АЛМАДАН ЖАСАЛГАН ТАТТУУ ДААМДАР

Витаминдерге бай апорттун бышып турган чагы, ошондой эле жакында дүкөн, базарлардын текчелерин шилекейди агызган превосход алмалары каптайт. Алма көп учурунда сиздерди жасап алсын деп, алмадан жасалган таттуулардын рецепттерин даярдап койдук.

АЛМА ПИРОГУ

Керектелүүчү азыктар:

Алма – 4 даана

Каймак май – 100 грамм

Кумшекер – 200 грамм

Жумуртка – 3 даана

Ун – 300 грамм

Быштак – 200 грамм

Майлуулугу жогору сүт – 75 миллилитр

Ванилин – 1 чымчым

Лимон – 0,5 даана

Даярдоо ыкмасы:

1. Унду элеп, ага каймак майды, 100 грамм кумшекерди жана 1 жумуртканы кошуп камыр жууруйбуз. Жуурулган камырды 45 мүнөткө муздаткычка салып коёбуз.

2. Алманы жууп, жука тилимдерге бөлүп, карарып кетпеши үчүн бетине лимондун ширесин сыгып коёбуз.

3. Быштакка майлуулугу жогору сүттү, калган кумшекерди, жумуртканы жана ванилинди кошуп, бирдей массага келгенче аралаштырабыз.

4. Камырды калыңдыгын 0,5 сантиметр кылып тегерек формада жаябыз. Пирог бышыруучу калыптын ичине пергамент кагазын төшөп, камырды салабыз. Камырдын чети кайрылып салынышы керек.

5. Камырды 180 градуста иштеп турган электр мешине 15 мүнөткө салып бышырып алабыз.

6. Эми камырдын ичине быштак, кумшекер жана жумуртка аралашмасын куюп, алманын кесимдерин иреттүү кылып салабыз.

7. Пирогдун бетин каймак май менен майлап, бир аз кумшекер себелеп, 150 градуста иштеп турган электр мешине 40-45 мүнөткө салабыз. Алма пирогу даяр! Пирог муздаган соң бетине кумшекер күкүмүн себелеп дасторконго койсок болот.

АЛМА+АПЕЛЬСИН КЫЯМЫ

Керектелүүчү азыктар:

Алма – 1 килограмм

Апельсин – 1 даана

Кумшекер – 1 килограмм

Даярдоо ыкмасы:

1. Алманы жууп, каалагандай формада туурайбыз.

2. Апельсиндин кабыгын аарчып, туурайбыз.

3. Тууралган алма менен апельсиндин үстүнө кумшекерди себелейбиз. Андан соң 7-8 саатка тыныктырып коёбуз. Бул аралыкта алманын ширеси бөлүнүп чыгат.

4. Мискейди отко коюп, 5 мүнөт кайнатабыз. Бетине калкып чыккан алмаларды кашык менен басып суусуна киргизип турабыз. Мискейди оттон чыгарып, муздаганча коё турабыз.

5. Муздаган соң кайра отко коюп 10-15 мүнөт кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга куюп оозун бекитебиз.

АЛМА ДЕСЕРТИ

Керектелүүчү азыктар:

Алма – 300 грамм

Кумшекер күкүмү – 40 грамм

Каймак май – 20 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Алманын катуу сортун тандайбыз да, аны жууп, кабыгын аарчыйбыз.

2. Мөмөнү 6-8 бөлүккө бөлөбүз.

3. Табага бир аз каймак май салып, үстүнө алма тилимин коёбуз да, кумшекер күкүмүн себелейбиз. Дал ушундай ирет менен 2-3 катар тизебиз.

4. Эми табаны 220 градуста иштеп турган электр мешине салып, алманын сырты кызара баштаганда чыгарып алабыз. Мындай десерт таттуу куймак жана балмуздак менен мыкты айкалышат. Тамагыңыз даамдуу болсун!

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан