"AMAZON" ҮЙ КАЙТАРГАН УЧУУЧУ КАМЕРА СУНУШТАДЫ

"Amazon" компаниясына таандык “Ring” компаниясы үйдү кайтаруу үчүн уча турган коопсуздук камерасынын жаңы үлгүсүн көрсөттү. Ал – үйдүн айланасындагы жана каалаган бөлмөдөгү абалды көрсөткөн автономдуу дрон Always Home Cam шайманы.

Иштеп чыгуучулар компаниянын негизги идеясы – бир нече камераларды орнотпой туруп эле үйдүн ар кайсы бурчтарын көрүүгө шарт түзүү экендигин айтышат. Дрон текшерип кыдырып бүткөндөн кийин энергиясын толтуруу үчүн автоматтык түрдө кубаттоо станциясына кайтып келет. Белгиленгендей, дрон толугу менен автономдуу иштей алат, бирок керек болсо колдонуучу кайсы жакты көрсөтүп, кайда учарын тандай алат. Бул колдонмо коопсуздукту сактоодон сырткары башка иштерге да колдонулушу мүмкүн. Мисалы, колдонуучу үйдөн чыгып кеткенден кийин плитаны өчүргөнүн же өчүрбөгөнүн, терезени жапканын текшере алат. Мындай жардамчы 250 доллар турат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан