«Дерзкий» образдагы ITZY

Топтун дебют жасаганына 1,5 жылдан ашты. Бул аралыкта алар дүйнө жүзү тааныган k-pop тобуна айланышты. Корей музыкасын дүйнө жүзүнө жайылтууга чоң салым кошуп жаткан ырчы кыздар 18-20 жашта гана. А сиз бул куракта кандай ийгиликке жетишкениңиз эсиңиздеби? Анда эмесе кымча бел таланттуу кыздардан куралган «ITZY» тобу менен тааныштырабыз.

Түзүлгөн жылы: 2019-жыл

Жери: Түштүк Корея

Топтун курамында 5 ырчы: Йежи, Лиа, Рюжин, Чэрён, Юна

Белгилүү ырлары: «Dalla Dalla», «Icy», «Wannabe», «Not Shy» жана башка

Лейбл: «JYP Entertainment»

«ITZY» – СИЗГЕ ЭМНЕ КЕРЕК БОЛСО, АНЫН БААРЫ БИЗДЕ БАР»

«ITZY» деген сөз эмнени түшүндүрөт?» деген журналисттин суроосуна топтун ырчысы Чэрён: «Биринчи жолу топтун атын укканда мен да бул кайсы тилдеги сөз деп сурагам. Сөздү чечмелегенде «сизге эмне керек болсо, анын баары бизде бар» деген маанини билдирет экен. Мааниси жагып калды, анан да оңой айтылат»,- деп жооп берген. Мына ушундай кызык аталышка ээ топ 2019-жылдын 12-февралында «Dalla Dalla» аталышындагы ыр менен дебют жасаган. Аталган ыр бир нече ирет «Жылдын ыры» номинациясында жеңишке жетишти. 200 миллиондон ашык кароолорго ээ болду, жыл жыйынтыгы боюнча Түштүк Кореядагы эң мыкты ырлардын ТОП-20сына кирди. Бул жаңыдан чыгып келе жаткан топ үчүн чынында рекорддук көрсөткүч.

«ITZY» «Black Pink’ти» туурайбы?

«ITZY» дебют жасаары менен эл оозуна алынды. «Сахна жаштыкты жана сулуулукту талап кылат» дегендей, кыздар жаш да, сулуу да, таланттуу да. Дагы бир байкаларлык жагы, назик көрүнгөн кыздар тайманбаган, орусча айтканда, «дерзкий» образды жарата алышты. Ал образ топтун ырларында, кийинүү стилинде, бийинде байкалат. Мындай образга учурда Түштүк Кореяда эң популярдуу делген «Black Pink» тобу да ээ болчу. Мындан улам «ITZY’нин» кийинүү стили, ырларындагы айрым кайрыктар «Black Pink’ке» окшош» деп сындагандар чыкты. Ал эми топтун күйөрмандары «азыр k-pop’тогу бардык эле музыканттар бирдей кийинет, андыктан «ITZY’ни» бирөөнүү туурайт деген туура эмес. Тескерисинче, «Black Pink» бир жылда бир-эки эле ыр чыгарат. «ITZY» болсо 1,5 жылда 3 альбом чыгарганга жетишти. Мындай болсо биринчи топтун күйөрмандары бизге кошулуп, «ITZY» жакын арада популярдуулугу жагынан «Black Pink’ти» артка таштап кетиши мүмкүн»,- деп өз кумирлерин жактап чыгышты. Окурман, сиздин оюңузча «ITZY» «Black Pink’ти» туурайбы?

Дүйнөлүк хиттер

Чү дегенде эле өзүн мыкты көрсөтө алган топ былтыр жайында «It’z Icy» аталышындагы кичи альбомун чыгарып, сентябрь айында эле Азияны айланып гастролго чыгып кеткен. Топтун суроо-талапка ээ болгонун байкаңыз, эки айдан кийин эле алар Азиянын бир катар өлкөлөрүнө чакыруу алып, кайрадан турнеге чыгышкан. Бул ирет Азия менен токтоп калбай, 2020-жылдын январь айында АКШ, Европанын чоң-чоң шаарларын кыдырып концерт бергенге жетишти. Үстүбүздөгү жылдын март айында топтун кезектеги «IT'z Me» аталышындагы альбому жарыкка чыккан. Альбомдогу "Wannabe" башкы ыры дүйнөлүк Gaon жана Billboard World Albums музыкалык чарттарында алдыңкы орундарга ээ болду. Арадан 4 ай өтүп, топ кайрадан күйөрмандарына 6 ырдан турган жаңы "Not Shy" альбомун сунушташты. Кайрадан ийгилик, дагы бир дүйнөлүк хитке айланган "Not Shy" ыры топтун куржунунда.

ЙЕЖИ

Аты-жөнү: Хван Йе Жи

Туулган жылы: 2000-жыл, 26-май

Туулган жери: Түштүк Корея, Чонжу шаары

Бою: 168 сантиметр

Салмагы: 46 килограмм

Топтун лидери, ырчы, бийчи, рэпер

ЛИА

Аты-жөнү: Чве Жи Су

Туулган жылы: 2000-жыл, 21-июль

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою: 163 сантиметр

Салмагы: 47 килограмм

Топто: ырчы, бийчи, рэпер

РЮЖИН

Аты-жөнү: Шин Рю Жин

Туулган жылы: 2001-жыл, 17-апрель

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Бою: 164 сантиметр

Салмагы: 47 килограмм

Топто: башкы рэпер, бийчи, ырчы

ЧЭРЁН

Аты-жөнү: Ли Чэ Рён

Туулган жылы: 2001-жыл, 5-июнь

Туулган жери: Түштүк Корея, Йонъин шаары

Бою: 168 сантиметр

Салмагы: 46 килограмм

Топто: башкы бийчи, ырчы, рэпер

ЮНА

Аты-жөнү: Шин Юна

Туулган жылы: 2003-жыл, 9-декабрь

Туулган жери: Түштүк Корея, Вонжу шаары

Бою: 170 сантиметр

Салмагы: 48 килограмм

Топтун жүзү, ырчы, бийчи

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tahmina_98
2020-10-17 21:59:56
Txt тобун да чыгарсаныздар.
0
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан