ДҮЙНӨДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ МУЗЕЙЛЕРГЕ САЯКАТ

Дүйнө жүзүндө миңдеген музейлер бар. Алардын ичинен эң эле атактуусу – Франциянын Париж шаарындагы Лувр музейи. Музей деген сөздүн төркүнүнө кайрыла турган болсок, латын (musaeum) тилинен алынган, кыргыз тилине которгондо “музалар храмы” деген түшүнүктү берет. Музейдин бир канча түрү бар. Алар тарыхый, көчмө же жаратылыш музейлери болушу мүмкүн. Биз сиздерге эң кызыктуу жана өзгөчө музейлер тууралуу баяндап беребиз.

КОКА-КОЛА ДҮЙНӨСҮ

Биз тамшанып ичип жүргөн Кока-Кола 1886-жылы америкалык фармацевт Жон Стит Пембертон тарабынан ойлоп табылган. Кока-Коланын тарыхына байланышкан музей Бейкер-Стриттеги Атланта шаарында жайгашкан. Музей 1990-жылы ачылган. Андагы экспонаттардын саны көбөйүп отуруп батпай калганда, 2007-жылы аянты мурункудан эки эсе чоң болгон жаңы имарат тургузулган. Музейдин жалпы аянты 8 гектарды түзөт. Анын архитектуралык өзгөчөлүгү болуп бийиктиги 8 метр болгон суусундуктун бөтөлкөсүнүн формасындагы айнек мунара саналат. Сиз бул жерден брендге байланыштуу өзгөчө сувенирлерди, түрдүү коллекциядагы бөтөлкөлөрдү жана башка Кока-Колага байланыштуу буюм-тайымдарды көрө аласыз. Музейдин аймагында Кока-Коланы сатуучу автоматтар, акысыз 4D кинотеатр жана ошондой эле музейдин чок ортосунда Кока-Коланын даярдалыш сыры катылган капсула жайгашкан. Заманбап суусундуктун кантип өндүрүлүшүн кичи заводго барып көрүүгө болот. Бирок кинотеатрда Кока-Коланын тарыхы боюнча көрсөтүлгөн документалдуу тасманы видеого тартууга тыюу салынат. Музейде бул суусундук сатылган дүйнөнүн 206 мамлекетинен чогулган жарнамалар бар. Кока-Кола бир гана үч мамлекетте жок. Алар: Лаосто, Кубада жана түндүк Кореяда. Мектеп окуучуларын музейге автобустар менен алып келип, бекер киргизишет. Ал эми чоңдор үчүн билеттин баасы 15 доллар турат. Музейдин коноктору үчүн Кока-Коланын 60тан ашык түрүн компаниянын атынан даамын татып көрүүгө шарт түзүлгөн.

“CORPUS” – АДАМ ДЕНЕСИНЕ САЯКАТ

Бул өзгөчө адам денесиндеги музей Нидерландыда жайгашкан. Музейге келген жарандар эч кыйынчылыгы жок эле адамдын тулку боюндагы сырдуу дүйнөгө саякат жасай алат. Сыртынан музей адамдын отурган абалында көрүнөт. Бул таң калычтуу форманын ичиндеги негизги экспонаттар – бөйрөк, боор, өпкө, жүрөк, мээ жана башка органдар. Алар адамдын денесинин кайсы жеринен орун алса, музейде дагы ошол жерден орун алган. Көкүрөктө жүрөк согуп, башта мээ иштеп турат. Музейдин коноктору таанышууну адамдын тизесинен баштап, башынан бүтүрүшөт. Улам барган сайын бир кабаттан экинчисине көтөрүлүшөт. Музейге орнотулган экрандардан организмде болуп жаткан түрдүү процесстерди көрүүгө болот. Ал тургай адамдын организминде болуп жаткан физиологиялык процесстеги үндөр угулуп турат. Ал – зат алмашуу жана тамак сиңирүү. Музейге 6 жашка чейинки балдарга кирүүгө болбойт. Имарат Амстердам–Гаага жолунан даана көрүнөт. Ал эми мына ушундай кызыктуу музейдин курулушуна 27 миллион доллар сарпталган.

ДААРАТКАНАЛАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙИ

Индиянын Нью-Дели шаарында көпчүлүктү таң калтырган “Сулабх” даараткана музейи бар. Бул музейге эч ойлонбостон эле балаңызды кошо ээрчитип барсаңыз болот. Музейден дүйнөнүн 90 өлкөсүнө таандык болгон миңдеген унитаздарды көрө аласыз. Муну куруучулар жөн гана дааратканалар тууралуу айтып же көргөзүп бербестен, алардын өнүгүү жолун да көрсөтүп берүүгө аракет кылышкан. Музейдеги экспонаттардын арасынан баалуу буюмдарды салган сандык формасындагы көтөрүп жүрүүчү даараткананы кезиктире аласыз. Мурунку заманда буларды мергенчилер аң уулоого чыкканда колдонушчу. Коноктор падыша Людовик XIIнин даараткана катары кызмат кылган тактысын, андан сырткары ханыша Викториянын алтын дааратканасын көрө алышат. Адамдардын кабыл алуусун жана топтолгон тажрыйбасын өзгөртүүгө багытталган гениалдуу жана уникалдуу дааратканаларды кездештирүүгө болот.

ЧАЧ МУЗЕЙИ

Түркия мамлекетинин Каппадокия шаарындагы Чач музейи дүйнөдөгү эң таң калычтуу музейлердин катарын толуктайт. Бул музейдин негиздөөчүсү – карапачы Чез Галип. Музейдин ачылыш себебине кайрыла турган болсок, карапачы жакшы көргөн кыз Аваностон кетүүгө аргасыз болот. Бул айрылууну карапачы оор кабыл атат. Ошондо кыз эстелик катары ага чачынын бир учун кесип берип кетет. Галип өзүнүн карапа саткан дүкөнүнө келген кардарларга бул армандуу сүйүү баянын айтып берет. Бул окуядан таасирленген кардарлар дагы өзүнүн чачын кесип таштап кетип отуруп, аягында Галип бул топтолгон чачтардан музей ачууну чечет. Музей 1979-жылы ачылган. Ар чачка кагаз тиркелип, ага анын кожоюнунун ысымы, дареги жазылган. Учурда ал музейде 16 миңден ашык аялдын чачы сакталган. Бул жерден узун-кыска, деги койчу, түрдүү чачтарды кезиктирүүгө болот. Чач музей дүйнөдөгү эң өзгөчө музей катары таанылган. Аны көрүүгө агылган туристтердин саны да арбын.

БАЛМУЗДАК МУЗЕЙИ

Балмуздак музейи алгач 2016-жылы Сан-Францискодо ачылган. Андан соң көпчүлүк кыялданган музей Лос-Анжелес жана Нью-Йорк шаарларына жайылган. Бул музейдин коноктору балмуздак жана түрдүү муздак десерттерди даамдай алышат.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан