Британ тоолорунда “Great North” санитардык авиация кызматы медицина кызматкерлери үчүн реактивдүү костюмду сыноодон өткөрүштү. Ал келечекте жардамга муктаж болгон адамдарга унаада же жөө барууга караганда бат жетүүгө жардам берет.
Бул костюмду иштеп чыккан адам “Gravity” компаниясынын негиздөөчүсү, британ ойлоп тапкычы Ричард Браунинг.
Костюмду сыноо учурунда бир сааттык жолду 90 секундда басып өтүүгө мүмкүн болду.
Костюмда реактивдүү же дизелдик күйүүчү май менен иштеген бир нече кичинекей кыймылдаткыч колдонулган. Кыймылдаткычтар учкучтун колунда жана аркасында жайгашкан.
Ойлоп табуучу бул конструкция учкучтун өмүрүнө коркунуч жаратпай турганын айтат. Костюмдун ылдамдыгы 51 чакырым/саатка жетип, 3658 метрге чейин көтөрүлө алат.
Гулийпа Маметосмон кызы