле таппайсынар эй
0
Tomiris96
2020-10-13 21:47:51
Эмне учун дал ошол куну уйдун эшиги ачык?
0
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан