ҮҢКҮРГӨ КАТЫЛГАН АЛТЫН (Байлык кумары, сүйүү, алтынга жетүү үчүн өмүрүнөн ажырап кала жаздаган жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Акимыч, бүгүн Чолпон-Атада жүрсөм Рамис таз жолугуп ар нерсени сурады. Сиз жөнүндө да сурады, "кандай жүрөт?" дейт. “Жакшы эле жүрөт” деп кыска жооп берип кутулдум. Мага өчөшүп калган окшойт.

Акимыч чычкан аңдыган мышыктай болуп мени карап калды да, дароо көзүн ала качып стол үстүндөгү кагаздарын карап бирдеме издеген боло баштады.

Менин сөзүмдү көңүлүнө албаган адамдай болуп:

– Эмне дейт?- деп койду. Ортодогу болгон сөздөрдү төкпөй-чачпай айтып бердим.

Акыры мени карап:

– Ээ, ага көңүл бурба, ал бир эле сага эмес, баарына ошондой мамиле кылат, баары жаман көрүшөт. Макул эми бара бер, унут Рамис тазды.

Ушуну эле сурай албай жаткан окшойт, көңүлү жайланып калгандай сезилди. Эмне, бүгүн шаарда менин артымдан бирөө аңдып жүрдү бекен? Дагы бир текшерип көрөйүн деп чечтим.

Эгер артымдан аңдып жүрүшсө, баары бир буюмдарымды тинтип текшерип көрүшсө керек. Эртең менен үйдөн чыгып жатып аттын куйрук кылын эшиктин түбүнө байкалбай тургандай кылып жармаштырып койдум, мен жокто бирөө кирсе кыл үзүлүп калмак. Тамактанып алып базанын жанындагы көлгө чөмүлүп келгени кеттим. Эки сааттай жүрүп келсем, жанагы кыл үзүлүп калыптыр. Ким кирсе да өтө чебер экен, буюмдарым кандай турса, так ошондой кылып кайра коюптур, баары ордунда, билинбейт эч нерсе. Акимыч эле кирген болуш керек, же Муслим, башка ким кирет эле?

Эртеси да туристтерди ээрчитип тоого чыга турганбыз. Тоого чыкканда кийчү кроссовкамдын кир болгон жерлерин тазалап коёюн деп чечтим. Ар бир сапардын алдында бут кийимди тазаламай деген адатка Москвада жүргөндө көнгөм, альпинист досум бар эле Саша деген. Ошону ээрчип жүрүп адат кылгам.

Ишине өтө так бала эле, ар бир саякаттын алдында альпинисттик шаймандарын бирме-бир ар бир жибинин тигилишине чейин текшерип, буюмдары таптаза жүрчү. Бутуна жайы-кышы кроссовка кийип, анысы да дайыма таза жүрчү, кичине эле жери жыртылса ыргытып, жаңысын, кымбатын сатып алчу. Үч жылда мен да көнүп бүткөм тазалыкка. Менин да бутумда ар дайым кроссовка. Кышкысын жылууланганын, жайында тешиктери бар жукасын, айтор, кроссовкадан башка бут кийим кийбейм. Таманы калыңын алам ар дайым, жумшак болуп анча-мынча жерден тайбайт.

Кроссовкамды тазалап жатып байкап калдым, бир жери тилинип калыптыр. Шиштүү нерсе басып алган окшойм деп карасам тилинген жер клейленип турат. Бишкектен бул жакка келерде жаңы сатып алгам, жыртыла турган боло элек. Клейди ажыратып, тилинген жерди ачсам ичинен топчудай болгон эки нерсе чыкты. Бирөөсүн түшүндүм, кадимки эле кол сааттын батарейкасы, экинчиси... Дароо интернетке кирип издесем, менин каякта жүргөнүмдү көрсөтүп туруучу аппарат экен.

Булар катуу кетишиптир. Кийимдеримди бирме-бир текшерип чыктым, башка датчик таппадым.

Видеокамера коюшпады бекен деп үйдүн бир да жерин калтырбай тытып чыктым, жок, коюшпаптыр. Телефонумду тыңшашы да мүмкүн, бирок аны кантип текшерет элем? Мейли, ким менен сүйлөшмөк элем?

Датчикти күндө жумушка чыкканда кийген жилетиме тагып алдым.

Түшүнүктүү, демек, менин артымдан аңдып жүрүшөт экен, мага ишенишпептир да.

Мени аңдып жатышса, демек, бир нерсени күтүп жүрүшөт, бир күнү мени мажбурлап бир ишке түртүшөт баары бир. Андан кийин тирүү калышым күмөн.

Кетиш керек эртерээк бул жерден. Түнү менен эмне кылсам деп ойлондум, ар нерсе оюма келет. Акыры жөн кетпей, баягы аскадагы алтындарды ала кетмекчи болдум.

Мындай мүмкүнчүлүк ар кимге эле келе бербейт. Качанга чейин Орусияда иштеп кыйналып жүрөм, биякта эсепсиз байлык кол созсоң эле жете турган жерде турганда.

Булар Кудай эмес да, мендей эле адамдар.

Бир жактуу чечим кабыл алганым үчүнбү, жеңилдеп калдым.

Макул дедим, негизгиси, өзүмө кантип аткарам деген суроону бердим. Алгачкы кадамдарды пландаштыра баштадым. Эки күндөн кийин Гулиге жолуктум:

– Гули, мен Чолпон-Атага барып келишим керек болуп жатат. Бирөөгө акча которуп келбесем болбойт, Акимыч билбегидей кылып барышым керек. Билесиң го, айлыгымдан кыркып салат билсе, жардамың керек.

– Кантейин дейсиң?

– Бою мендей бир бала тапсак, менин кийимимди кийип пляжда жүрүп турса эки саатка, мен барып келе коёт элем. Ал балага акысын төлөп берем.

Гули ойлонуп калды да:

– Кайсы күнү?- дейт.

– Эртең болбойт эми, бүрсүгүнү жакшы болот эле.

– Макул, иним бар, айтам, келип ордуңа иштеп турат. Дастан, эки саатта Чолпон-Атага барып келишиң кыйын, көчөдөн бирөөлөр көрүп калса Акимычка жетип калышы мүмкүн, биздин айылда катерлер бар. Беш жүз сомго Чолпон-Атага алып барып келет эле. Көп болсо бир саат кетет,- деди эле сүйүнүп кеттим. Дароо макул болдум. Кантип өзүмдүн башыма келбеди экен ушул ой. Туристтер көлгө түшкөнү барышканда мен да кошо жүрөм, пляжга ар кандай катерлер келип кетишет.

Кантип келет, эмне кылат, айтор, майда-чүйдөсүн сүйлөшүп алдык, иниси бирөөнүн катерин жалдап келип, ошол катер менен Чолпон-Атага барып келмей болдум.

Пляжга туристтер менен мен эле келем, мейманканадан мени тааныгандардын эч кимиси келбейт. Акимыч болсо такыр эле келбейт бул жакка. Мени аңдыган адамы болсо деле алыстан дүрбү менен караса керек, Гулинин иниси менин кийимимди кийип жүрсө болду, алыстан таанылбайт. Пляжга ким келсе да даана көрүнүп турат. Ушул убакка чейин эч ким келбеген мен тааныгандардан.

Кечинде интернетте отуруп Бишкектен, келемиштерди кууй турган "ультразвуковой отпугиватель" деген аппарат саткан, бир интернет дүкөн таптым. Товарды сен айткан жерге жеткирип беришет экен.

Эртеси Бишкекке жакын досума чалдым. Альпинисттик шаймандарымды, дүкөндөн буюртма кылган аппаратымды, берца, калың кышкы жынсы, булгаары күрмө, булгаары кол кап алып Чолпон-Атага келип турмак болду.

Гулинин инисинин аты Азат экен, арыгыраак болбосо, бою мендей эле. Мейманкананын футболкасын, датчик тигилген жилетти алып келип ага кийгизип, ишти түшүндүрүп коюп, өзүм катер менен Чолпон-Атага барып шаймандарымды, аппаратты алып келип, пляжга жакын жерге бекитип койдум.

Эми жума күндү күтүш керек, жума күнү Акимыч мейманканага кечинде гана келет. Ал күнү күндүз Акимычты Муслим сыяктуулар издеп келбейт. Демек, күндүз менде мүмкүнчүлүк болот. Тоого чыгып, алтындарды алып келүүгө жетишишим керек.

Жума күнгө ар нерсени шылтоо кылып “эч кимге айтпайсың, Гулиге да айтпа” деп сүйлөшүп, Азатты чакырып койдум. “Акчасын жакшы төлөп берем” десем макул болду.

Мени эки саатка эч ким издебей турса жетет. Андан кийин алтындарды алып кетип калсам, эмне болсо ошо болсун, мага айырмасы жок болуп калат. Азатка гана чалып кете бер десем болду, аны туристтер тааныбагандан кийин.

Жума күн да келди акыры. Азатка чалып койдум да, керектүү гана буюмдарымды алып пляжга келдим. Азат да айткан убакка келди, жолугуп, кийимдеримди, жилетимди берип, акчасын да төлөп койдум. Эми чуркаш керек.

Бекиткен жерден аскадан түшүүгө керектүү шаймандарымды рюкзакка салып, тоону ашып шаркыратмага жөнөдүм. Шаркыратмага жетип, тоонун башында жатып алып бир аз эки жакты карап жаттым. Тынч эле, эч ким деле көрүнбөйт. Мени аңдыган адам болсо сөзсүз көрмөкмүн, келер келгиче ар жерге бекинип карап келаттым...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 931, 8-14-сентябрь, 2020-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан