KG CLUB ЮМОР КЛУБУ

Күлкү – ден соолуктун мүлкү

Алар – заманбап тамашалар менен корпоративдик кечелердин падышалары. Алар өз мекенине караганда чет жерде популярдуу...
Кеп «KG CLUB» юмор клубу жөнүндө болуп жатат. Аталган клубдун жигиттери бир аз тыныгуудан кийин күйөрмандарын жаңы тамашалары менен кубанта башташты. Анда эмесе кененирээк таанышып коюңуздар: «KG CLUB» юмор клубу жана анын жалындаган жигиттери!

Өлкөсү – Кыргызстан
Негизделген жылы – 2007
Негиздөөчүлөрү – Эльдияр Кененсаров, Алексей Рядовой
Девизи – “Биз дүйнөнү басып алабыз жана өз бийлигибизге баш ийдиребиз!”

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

  • Орусиянын СТС телеканалы уюштурган Улуттар Лигасынын жеңүүчүсү (2008);
  • Орусиялык КВНдин Премьер-Лигасынын жарым финалчысы (2007);
  • Украиналык “Бойцовский клуб” долбоорунун күмүш медалчысы;
  • Михаил Задорновдун Жаңы жылдык концертинин катышуучусу (2009).

ЭЛЬДИЯР КЕНЕНСАРОВ
Туулган жылы – 1984-жыл, 2-апрель
Туулган жери – Фрунзе шаары
Лакап аты – Братан
Жактырган актёру – Андрей Миронов
Хоббиси – Аялзатынын жүрөгүн багындыруу (апасы, аялы, кызы бар)
Фишкасы – Красавчик
Билими – Гламурдук мамилелер факультетин бүтүргөн.
Жеке жетишкендиги – “Булуттардагы жашоо” тасмасында “Эң мыкты эркектин ролу-2018” сыйлыгынын ээси
Үй-бүлөлүк абалы – Император
Жашаган жери – Үй

БЕКЗАТ ПИРМАТОВ
Туулган жылы – 1983-жыл, күз
Туулган жери – Бишкек шаары
Лакап аты – Сакал
Жактырган актёру – Жек Николсон
Хоббиси – Жарганаттарды колго үйрөтүү
Фишкасы – “В смысле?” фразасы
Билими – КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын бүтүргөн.
Жеке жетишкендиги – “Ашыктыктын асманы” тасмасына жана Бактыгүл Бадыеванын клибине тартылган.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок эле
Жашаган жери – Ай

ЭРМЕК КЕНЕНСАРОВ
Туулган жылы – 1988-жыл, 13-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Лакап аты – Мисье Бакыт
Жактырган актёру – Жим Керри, Жонни Депп
Хоббиси – Агасы Эльдияр багынткан жүрөктөрдү багынтуу
Фишкасы – Жөнөкөйлүк
Билими – Кызыл-Аскер университетинин чыр-чатактарды сака менен чечүү бөлүмүндө окуйт.
Жеке жетишкендиги – Нарында мода жумалыгын алпарган, Тимбэлендге музыка жазат.
Үй-бүлөлүк абалы – Диванда жатат
Жашаган жери – Мой адрес – не дом, не улица, мой дом – Советский Союз

РОСТИСЛАВ ЯЩЕНКО
Туулган жылы – 1988-жыл, 27-февраль
Туулган жери – Бишкек
Лакап аты – Батарейка
Жактырган алпаруучусу – Иван Ургант
Фишкасы – Башкаларга энергия берүү
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун жана Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти
Жеке жетишкендиги – Бек Борбиевдин клибине тартылган, Нарын ТВда “Стилдүү Кыргызстан” телеберүүсүн алпарган.
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү
Жашаган жери – Сүйүктүү Бишкек шары

АСХАТ ТАБАЛДИЕВ
Туулган жылы – 1986-жыл, 18-август
Туулган жери – Ысык-Көл району, Тамчы айылы
Лакап аты – Митхун Чакраборти
Жактырган актёру – Жим Керри
Хоббиси – Ысык-Көлдө үйлөрдү куруу
Фишкасы – Көздөрүнүн ортосундагы калы
Билими – Туризм академиясын бүтүргөн.
Жеке жетишкендиги – Орусиялык “Аншлаг” телеберүүсүнө катышкан.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок, 3 аялы бар
Жашаган жери – Арча-Бешик

ВЛАДИМИР БАБУРИН
Туулган жылы – 1986-жыл, 17-апрель
Туулган жери – Ясный шаары (Оренбург облусу)
Лакап аты – Боб Питерский
Жактырган актёру – Бекзат Пирматов
Хоббиси – Алиппени кайра- кайра окуу
Фишкасы – Клубдун эң орусу
Билими – Туризм академиясын бүтүргөн.
Өзүндө баалаган сапаты – Жоопкерчиликтүү жана тамашакөй
Жеке жетишкендиги – “Чүй-Токмок мырзасы-2005” сынагынын жеңүүчүсү
Үй-бүлөлүк абалы – Көңүлдүү

САЛАМАТ АЛИЕВ
Туулган жылы – 1985-жыл, 7-октябрь
Туулган жери – Кемин району, Жол-Булак айылы
Лакап аты – Сэм
Жактырган актёру – Жонни Депп
Фишкасы – “Илибой” адамды күлдүрө алат
Билими – КМКТАУнун күлкүлүү үйлөрдү куруу бөлүмүн бүтүргөн.
Жеке жетишкендиги – Таш-Көмүрдө өткөн “Шахтёр”-“Дордой” футбол беттешин баяндаган.
Үй-бүлөлүк абалы – Режим ожидания
Жашаган жери – Жылуу аймактар

РУСЛАН ХАЛМУРЗИН
Туулган жылы – 1989-жыл, 26-июль
Туулган жери – Бишкек шаары
Лакап аты – Татарин
Жактырган актёру – Андрей Миронов, Жорж Клуни
Хоббиси – “Love is...” сагызынын фантиктерин чогултуу
Фишкасы – 32 сантиметр
Билими – КУУнун алдындагы Кыргыз-Кытай институтунун студенти
Жеке жетишкендиги – Нурлан Мотуевге текст жазып берет.
Үй-бүлөлүк абалы – Кудайга шүгүр, бойдок

ДАНИЯР БОЛОТБЕКОВ
Туулган жылы – 1987-жыл, 10-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары, №1-төрөт үйү
Лакап аты – Каман
Жактырган актёру – Эштон Катчер
Хоббиси – Бирөөлөрдүн жинине тийүү
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөн
Жеке жетишкендиги – “Титаник” тасмасында 4-куткаруу кайыгына түшүп, аман калган.
Үй-бүлөлүк абалы – Жарым үйлөнгөн
Жашаган жери – Бишкек шаары, Восток-6


ТАМАШАЛАРЫНАН:

Кыргызстанда костюмчан түшкөн мыкты сүрөтү бар каалаган киши депутат боло алат.

Кыргызстандыктардын жашоосун оңдоо боюнча «KG CLUB» клубу төмөнкүлөрдү сунуштайт:

Эң оболу депутаттардын санын 5 миллионго чейин жеткирүү керек. Болгону, ушул.

Баары бактылуу, баары депутат. Жана ар биринде бирден Тойота. Жарыя! “Ата” кондитердик фабрикасынын өнүгүшү үчүн тезинен апа керек.

Уламыш боюнча, Адам менен Ева бейиштен куулганда Кыргызстанда адамдын саны 2ге азайган.

Кечээ Бишкекте милициянын кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү баңгизаттар колго түшүрүлгөн. Ошол кызматкерлердин дайынын билгендер болсо, жакынкы милиция бөлүмүнө кабар берип коюуңуздарды суранабыз.

Батыштын эксперттери эсептеп чыгышты. Көрсө, Кыргызстанда саясий партиялардын саны калктын санынан 1,5 эсеге көп экен.

«KG CLUB» юмор клубунун тамашалуу видеороликтерин www.super.kg сайтындагы медиа-порталдан көрө аласыздар.

Базарбек Абдураимов
tamasha@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
milli
2010-10-02 21:05:49
Salamat krasavchik!!!
0
munara
2010-10-04 13:54:48
жакшы.
0
Kiza
2010-10-04 21:54:33
СЭМ, ты супер. Бекзат красавчик!!! Силерге эч ким жетпейт!
0
Sladko
2010-10-04 22:26:52
Лига нацийде сонун выступать этишкен!!! Алга красавчики!!! Кудайым силерди колдосун!!!! Силер менен сыймыктанам.
0
kyzgaldak
2010-10-07 08:28:03
Krasav4iki! Ya gorjus 4to u nas est takie parni!
0
bars
2010-10-08 13:59:38
Bekzat jasha! yrakmat silerge.
0
mad
2010-11-25 17:27:48
Molodzy parni,vy vse krasavzy!!!
0
№ 413, 1-7-октябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан