Өзү чыканактай кыз, бирок жасаган иши чоң. Кеңсеге келип маек берип кеткенден кийин карасам коомдук иш-чаралардын биринде жүрөт. Ушундай кызыктуу кыз. Мындай кызды ким тарбиялады? Бул жолу алпаруучу апасы тууралуу баяндайт.
– Назира, бүгүн апаң тууралуу сүйлөшөлү деп чакырдым. “Апам элдин назарында болгусу келбейт” дедиң эле.
– Апамды маекке көп чакырышат. Бирок баргысы келбейт. Элге өзүнүн дүйнөсүн көрсөткүсү келбеген жабык мүнөз адам. Апам калжыңдап мага окшоп сүйлөй бербейт, созулуп бир калыпта жүргөн адам. Мага окшоп фонтан болуп атылып турбаган жан.
– Андай ападан сендей кыз кантип жаралып калды экен?
– Ачык, шайыр жүргөнүм атама окшош. Бир чети тарбиядан да болуш керек. Апамдын убагында тарбия башка эле, тыйган нерсе көп болчу. Мени апам эркин тарбиялады. “Кой, антпе, минтпе” деген чектөөлөр болгон жок. Ошондон улам фонтан болуп атылып калдым окшойт. Апама өңү-түсүм, сымбатым окшош.
– Блогдоруңда чоң энең тууралуу көп жазасың...
– Менин балалык дүйнөмдө чоң энем эле болчу. Ортобузда укмуштай жакындык бар эле. Дааратканага кирсе, этегин кармап турчумун. Мени канча айымдан тарта экенин так билбейм, ата-энем студент болгону үчүн чоң энем баккан экен. Киндигим үзүлгөндөн эле чоң энем менен болуп калдым. Кийин атам менен апам окуусун бүтүрүп келгенде чогуу жашап калдык, бирок мен чоң энемдин бөлмөсүндө жашачумун. Алардын бөлмөсүнө жолоп калсам эле таарынчу. Кээде ата-энемдин бөлмөсүнө аябай киргим келчү. Ата-энем экөө тең музыка сабагынан мугалим эле, апам комузун кыңгыратып, атам чопо чоорун ойноп жатса алар менен аралашкым келчү. Бирок чоң энемден коркуп, жакындай алчу эмесмин. Ата-энемди агам менен эжемдей көрчүмүн, ошогобу, мен үчүн алар чоочун дүйнө болуп калды. Азыр деле апам экөөбүз эне-баладай эмес, эже-сиңдидей мамиледебиз. Чоң энем мени колтугуна катып эле эч кимге жолотпой кызганып жатып, өз ата-энемден оолак болуп калдым. Жакында атам менен жолукканда “кичинеңде аябай өпкүлөп колума алганга кызыксам да, энемен жазганып, анте алчу эмесмин” деп айтып жатпайбы.
Чоң энем болуп көрбөгөндөй сүйүүгө толо адам эле. Башка деле неберелери бар болчу. Бирок энелер эң бечелин жакшы көрөт эмеспи, мени көбүрөөк сүйдү. Кагылып-согулуп, көзүм менен тең айланып турчу. Бала ошону сезет, аны эки эсе кайтарат. Кичинемден астма болуп ооручу элем, түнү менен далыма таптап чыкчу. “Ташка тийген жөтөл, ай” деп кейип, түнү менен көз ирмебей мени карачу.
Ата-энем ажырашып кеткенде 9 жашта болсом керек, “эки дөө кагышса, ортосунда кара чымын кырылат” болуп чоң энем экөөбүз куураганбыз. Экөөбүздүн ажыраганыбыз бир ааламды зордоп экиге бөлгөндөй эле болду. Бири-бирибизди издеп ыйлачу элек. Мектепке издеп келчү, “менин кызым ушул жакта окуйт эле, Нази-и!” деп мектептин алдында турчу, байкушум. Мен мектептен чыгып эле басып жыгылам, экөөбүз кучакташып ыйлайбыз. Ал күндөрдү эстесем жаман болуп кетем. Энем байкуш мени издеп жүрүп каза болуп калды. Бул мен үчүн оор жоготуу болду.
– Чоң энең, атаң, уулуң тууралуу блокторуңда жазасың, бирок апаң тууралуу жазбайсың. Эмнеге?
– Апам уруксат бербейт. “Мени коомдук адамга айлантпа, андайды жаман көрөм” дейт. Анын тынчтыгын бузгум келбейт, эл түрдүү болот да. Мен болсо андай тепкиге көнүп калгам, чыдай берем. Апама андай кепти жолоткум келбей, коргойм. Апам экөөбүз көп кыйынчылыктарды көрдүк. Таятамдар колдоп турушту, бирок ар бир адамдын жашоосу өзүнчө да. Борбордо батирден батирге көчүп жүрдүк. Экөөбүздүн тең чачтарыбыз жер чийгендей узун эле, кышында жууп койсок учу тоңуп калчу. Ызгаар суукта желим бөтөлкөгө ысык суу толтуруп алып кучактап жаткан күндөр болду. Кандай күндөр болбосун апам мага “сен бийик уча турган кушсуң, сен уча аласың” деп көп айтчу. Апам болбогондо мындай Назира болбойт белем. Анткени мага “сенин колуңдан бул келбейт, сен эл катары эле турмушка чыгып жашай турган кызсың” десе, балким, менден башкача Назира чыкмак. Сынып турганда жөлөк болот, учуп-күйүп калсам токтотуп турат. Жашоомдо апамдын акылын көп уктум. Апамды сүйүндүрүш үчүн жалаң “5” деген баага окудум. Өз күчүм менен окууга өттүм. Азыркыга чейин ар бир ийгилигим апам үчүн. Студент кезимде апам 2000 сом маяна алып иштечү. 1200 сомун жатаканама төлөчү, 300 сом тамак-ашыма берчү. Өзү калган акчасы менен эптеп жашачу. Кийин “Хит-парадга” чыгып калганда да тапкан-ташыганын мага чаптады. Ал жерден жарытылуу акча алчу эмесмин. Телеге чыкканыма сүйүнүп эле болгонун мага чаптачу. Кийин балам төрөлгөндө баламды багышты, иши кылып мага жөлөк-таяк болуп келе жатат.
– Ата-эне аткарылбай калган максатын балдары аткарышын каалайт эмеспи. Силердин мамиледе андай болгон жокпу?
– Мен дайым өзүмдүн жүрөгүмдөгүнү жасадым. Котормочулук кесибим апама майдай жакчу, кийин телеге кетип калганымда деле колдоду. Актрисалыгымды да колдоду. Мага эч качан өзүнүн каалоосун арткан учур болгон жок. Ата-энем чыгармачыл адам болгондон кийин баары бир мен деле ошол жакка кетмекмин. Апам муну жакшы түшүнчү жана менин потенциалым бар экенин биринчи көргөн адам.
– Айланып, кагылып, сүйүүсүн ачык көрсөткөн энелер бар, ичинен сүйүп, сүйүүсүн көрсөтө албагандар бар, сеники кайсынысына кирет?
– Меники ичинен жакшы көргөндөргө кирет. Өөп-жыттап, кучакташмай дээрлик жок. Дистанция бар, көрүнгөн темада сүйлөшө албайбыз. Бул мурунку муундун тарбиясы болсо керек. Уулум экөөбүздө андай дистанция жок, өөп-жытташа беребиз. Өбүшүп-жытташкан сезим кандай сезим болду экен деп кызыгып калам. Ал башынан түптөлүп калган, ошондуктан ал нерсе жетишпейт деп айта албайм. Мага апамдын карааны, дем-күчү эле жетишет.
– 22 жылдан кийин атаңды таап, аны менен катташканыңды апаң кандай кабыл алды?
– Таарынды. 22 жыл бою көмөк көрсөтпөсө, сурабаса, келбесе, болгон түйшүгүмдү апам жалгыз тартса, анан кийин мен атамды издеп кетсем башка эне деле таарынмак. Ага аябай катуу тийди. Бирок атамды тапканым апамды чийип басып кеткеним эмес да. Мен бул нерсени өзүм үчүн жасадым. Көкүрөгүм тынчышы үчүн кылдым. Апама “сенин ордуң башка, анын орду башка, көкүрөгүм кенен, баарың батасың” деп айттым. Азыр баары жайына келди. Атам экөөнүн сүйүүсү, жаштыгы тууралуу айтып берсе аябай кызыктуу болду.
– Апаңдан алган эң чоң турмуштук сабак кайсы болду?
– Сабырдуулукту алдым. Үйдө укмуш нерсе болуп жатса да дардаңдап, жетине албай көрүнгөнгө айтып кетпейт. Бир калыпта. Мен желпилдеп, жеңилмин, апам оор басырыктуу. Ооздуктап турат. Апамдан алган эң чоң сабагым ушул болду. Мектепте “тилиң буудай кууруйт, апаңды чакырчы” дешет, чакырып келсем эле апам созулган, маданияттуу, интеллигент болуп чыга келет. Баары таң калышчу.
– "Бардык ийгиликтеримди апам бактылуу болсун деп кылдым" дедиң. Акыры апаңды бактылуу кыла алдыңбы?
– Бала катары апамды бактылуу кылдым деп ойлойм. Барган жеринен “Айтбекованын апасы” деп сыйлуу жерге отурат. Көп адамдар мен аркылуу апам менен катышкысы келет. Ушундай жерде сыймыктанат болушу керек. Бирок аны деле айта элек (күлүп). Бирок мен башым менен жер казсам деле күйөөнүн ордун толтура албайм. Апам жалгыз отурбай, чай ичкен адамы болсо деп санааркайм. Атам тиги жакта, апам бул жакта жалгыз. Бул мени бала катары аябай түйшөлтөт. Акыл калчап, таразалап отуруп ойлоном, жалгыздык жакшы деле эмес экен. Азыр го апам жаш, өзүнүн чөйрөсү бар, мектеби бар. Кийин эмне болот деп ушуга көп санааркап калам.
– Бул баланын апасынын алдында күнөөлүүмүн деген сезимден улам эмеспи?
– Ооба, башында апамдын багын мен байлап койгондой сезилчү. Мен болбосом турмушу башкача болот беле деген нерсе бар болчу. Өзүмдү күнөөлүү сезчүмүн. Ошон үчүн апамдын боштугун толтурганга жан талашсам керек. Бирок психологдун жардамы менен мындан арылдым. Жалгыз болуу апамдын тандоосу болгон экен. Мен мисалы, балам үчүн жашабайм. Анын өз турмушу бар. Мен болгону ага жардам берем. Анткени балам менин алдымда күнөөлүү болуусун каалабайм. Эгерде жакшы адамды таап турмуш куруп кетсем, ал менин чечимим. Бала үчүн эненин бактылуу болуусу ушунчалык маанилүү.
– Апаңдын кайсы тамагы жагат?
– Апам экөөбүз бул жерде да эки өңдөйбүз. Ал түрлөп тамак жасаганды жакшы көрөт. Мен ашкананы көргүм келбейт. Атайын кулинардык курстарга барып өнөрүн өркүндөтүп турат. Бардык тамакты жакшы жасайт. Өзгөчө камыр тамактары сонун болот. Тикмечилик кылып сайма саят, үй тазалап, бала багып эле күйөөсүн күтүп отурчу аял. Бир күйөөнүн бактысын ачмак. Ушуга чейин эле апам курактууларды чактай берем. Апам карыган кезде башы айланып сүйүп калса деп кыялданам.
– “Жөн эле ойлор” деп блог жазып китеп чыгардың, апаң буга кандай карады?
– Башында жазып баштаганда апам сын айта берчү. “Эл эмне дейт, ушинтип да жазасыңбы?” дей берчү. Анан апамды блоктоп салгам. Туура кылыптырмын, апамдын оюн угуп жазбай койсом бүгүнкү күнү китебим чыкпай калмак. Блоктоп коюп ойлорумду тынбай жаздым, анан китебим чыкканда белек кылып берип койдум. Момоюп, ыраазы болуп отуруп калды (күлүп).
– Аягында апаңа ыраазычылык айта кетсең туура болот окшойт.
– Апама чындап ыраазымын. Бир жолу “апа, ырас эле сен менин апам болуп калыптырсың” дегем. Апамдын мага болгон ишеними, тартиби, тарбиясы болбосо, мен элдин эрке кызы болуп жүрмөк эмесмин. “Сен башкачасың, сен бийик учасың, сен жасай аласың” деп аябай көп айтты. Атама да ыраазымын. Атам менен сүйлөшүп отурсам эзилип мени карап отурду да, “кызым, сен апаң экөөбүздүн эң жакшы сапаттарыбызды алыптырсың. Жакшы кыз болуп чоңоюптурсуң” деди. Мен “ушу жакшы кызды апам жасады, ата” дедим. Ырас эле бул турмушта эки адам кезигип, мени жаратып коюшуптур. Ыраазымын!
– Апаң маекти окуса ыраазы болот болуш керек. Сага жана жөн эле ойлоруңа ийгилик!
Нуржамал Жийдебаева