ТӨШӨКТӨ АЯЛДЫН ЖИНИН КЕЛТИРГЕН 10 НЕРСЕ

Төшөктөгү кумар үчүн эркек да, аял да бирдей жооптуу. Аялдардын дагы төшөктө кыжырын келтирген нерселер бар. Аялдардын басымдуу бөлүгү төшөктө эмнеге кыжыры келет, бирок айта албайт, билесизби? Анда бул макала эркектер үчүн “шпаргалка” болсун.

1. Аялдардын жыт сезүү органы силердикиндей эле өөрчүгөн. Кумарлануу алдында душка түшүп, тишти жакшы жууп, ич кийимдерди которуп алып келсеңиз кубантасыз. Жаман жыт, көлтөйгөн ич кийим, сакалдын сайып турганы аялдар үчүн жагымсыз.

2. Сонун кеч болду, сиз сүйүктүүңүз менен керемет кечени өткөрүүгө даярсыз. Туура, толкунданып жатып байпагыңызды секс учурунда чечкенди унутуп коюшуңуз мүмкүн. Бирок ушул нерсе аялдардын жинин аябай келтирет. Биринчиден, шейшептин үстүндө байпакчан жүргөнүңүз гигиеналык жактан туура эмес болсо, экинчиден, муну аял ага карата сыйлабастык деп түшүнүшү мүмкүн. Ошондуктан аябай шашкалактап жатсаңыз да, байпакты чечип койгонду унутпаңыз.

3. Порнофильм көрүп, андан дүүлүгүп төшөк оюнун баштоо эркектер үчүн кызык болушу мүмкүн. Бирок аялдар үчүн эмес. Алар фильмде эмес, төшөктө “ураган” болушун каалайт. “Порнофильм көрүп туруп, анан баштайлыбы?” деген идеяңыз анын кыжырын келтириши мүмкүн. Андыктан аны өзүңүз эле көрүп, тажрыйба топтогонуңуз эп.

4. Секс учурунда эркектин бежиреп сүйлөй бергени бери дегенде эле аялдын маанайын бузат. Ары дегенде каалоосун жоготот. Секс – үнсүздүктү жактырат. Бул учурда көздөр, колдор, денелер сүйлөгөнү туура. Эркелетип, жалынып жатсаңыз жакшы. Бирок “мындай жатсаң”, “сен бүттүңбү же жакын калдыңбы?”, “сага мындай кылганым жагып жатабы же жакпай жатабы?”, “мындай кылсам кандай болот экен, ыя?” деген сымал суроолор орунсуз.

5. Даярдыксыз баса калуу аялдардын “чачын тик тургузат”. Кечиңиз сонун болушун кааласаңыз, аялды даярдаңыз. Даярдоону төшөккө жата электен эле баштоо жакшы. Көз кысып, эркелете карап, түнкү оюнга ишарат кылып тамашалап, психологиялык жактан даярдап алыңыз. Төшөккө келгенде сылап-сыйпап, эркелетип, жибитип, “күүсүнө келтирип”, бир кайрык “ода” айтып алып баштасаңыз аял да “музыка” болуп берет.

6. “Төшөктө жыгачтай болуп жата бересиңби?” дей көрбөңүз. Талапты башка формада койгонуңуз оң. “Кел, жаным, бул жолу душтун алдынан махабатка баталы”, “сага кандай поза жагат?” деп сурасаңыз жөндүү. Анын “жыгач” болушу же балыктай туйлашы өзүңүздөн да көз каранды.

7. Эмчекти тиштөө, үзүп ийчүдөй тартуу да жарабаган жорук. Сиз өтө берилип кетишиңиз мүмкүн, бирок эмчек аялдын эң талуу жери экенин билиңиз. Чачыңызды жулуп ийбешин кааласаңыз, эмчекке этият мамиле жасаңыз.

8. Төшөктөгү кумар марафон эмес. Ошондуктан төшөктө узакка иштесем, укмуш экенмин деп ойлоп албаңыз. Өнөктөшүңүздүн абалын байкаңыз. Ыңгайсыз абалда жатып бели же буту ооруп сизге жакшы болуш үчүн эрдин бекем тиштеп жата бергенин байкоо кыйынга турбаса керек. “Өх, эрте эле болбойбу эми?” деген кыжалат ой жаратканча “менин сүйүктүүм кандай кылдат!” деген суктануу жаратсаңыз сизге упай болот.

9. Төшөк оюну кызуусуна келип калганда телефондун коңгуроосу баарын бузушу мүмкүн. Ал учурда ажо чала турган болсо да, телефонду үнсүздүккө коюп же өчүрүү керек. Төшөктө баарын токтото коюп телефонго жооп бергенге шашкан эркектерди аялдар башына бир ургусу келет. Телефондон тынымсыз келген СМСтин добуштары жинин келтирбеш үчүн телефонду алыс коюп салыңыз.

10. Кумарлануудан кийин дароо тура калып душка жөнөп кетүү – аялды аябай ыза кылган нерсе. Тура калып душка жөнөп кетпей, бир аз убакыт жатып, кучагыңызга бекем кысып, чекесинен өөп, ыраазычылык билдирип койсоңуз, төбөсү көккө жетип калат. Ишин бүтүрүп алып артты карап коңурук тартып уктап калган эркектерди аялдар жөн эле муунтуп өлтүргүсү келет.

Эркектер, “биздин да төшөктө жаман көргөн нерсебиз толтура” дешиңиз мүмкүн. Сабыр кылыңыз. Эгерде жогорудагы аракеттерди жасап өнөктөшүңүздүн кыжырын келтирбей турсаңыз, сиз жек көргөн нерсени да жаза турган күн келет. Баарыңарга ысык мамиле жана кумарлуу төшөк оюну!

Астра Айдарова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Almankg
2021-04-05 15:34:09
Сонун
+2
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан