Орусияда “MedPoint24” жана “NtechLab” компаниялары айдоочулар каттамга чыгар алдында алардын организминде ичимдик бар-жогун аралыктан текшере турган систем иштеп чыгышты. Системде инфракызгылт термометр, адамдын жүзүн тааный алган жана кан басымды өлчөгөн камера, алкотестер бар. “Алгач аралыктан коомдук жана коммерциялык транспорттордун айдоочуларынын ден соолугун текшеришет. Айдоочу ар бир каттамга чыгар алдында анын абалы аралыктан текшерилет. Эгерде систем абадан нормадан ашык алкоголду тапса, автоматтык түрдө кызматкерди иштен четтетет. Андан соң жетекчисине бул тууралуу кабар барат”,- дешет компания өкүлдөрү. Бул систем айдоочулардын соо экенин гана текшербестен, каттамга чыгар алдындагы медициналык көзөмөлдү да алмаштыра алат.
Гулийпа Маметосмон кызы