Үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалаган "1988ге жооп" сериалы

Бүгүн биз жеңил ошол эле учурда жүрөккө жете турган сериал тууралуу сөз кылалы дедик. Үй-бүлөлүк баалуулуктардын бардык топтомун дал ушул тасмадан табасыз. 2015-жылдын аягы 2016-жылдын башында экранга чыккан дорама азыркы күнгө чейин эң жогорку рейтингдеги сериалдардын катарынан орун бошотпой келет. «1988ге жооп» же болбосо «1988ге кайтып баруу» дорамасы эмнеси менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алды? Жоопту бүгүнкү макаладан табасыз.

Чыккан жылы: 2015-2016-жыл

Өлкө: Түштүк Корея

Кайсы канал тарткан: tvN

Жанры: мелодрама, комедия

Канча серия: 20 (90 мүнөттөн)

Режиссёру: Шин Вон Хо

Сценаристи: Ли У Жон

Башкы ролдордо: Пак Бо Гом, Ли Хе Ри, Го Гён Пё, Рю Жун Ёль, Ли Дон Хви жана башкалар

3 СЕЗОНДУН ЭҢ ПОПУЛЯРДУУСУ

2012-жылы дорама сүйүүчүлөр үчүн «1997ге жооп» сериалы жарыкка чыккан. Бир жылдан кийин, тагыраагы, 2013-жылы популярдуу сериалдын уландысы тартылып, ал «1994кө жооп» аталышында чыкты. Эки сериалда тең сүйүү, мектеп жашоосу алдыңкы планга чыгып, аталган тасманы көрүүгө ашыккан өспүрүмдөрдүн саны арбын эле. Анткени сериалдарда жаштарды кызыктырган темалар көп болчу.

2015-жыл. Режиссёр Шин Вон Хо көрөрмандарга мурунку 2 сериалдын уландысы катары тартылган «1988ге жооп» дорамасын сунуштады. Аталган сериал мурункуларын популярдуулугу жагынан ат чабым ашып өтүп, кино сынчылардын жогорку баасы, жогорку рейтинг, сериалга тартылган актёрдук курамга ийгилик, наамдарды кошо алып келди.

ЭМОЦИЯГА БАЙ СЕРИАЛ

Атына жараша дорамада 1988-жыл чагылдырылган. Ал жылы Түштүк Кореяда 24-жайкы Олимпиадалык оюндар өткөрүлгөнүнөн кабарыңыз бардыр. Корей эли үчүн экономикалык жактан оор болгон ошол мезгилде Сеулдун бир бурчунда, бир көчөдө жайгашкан 5 үй, анда жашаган 5 үй-бүлө. Бир чоң үй-бүлөгө айланган кошуналардын ар биринин өзүнө тиешелүү маселеси, кубанычы, эскерүүлөрү бар. Бирок баары алдыдагы чоң масштабдуу Олимпиадалык оюндар менен кошо жакшы жашоо келерине үмүт кылып, кыялданышат.

5 кошунанын 5 өспүрүм балдары чогуу мектепке барышат, чогуу сабак окушат, чогуу көңүл ачышат, маселелерди чогуу чечишет. Ошол эле учурда алардын ата-энелери да ынтымактуу. Сериалдын алгачкы 2 бөлүмүндө сүйүү алдыңкы планга чыкса, 3-бөлүмдө үй-бүлө, достук, сүйүү коюн-колтук катарлаш жүрөт. Бир карасаң, баналдуу темалар, бирок көргөн адам эмоцияга балкып, кээ бир мага окшогон ыйлаактар сөзсүз бир сыйра көз жашы кылары бышык.

КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАШООСУНА ОКШОШ УЧУРЛАР КӨП

Байкасаңыз, дорамада кыргыздардын жашоосуна окшош учурлар абдан көп. Аял-күйөөнүн мамилеси, бир туугандардын мамилеси, атасы же энеси жок баланы тарбиялоодогу кыйынчылыктар, үй-бүлөдөгү эненин, атанын орду, байлардын өзүнчө, кедейлердин өзүнчө маселелери, достук, сүйүү, өспүрүм курак жана башка ар бир адамдын жашоосунда кезиккен көз ирмемдер мыкты чагылдырылган. Чынында эле сериалда ар бирибиз балалыкка кайтабыз, жаш-кары дебей өзүбүздү табабыз. Сценаристтин мыктылыгы дейбизби же режиссёрдун тапкычтыгыбы, сериалда юмор дагы жогорку деңгээлде берилген. Ар бир сериясында күлкү жаратуучу көз ирмемдер көп.

Тасмадагы каармандардын курамы да өзгөчө. Айрым дорамалардагы «шаблонго» түшкөн жасалма каармандар жок. Аларды карап отуруп, актёрлорду эмес, өзүңдүн кошуналарыңды көрүп жаткандай болосуң. «1988ге жооп» мына ушундай жандуу сериал. «Миң уккандан бир көрмөк» дегендей, сериалды көрүңүз, жагат деген ишеним чоң.

СЕРИАЛГА КӨРК БЕРГЕН КААРМАНДАР

Док Сон (актриса Ли Хе Ри)

«1988ге жооп» дорамасына көрк берген, көрөрманды күлкүгө бөлөгөн кызыктуу каармандардын бири Док Сон. Жакшы окуу колунан келбейт, үй жумуштарына олдоксон, мунун айынан дайыма эжесинен тил угат, иниси шылдыңдайт. Дайыма кошуна балдар менен чогуу жүргөн, эркек мүнөз кыз чоңоюп, досун жакшы көрүп калат. Биринчи сүйүү, келечекке максат коюу, чоңоюу. Док Сондун жашоосундагы бул кызыктуу этаптардын баарын сериалдан көрөсүз.

Чве Тек (актёр Пак Бо Гом)

Режиссёрдун Чве Тектин ролуна актёр Пак Бо Гомду тандоосу, менимче, идеалдуу чечим болгон. Түнт, көп сүйлөбөгөн, өзүнүн жашоосунда чабак урган каармандын образы Пак Бо Гомго абдан жарашкан. Башында кызыксыз, жоош сезилген каарман бара-бара ачылат. Бадукту мыкты ойногон жигит башында кичинекей көчөнүн гана жылдызы болсо, кийин республикалык сынакта жеңишке жетип, бүткүл Кореянын сыймыгына айланат.

Сон У (актёр Го Гён Пё)

Сон Унун каарманы аркылуу көп нерсени билүүгө болот. Өспүрүмдүн моюнунда үй-бүлө жүгү, апасы, карындашына камкордук кылуу деген максат турат. Башка каармандарга салыштырмалуу Сон У биринчи чоңойгондой, апасынын түйшүгүн биринчи сезгендей сезилет.

Рю Дон Рён (актёр Ли Дон Хви)

Эң позитивдүү каарман. Бийлегенди жакшы көрөт, досторунун маанайын көтөрөт, керек учурда кеңешин, жардамын аябайт. Андагы болгон маселе ата-энесинин көңүл буруусуна, үй-бүлө катары бирге убакыт өткөрүүсүнө муктаж. Ата-энесинин ордун достору менен толтурганга аракет кылат.

Ким Жон Хван (актёр Рю Жун Ёль)

Дал ушул Ким Жон Хвандын ролу аркылуу актёр Рю Жун Ёль Кореяга эле эмес, бүткүл дүйнөгө белгилүү боло алды. Жон Хван эмоциясын көп сыртка чыгара бербейт. Бирок абдан баамчыл, сезимтал бала. Үй-бүлө мүчөлөрү же досторунун эмнеге кыжалат болуп жатканын, кандай маселеге кабылганын илгиртпей сезип, аларга жардам бергенге ашыгат. Жардамды да билгизбей жасайт. Кино каармандар анын жардамын байкабай калышканы менен, анын ак көңүл мүнөзүн көрөрмандар
баалай алышты.

КЫСКАЧА...

1) «1997ге жооп», «1994кө жооп» жана «1988ге жооп» сериалдарынын үчөөнү тең режиссёр Шин Вон Хо тарткан.

2) «1988ге жооп» дорамасын тартуу үчүн 1 жыл даярдык көрүлгөн. Андан кийин тартуу иштери 7 айга созулган.

3) Сериалда баш каармандардын ролун аткарган актёр Рю Жун Ёль менен актриса Ли Хе Ри бири-бирин жактырып калып, кыз-жигит мамилесин 2017-жылы ачыкташкан. Түгөйлөр азыркы учурда абдан бактылуу экенин айтып келишет.

4) Дорамада 1980-жылдары популярдуу болгон ырлардын ремейктери саундтрек катары колдонулган.

5) 2016-жылы «BaekSang Arts Awards» сыйлык тапшыруу аземинде «1988ге жооп» дорамасы үчүн режиссёр Шин Вон Хого «Мыкты телережиссёр» наамы ыйгарылган. Ал эми «Эң мыкты башталгыч телеактёр» номинациясында Рю Жун Ёль жеңүүчү аталган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 932, 15-21-октябрь, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан