Супер-форум
Жыл айланбай биздин сайтыбыздын супер-форумчулары дагы бир жолугуу кечесин уюштурушту. Бул күн көптөгөн кызыктары менен коноктордун эсинде калары шексиз. Эмесе, кече кандай өткөндүгү тууралуу баяндан окуңуз.
КӨПТӨН КҮТКӨН ЖОЛУГУШУУ
Оо, бул жолугушууну баарыбыз көпкө күттүк. Анткени жаңы пландалып жатканда эле уюштуруучулар “Панорамада болот” деп кызыктырып коюшкан эле. Анан ушундай шартта, романтикалык жайда эс алуудан ким баш тартсын! Жолугушууну бат-баттан уюштуруп туруу жакшы жөрөлгөгө айланып баратканы бизди аябай кубандырат. Бул ирет кече өтчү жай оригиналдуу болгону менен бизди бир тамшантса, калган “сюрприздери” эми укмуш...
Кээде тынбай эмгектене берсең, шаардын ызы-чуусунан да тажайт эмессиңби. Таза абада, шаардын четинде алыстан жарк-журк этип жанган жарыктарга суктана карап бир сүйүнсөң, форумдан тапкан досторуң менен жолугушканга бир сүйүнөсүң.
Супер-форумчулардын мурунку жолугушуусу жакшы таасир калтырыптыр. Көпчүлүк “интернет эмне? Ал – виртуалдуу дүйнө да...” деп олуттуу көңүл бурбай коюшат эмеспи. Бирок биздин сайттын колдонуучулары эчак эле таанышып алышкандыктанбы, бири-биринен тартынуу, өзүн оңтойсуз сезүү деген болгон жок. Форумду “Суперстан” деп бекеринен атабасак керек. Баары ынтымактуу бир үй-бүлөдөй шаңдуу отурушту.
ТАЗА КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨЙБҮЗ!
www.super.kg сайтынын максаты – Кыргызстанда, дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды кыргыз тилинде элге жеткирүү. Кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүү. Жолугушуу кечебизде да “баарыбыз кыргыз болгондуктан, келгиле, башка тилдеги сөздөрдү аралаштырбай, таза кыргыз тилинде сүйлөйбүз” деген сунушту AeCHka аттуу форумчубуз киргизди. Мындай сунуш, албетте, баарына жагып, колдоого алынды. Форумчулардын көпчүлүгү жаштар болгондуктан, ойлонуп сүйлөөгө туура келди.
Шашып, адатка айланган сөздөрдү кошуп жибергендер акчалай айыпка жыгылып жатышты. Таза кыргызча, орусча аралаштырбай сүйлөсөк, тилибиз кандай таттуу! Ушундай патриот инсандар көбөйө берсе экен деп тилеп, аябай сүйүндүк. Андан сырткары столубуз да кыргызча жасалып, конокторго кыргыздын кылымдан бери суусунун кандырып келаткан кымызы да сунулду.
КӨП КЫЗЫКТЫ КАМТЫГАН КЕЧЕ
Адатта, “бийге чыккыла!” деп бири-бирибизди сүйрөй берет эмеспизби. Бул ирет андай сөздүн да кажети жок болду. Анткени бизди куттуктап, ырчылар Алихан, Даниель, Добр, Бегимай Эсенгулова, Кайрат Примбердиев, Алтынбек Каленов, Рустам Сагыналиев, “Blow Mix” бий тобу, Кайыргүл, Чолпонай, Фархат Кеңешбек уулу, Эрлан Андашев келип, маанайды көтөрүп кетишти. Конокторду узаткандан кийин эле "Супер-Форумдун" “суперлерин” тандоо кезеги келди. “Супер мээрман айым” – AeCHka (Анара), “Супер ырчы” – Алмаз Шаадаев (Алмаз), “Супер бийчи” – vaselisa (Гузель), “Супер чет элдик форумчу” – Akjol (Акжол) деп табылышты.
Алыскы Москва шаарынан ат арытып келген Акжолду да баса белгилеп кетпесек болбойт. Анын келгени форумчулар үчүн да кубанарлык болду. Ошондой эле ар кандай кызыктуу оюндар уюштурулуп, баарынан да жигиттердин “модельер” болуп, кыздарды кагаз менен кийинтишкени шаңдуу маанай тартуулады.
АЯГЫНДА…
Жакындан баарлашып таанышуу, сырдашуу таң атканга чейин уланды. Андан сырткары форумчулардын "Супер-Форум" боюнча суроо, сунуштары да эске алынып, ар ким өз пикирин айтып жетишкен жок. Ошентип, бул жолугушууга барбаган жана эрте кетип калгандар арманда калышты.
Гүлжамал Бөрүкулова
forum@super.kg